Адатта балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн көбүнүн келечек жолу татаал келет. Чөнтөгүндө бир тыйыны жок, курсагын тойгузууга шарты жок өспүрүмдүн өз алдынча жашоого аттануусу кыйын. Каарманыбыз Кайрат Омурбек уулу бул татаал тагдырдан өз ордун табууга, өз күчү менен жогорку билимдүү болууга жетишкен. Каарманыбыз балдар үйүндөгү жана андан кийинки жашоосу тууралуу кеп салат.
«АТА-ЭНЕМ БОЛСО ДЕЛЕ БАЗАРДА АРАБА СҮЙРӨМӨКМҮН ДЕП ОЙЛОЙМ»
– Мени төрөлгөндө эле балдар үйүнө таштап кетишиптир. Ата-энем кедей адамдар болушса керек. Болбосо эмнеге өз баласын таштап кетмек эле? Ата-энем менен жашаганда деле базарда араба сүйрөп балалыгым өтмөк болушу керек. Алардын жок экендигине көп кайгырбайм. Бирок кээде жөн гана жолугуп, алардын көзүнө карап суроолорума жооп алгым келет. Айрыкча, өспүрүм куракта «эмнеге таштап кетишкен? Эмнеге башка балдардын телегейи тегиз, менин жашоом ушундай?» деп нааразы болчумун. Жашоом башкача болгондо, жакшы мектептерде окуп, мындан бийик ийгиликтерди жаратмакмын деп ойлойм.
«АЧКАЛЫК КАЙЫР СУРАГАНГА ЖЕТКИРЧҮ»
– Балдар үйүндө жашоо кыйын. Тамак тууралуу айтсам, эртең мененки тамакка манна боткосу, чай жана бир кесим нан беришчү. Бирок бул ботко сиз ойлогондой даамдуу жана сүт менен эмес. Сүт дээрлик жокко эсе, сууга бышкандай. Андан жүрөгүбүз айланып эч ким жечү эмес. Түшкүгө биринчи, экинчи тамак, чай жана бир кесим нан. Бул тамактар кээде гана даамдуу болчу. Айрым учурда курттар чыкчу, кээде эт же нандар эскирип кеткен болот. Кечки тамакка шорпо, чай жана бир кесим нан, жатарда бир кесим нан менен чай иччүбүз. Аябай ачка болчубуз. Ошондуктан арабызда кайыр сурагандар болор эле. Айрым учурда чет жерликтер тамак-аш, таттууларды көтөрүп келишчү. Ал учур чыныгы майрам болор эле. Бир ирет мамлекеттик тиешелүү органдар текшерип келишкенде, биздин кампадан чычкандар чыгып, ашкана санитардык талаптарга жооп бербей, ашпозчубуз жумуштан кеткен. Андан кийин тамактар жакшырып, көптөн жеп, курсагыбыз тоюп калганына сүйүнгөнбүз.
7-классымда бир кемпир мени багып алган эле. Ал мени баласы катары эмес, кызматчы кылып алгысы келген. Мектепке барбай, анын малдарын багып, жумушун кылып беришим керек болчу. Жатарда ашканага төшөк салып берчү. Андай жашоону каалаган жокмун, окугум келчү. Бир айдан кийин баш тартып кетип калгам. Ошондон кийин багып алам дегендердин эч кимисине макул болгон жокмун.
Мени баары бандит болот деп ойлошкон. Бизден мурунку жылы бүтүргөндөрдүн баары абакта отурушат же отуруп чыгышты. Алардын жашоосун көрүп, «мен башкача адам болом» деп өзүмө сөз бергем. Кийин жогорку билимге ээ болуп, жакшы компанияларда иштеп мугалимдеримди таң калтырдым. Учурда бир компанияда IT-кызматкеримин, айына 500 доллар табам. «Google» компаниясында иштөөнү кыялданам. Батир алып, материалдык жактан өзүмдү камсыздоого жетишсем дейм.
«ЖЕТИМДЕРДИН КЕЛЕЧЕГИН ТҮЗҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРГИМ КЕЛЕТ»
– Алгач балдар үйүнөн кеткенде аябай кыйын болгон. Бир тыйыным жок, кайда барарымды да билбейм. «Кантип курсагымды тойгузам?» деп гана ойлонгом. Негизи Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 44-беренесинде жетим балдарга турак жайлар кезексиз берилет деп жазылган. Бирок ага эч ким көңүл бурбайт.
Жүрүм-туруму жакшы балдарды диний ишенимге негизделген топтор алып кетишчү. Бул балдар алардын батирлеринде 3 жылдай жашап, окуй алышат эле. Мен бейбаш болгондуктан эч ким албай койгон. Директор бир таанышына сүйлөшүп жата турчу жер таап берген. Дагы жакшы, айына 1500 сом жөлөк пул берилчү, ошол акчага жашадым. Аны бир жыл алгандан кийин өз күчүм менен жашайм деп андан баш тарткам. Ал учурда эмерек жасап иштеп баштагам. Мени менен 40 жаштан ашып калгандар иштешчү. Алар жашоодо эч нерсеге жетишкен эмес. Үйлөнгөн, балдары бар, бирок дагы эле батирлеп жашап, акчаны күнүмдүк турмушуна араң жеткиришет. Мен алардай болгум келбейт.
Алина Касенова деген эженин жардамы менен гранттык негизде Борбор Азиядагы эл аралык университетке тапшырып, жогорку билимдүү болдум. Классымдан мен гана жогорку билимге ээ боло алдым. ЖОЖдо окусам эле билимим кеңейип, көп жолдор ачылат деп ойлочумун, бардыгы адамдын өз аракетинен көз каранды экен.
Мен жетимчилик, балдар үйүндөгү жашоо кандай экенин билем. Ошондуктан ал балдарга жардам, мотивация абадай керек экенин түшүнөм. Белек көтөрүп барып эркелетип отуруш менин мүнөзүм эмес. Аларга келечегин курууга себепчи боло тургандай жардам көрсөткүм келет. Пикирлештерим менен чогуу жетимдерге жардам берүү үчүн сайт ачканбыз. Башка да пландарыбыз бар.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg