Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «СТАМБУЛДА МАНАСТЫН АЙКЕЛИНИН КОЮЛУШУ – ТҮРК ЭЛИНИН КЫРГЫЗДЫН ТАРЫХЫНА, МАДАНИЯТЫНА БОЛГОН ТЕРЕҢ СЫЙ-УРМАТЫ»

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапарында Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун түрдүү жагдайларын талкуулашты. Ошондой аталган өлкөдөгү Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу маалымат каражаттарында кеңири сөз болгондуктан, биз Кыргызстан үчүн маанилүү окуя болгон, Түркияда Манастын эстелигинин ачылышы жана эпостун Сагынбай Орозбаковдун вариантынын түрк тилине которулушу тууралуу сөз кылабыз.

Сооронбай Жээнбеков: «МАНАС» – ЖАЛПЫ ТҮРК ЭЛИНИН МАДАНИЙ БААЛУУЛУГУ»

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Түркияга иш сапарынын алкагында Стамбул шаарынын «Эюп» сейил багына коюлган Манастын эстелигин ачып келди. Бул өлкөбүздүн маданиятындагы орчундуу окуя катары кабыл алынып, коомчулуктун жылуу маанайын пайда кылды. «Сиздин Түркияга болгон сапарыңыздын алкагында Стамбул шаарында «Манас» эпосунун каарманына эстелик ачылып жатканы кубандырат. Бул жалпы түрк элинин маданий баалуулугу»,- деди Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым.
Айкөл Манастын эстелиги буга чейин чет өлкөлөрдүн ичинен Орусияда гана коюлганы белгилүү. Ал эми түрк элдеринин ичинен алгачкылардан болуп Түркияда коюлуп жатат. Негизи Манастын эстелиги Түркиянын кыргыз тарыхына, маданиятына арнаган үчүнчү чоң көңүл буруусу экени талашсыз. Сооронбай Жээнбеков дал ушул жагдайга токтолду. Анын айтымында, эки элдин бир туугандыгын даңазалап, кыргыздын Манасына арналган айкелдин Стамбул шаарында орнотулушу кыргыз эли үчүн чоң сыймык. «Биз түрк эли кыргыздын тарыхына, маданиятына терең сый менен мамиле кыларына ыраазычылык билдиребиз. Эки элдин ынтымагы карт тарыхтын барактарында сакталып калган. Түрк эли бир нече жолу кыргыздарга арналган эстеликтерди ачкан. Биринчиси – Изник шаарындагы кыргыздардын күмбөзү болсо, экинчиси – Элазык шаарындагы кичи районго кыргыз элинин атактуу уулу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилгендиги болгон. Эми минтип Стамбул шаарында Айкөл Манастын эстелиги коюлду»,- деди өкмөт башчысы.
Бир аз артка чегинсек, 13-кылымда Никея шаарын (азыркы Изник шаары) алууда султан Осмон Гази 20 миңден ашуун жоокерин жоготкону менен, максатына жете албаган. Ошондо кыргыздар жардамга барып, шаарды алышат. Түрктөр бул жакшылыкты унутушкан эмес. Шаарды алууда курман болгон кыргыздардын урматына «Кыргызлар Тюрбеси» деп аталган мазар эстелик коюшкан. Ал эми Чыңгыз Айтматовго келсек, ал бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн дөөлөтү. Эми Түркияда кыргыз сыймыгынын туу чокусу – Манастын эстелиги бар.

Кадыр Топбаш, Стамбул шаарынын мэри: «БИЗ АЙКӨЛ МАНАСТЫН ЭСТЕЛИГИ ҮЧҮН ШААРДЫН ЭҢ КӨРҮНҮКТҮҮ ЖЕРИН ТАНДАП АЛДЫК»

«Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов айткандай, «Манас» – байыркы кыргыз рухунун туу чокусу. Элдик оозеки чыгармалардын ичинен көлөмү жагынан дүйнөдө теңдеши жок чыгарма, жарым миллиондон ашык саптан турган «Манас» эпосу жалпы дүйнөлүк адабияттын казынасы үчүн баа жеткис кенч. Эпосто кыргыз элинин жоокердик турмушу кеңири чагылдырылган. Манас эпосу – биздин тагдырыбыз, улуу тарыхыбыз. Манас – кыргыздын майтарылгыс руху»,- деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Кыргыздар Манасты кандай урматташса, аны өздөрүндөй түшүнгөн, баалаган элдерди ошончолук сыйлаары белгилүү. Бул дагы ынтымак-ырашкерликтин, мамлекеттер аралык мамиленин чыңдалышына зор өбөлгө. Ал эми премьер-министрдин белгилешинче, Стамбул шаарында орнотулган Айкөл Манастын айкели түрк тилдүү элдердин биримдигинин символу болуп, эки элдин ынтымагын бүт дүйнөгө даңазалайт. «Келечекте Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы мындан ары да бекемделип, жогорку деңгээлге жетерине ишенем. Кечээ биз Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен эки тараптуу өнөктөштүк тармагындагы кеңири маселелерди талкууладык. Бүгүнкү иш-чара эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык багытта өнүгүүгө жакшы дем берип, достуктун символу болуп калат»,- деди өкмөт башчысы.
Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Президенти жана өкмөтүнүн атынан Түркия бийлигине Стамбул шаарына Манастын айкелин тургузууга мүмкүндүк бергени үчүн терең ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, Стамбул шаарынын муниципалдык бийлигинин уруксаты менен Манастын айкели Эюп районундагы сейил бактын көрүнүктүү жерине коюлду. «Манас» эпосун дүйнө жүзү билет. Бул жер шаардыктардын гана эмес, туристтердин да сүйүктүү жайы болуп калат»,- деп билдирди Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбаш.
Эстеликти скульптор Саадабек Ажиев жасаган. Бийиктиги – 15 метр. Коло менен жезден жасалган. «Башка эстеликтерге салыштырмалуу Манастын эстелигин жасоо абдан кыйын. Аты чоң, чабандеси кичирээк же өзү чоң, аты кичирээк болуп калса Манаска жарашпайт. Биз атын да, өзүн да зор кылып айкалыштыра жасап, жолун таптык»,- деди ал.

Сооронбай Жээнбеков: «САГЫНБАЙДЫН «МАНАСЫ» ТҮРК ТИЛИНЕ КОТОРУЛДУ»

Түркиядагы Манаска байланышкан дагы бир маанилүү окуя – Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы эпостун түрк тилиндеги котормосунун бет ачары болду. Бул катардагы маалымат эмес, маданиятыбыздагы көңүл көтөргөн кубанычтуу көрүнүш. Быйыл улуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгы белгиленет. Түркия тарап «бул эмгек ушул датага арналып чыгарылды» деп жатканы да биз үчүн сыймык. Эпосту түрк тилине Абдрасул Исаков, Бакыт Сагынбеков, Гүлдана Мурзакулова, Мирланбек Нурматов, Нажийе Ата Йылдыз 8 айда которуп чыгышкан. Котормо 1840 барактан турат.
«Эпостор улуттун жашоосун чагылдырууда эң маанилүү чыгармалар болуп саналат. Бүгүн биз көз карандысыз, эркин кыргыздар жөнүндө кеп козгосок, анда аларды маңдайыбызда көрүп жаткан болобуз. Ошончо кылымдардан бери тарыхый окуяларды бизге чагылдырган дүйнө жүзүндө «Манас» эпосу сыяктуу башка эч бир эпос жок. «Манас» – тарыхта изи калган, калбаган бардык түрктөрдүн символу. Мен Кыргызстан менен дос эмес, тууганбыз деп билем. Ошондуктан биздин дагы эпос деп эсептейм»,- деди котормочу, профессор Нажийе Ата Йылдыз.
Сагынбайдын вариантынын түрк тилиндеги котормосунун бет ачар салтанатында «Мен эпостун түрк тилине которулганына кубанычтамын. Стамбул – цивилизациялардын бешиги. Биздин шаарда Манастын эстелиги коюлганына сыймыктанабыз. «Манас» эпосу – бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн мурасы» деди Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбаш.
Ал премьер-министр Сооронбай Жээнбековго жумушчу иш сапарынын алкагында бул даңазалуу окуяга катышканына ыраазычылык билдирди.
Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков «Манас» эпосунда түрк элдеринин тыгыз байланышы баяндаларын, ал дүйнөнүн негизги тилдерине, анын ичинде орус, кытай, англис, француз, япон, фарсы жана башка тилдерге которулганын айтып, "эми минтип түрк тилинде чыгып жатканы эки элдин ортосундагы байланышты дагы да бекемдейт" деди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбашка эпостун которулган вариантынын бир нускасын тапшырды, дагы бир нускасы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга берип коюу үчүн Стамбулдун мэрине берилди.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан