АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН МУРАСЫ ЖЕ АЛТЫ ЖЫЛДАГЫ АЛДЫГА КАДАМДАР

Президент Алмазбек Атамбаевдин өлкө башына келген мөөнөтү аяктап баратат. Эми 15-октябрда Кыргызстандын жаңы президентин шайлайбыз. Ар кимибиздин көңүлүбүздө «Ушул аралыкта мамлекетибиз алдыга кеттиби же ордунда жер таптап жатабы?» деген суроо турганы шексиз. Жооп издеп көрөлү.

ӨЛКӨНҮН ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫН КАМСЫЗДАДЫ

Кайсы гана мамлекет болбосун, анын бүгүнкүсүнө гана кызмат кылбастан, келечектеги саясий-экономикалык көз карандысыздыгын камсыздаган ири долбоорлор ишке ашып жатса, демек, ошол өлкөдө өнүгүү болуп жатканынан кабар берет. Ушул жагынан алганда алты жыл аралыгында баса көрсөтүп айта турган иш – 2015-жылдын 31-августунда «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы ток өткөрүүчү чубалгысынын (узундугу 405 чакырым) жана кубаттуулугу 500 кВт «Кемин» подстанциясынын ишке кириши болду. Бир сөз менен айтканда, бүгүнкү күндө Кыргызстан өз алдынча энергетика шакекчесине же толук энергетикалык көз карандысыздыкка ээ.
Ага чейин Кыргызстан СССР заманынан мураска калган «Орто Азия энергетикалык шакекчесинин» азабын жакшы эле тартты. Токтогул ГЭСи баштаган Кыргызстандын каскаддары өндүргөн электр энергиясы Ташкент аркылуу айланып отуруп бизге жетиши азап эле. Коңшу өлкөлөр ар кандай учурда, ар кандай себептерге таяп өчүрүп койгон же жетишсиз деңгээлде үлпүлдөгөн жарык берген күндөрдү баштан өткөрүп, өзүбүз өндүргөн энергияга колубуз жетпей келген. Калкыбыз кара чырак менен отуруп калган мындай күндөр мамлекеттин саясий-экономикалык коопсуздугу камсыз болбогон күндөр болчу.
Кыргызстан Орто Азияда суу ресурсу жагынан Тажикстандан кийинки орунда. Бул мүмкүнчүлүктү жакшы билген Союз мезгилинде бир гана Нарын дарыясы боюнча 19 ГЭС каскаддары курулмак. Союз тарап кетип, мүмкүнчүлүктөр бир гана өзүбүздүн колубузда калды. Учурда Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу башталды. Бишкек ЖЭБсын, Токтогул жана Ат-Башы ГЭСтерин реконструкциялоо жүрүп жатат. Кыргызстан эми дүйнөлүк «CASA-1000» долбоору аркылуу энергетика экспорттоого жарап калды.
«Бул иштер эмне үчүн мурунку президенттердин тушунда жасалган эмес?» деген суроо жаралат. Акаев, Бакиев заманы элден мурда жеке кызыкчылыктарды ойлогон режимдин күндөрү болду. Энергетика тармагынан байлык топтогондор көп эле. Акыры Бакиев бийлигинин түбүнө да калкты карайлаткан дал ушул энергетиканын тарифине байланышкан саясаты жетти.
Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу жөнүндө сөз болгондо көгүлтүр от тармагын айтпай кетүүгө болбойт. Буга чейин газ көбүнчө Өзбекстандан, анча-мынчасы Казакстандан алынып келген. Кыштын кыраан чилдесинде газ бербей койгон коңшулардын кысымы эстен чыга элек. А.Атамбаевдин алты жыл мамлекет башкаруусундагы дагы бир чоң жетишкендик дал ушул күйүүчү газ көйгөйүнүн чечилиши болду. Өркүндөтүүгө миллиондогон долларды талап кылган, ички-тышкы саясий тирешүүлөргө жем таштаган өлкөбүздүн газ тармагына Орусиянын «Газпром» компаниясы 45 миллиард сомдук (758 миллион доллар) инвестиция салмакчы болуп, тармакты кайрадан куруп баштады. Компания 2030-жылга чейин Кыргызстанды дээрлик газ менен камсыз кылабыз деген амбициялуу максаттарынын үстүндө иш жүргүзүүдө.
Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо президент
А.Атамбаевдин өлкө тарыхындагы бараандуу салымы экендиги тууралуу дагы далай айтылат. Белгилей кетүүчү нерсе, бул багыттагы анын саясаты үзгүлтүксүз уланышы керек. Анткени мүмкүнчүлүгү пайдаланылбай жаткан Сары-Жаз, Каркыра, Көкөмерен, Түп, Суусамыр, Каракол өңдүү ондогон, жүздөгөн чоң дарыялар, ички суулар бар. Аларга чакан ГЭСтерди куруу, ал тургай шамал, күндүн энергиясы өңдүү альтернативдүү энергия булактарын ишке киргизүү, түпкүлүгүндө бир кезде өз энергиясы өзүнө жетпеген Кыргызстанды Орто Азиядагы эң ири энергоэкспорттоочуга айландыруу стратегиялык багыт болуп калуусу керек.

ЕВРАЗЭСТИН ЭШИГИН АЧЫП БЕРДИ

Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы жумушсуздук, өлкөбүздөгү саясий-экономикалык туруксуздук жүз миңдеген эмгек мигранттарын пайда кылып, алар бизге караганда экономикасы бараандуу Орусия, Казакстанды беттеп жөнөп беришкен. Бул агым бүгүн да токтой элек. Расмий маалыматтарга таянсак, бир гана Орусияда 752 миң кыргыз мигранттары иштеп-жашап жатышат. Расмий эмес маалыматтар боюнча, алардын саны 1,5 миллионго жакын деп эсептелинет.
Бир кезде биздин мигранттарыбыздын ишке орношуу, медициналык жардам алуу, каттоого туруу өңдүү көптөгөн маселелерде укугу чектелүү эле. Президент А.Атамбаев бул маселени
ЕврАзЭС уюмуна мүчө болуп кирүү аркылуу чечүүнү көздөдү. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өз маегинде билдирди. «ЕврАзЭСке кирүү менен Орусияда иштеп жаткан жарандарыбыздын ошол мамлекеттин жарандарындай эле тең укукта болуп жатканы – эң чоң жетишкендик. Экинчи эң чоң жетишкендик – Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун 1 миллиард доллар менен ишке кириши. Ошол фонддон 753 долбоорго 246 миллион доллар кредит берилди»,- деди өкмөт башчысы.
Аныгында ЕврАзЭСке кирүү менен Кыргызстан «эки коён атты». Биринчиси – өкмөт башчы белгилегендей, эмгек мигранттардын укугу узарды. Экинчиси – Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаты менен ишкерлерди колдоо аркылуу экономиканы бир кыйла көтөрүп алууга шарт түзүлдү.

АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ ТҮНДҮК-ТҮШТҮК ЖОЛУНУН БАШТООЧУСУ

Кыргызстандын жалпы аймагынын 95 пайызын тоолор түзөт. Андыктан бардык кыймылыбыз автоунаа каражаттарына байланышкан. Ага жараша жолдор өлкөбүздүн кан тамыры, экономикабыздын таянычы. Фактыга кайрылсак, Кыргызстандагы жолдордун жалпы узундугу 34 миң чакырымды түзөт. Анын ичинде 19 миң чакырымы жалпы пайдалануудагы жолдорго кирет. Жалпы деп айтылганы менен, булар стратегиялык маанидеги жолдор. Өлкөбүзгө кирип-чыгып жаткан оор жүктөр, негизги ички-сырткы каттамдар ушул жолдор аркылуу өтөт. Алар дайыма оңдоп-түзөөгө муктаж. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 4594 чакырым жол калыбына келтирилиши керек. Ушул тапта Бишкек–Кара-Балта, Жалал-Абад–Маданият, Ош–Баткен–Исфана жолдору курулууда. Ал эми Бишкек–Ош автомагистралы республикабыздын түндүк-түштүгүн байланыштырган жападан жалгыз жол.
Ушундан улам президент А.Атамбаевдин альтернативдүү түндүк-түштүк жолунун курулушун баштап бергендиги, анын муундардан муундарга кызмат кылуучу дагы бир мурасы болуп калары шексиз. Бишкек–Ош жол каттамын алты саатка кыскарткан, узундугу 423 чакырым бул жол 2019-жылы пайдаланууга берилмекчи.

ӨЛКӨБҮЗГӨ ЖАҢЫ ШАЙЛОО СИСТЕМИ КИРГИЗИЛДИ

Кыргызстан – биометрикалык жол менен шайлоого өткөн Орто Азиядагы жалгыз өлкө. Буга чейин мамлекетибиздин колу-бутун тушаган, ар кандай ички тирешүүлөргө алып келген, качкын президенттер өздөрүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн жыйынтыгын каалагандай калчап келген нерсе шайлоо системи болчу.
Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча, бийлик элге таандык. Ал эми эл бийлигин камсыз кылууда шайлоолордун канчалык мааниси бар экендиги айтпасак да түшүнүктүү. Өлкөбүз бул багытта чукул секирик жасады. Буга 2015-жылдын 4-октябрында өткөрүлгөн парламенттик шайлоону мисалга келтирсек жарашат. Биометрикалык жол менен өткөрүлгөн бул шайлоо Кыргызстандын соңку тарыхына эң таза өткөрүлгөн шайлоо катары кирип, мамлекетибиздин шайлоо системи мындан ары жаңы жолго түшкөнүн тастыктады. Байкоочу катары дүйнөнүн 39 мамлекетинен жана 40 эл аралык уюмдардан келген 700гө жакын байкоочулар оң баасын берип кетиши өлкө үчүн, албетте, сыймык.
Алдыда президенттик шайлоо. Бул жолу да Кыргызстанда таза шайлоо өтүүсү зарыл. Өлкөгө жаңы шайлоо системин киргизип, калыптандырган президент А.Атамбаевдин бул эмгеги да тарыхый баасын алары күмөнсүз.

ЕврАзЭСке киргенден кийин кыргыз мигранттарынын укугу кыйла кеңейди.

Бишкек-Ош жолун 6 саатка кыскартчу альтернативдүү жол 2019-жылы колдонууга берилет.

Кыргызстан эми энергетика экспорттоого жарап калды.

Биз биометрикалык жол менен шайлоо өткөргөн Орто Азиядагы жалгыз өлкөбүз.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан