ТҮСТҮҮ ПЛИТА ЖАНА САЙДИНГ. ФАСАД ҮЧҮН КӨРК ЖАНА САПАТ


Бул саныбызда үйдүн сыртын, фасадын заманбап каражат менен жасалгалоо тууралуу улантабыз. Ар түрдүү турак жайдын фасадына түстүү плита жана сайдинг ылайыктуу каражаттардын катарында. «Кант ТШП» заводунан чыгарылган түстүү фасаддык плита вентиляциясы бар турак жайга керектелсе, фиброцементтүү сайдинг жеке үйлөргө ыңгайлуу.

САЙДИНГДИН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

«Кант ТШПнын» заманбап технологиялардын жардамы менен чыгарылган фиброцементүү сайдинги жогорку талапка жооп берген курамынын негизинде ар түрдүү атмосфералык жана жаратылыш кубулуштарына туруктуу. Ал суукка, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө, көгөрүүгө, күн нурларына жана абадагы ар кайсы зыяндуу заттарга чыдамдуу. Аталган сайдинг ным өткөрбөгөндөн тышкары үндөрдү обочолонтуу касиетке ээ. Механикалык бузулуу, ийилүү жана кысууга бекем келет, аба ырайынын температурасы өзгөргөндө да туруктуу абалын жоготпойт. Антисептик менен тазалоо керек эмес, сайдингге курт-кумурска жана кемирүүчү жаныбарлар зыян келтирбейт. Курамында цемент-була каражаттары болгондуктан өрт үчүн да коопсуз. Сайдингди кесүү оңой, андыктан аны орнотуу да жеңил болот. Баса белгилеп кетсек, аталган каражат экологиялык жактан таза. Жасалгалоо каражаттан тышкары имараттын сыртын кооздоп, күн, шамал, жаан, кардан коргоочу боло алат. Оңдоп-түзөө, алмаштыруу иштерисиз баштапкы көрүнүшүн узак убакытка чейин сактай алат. Сырдай турган боёктун туруктуулук кепилдиги 10 жыл, ал эми фиброцементтүү сайдингдин кепилдиги 30-50 жылга чейин.

ФИБРОЦЕМЕНТТҮҮ САЙДИНГДИН КУРАМЫ
САЙДИНГДИ ЧЫГАРУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫ:

«Кант ТШП» сайдингинин чыгаруу технологиясы бардыгы автоматташтырылган, мындан улам жогорку сапаттагы жана бекем каражат жасалат.

ДАЯР КАРАЖАТТЫ ТЕКШЕРҮҮ

Чыгарылган даяр каражат бир канча тепкичте текшерүү иштеринен өтөт. Атайын аккредитация алган лаборатория ар бир жасалган партияны мамлекеттик стандартка ылайык дыкаттык менен текшерүүдөн өткөрөт.
Сайдингдин үстү эки түрдө чыгарылат: түз жана жыгачка ылайыкташтырылган. Ар бир кардар өзүнө ылайык келген дизайнына жараша тандай алат.
Сайдинг бир канча түстө чыгарылат: боз, күрөң, саргыч.

ФАСАДДЫК ПЛИТА
БАШКЫ АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

Фиброцементтүү фасаддык плиталар курулуш каражаттардын арасынан өзгөчө жана дүйнө жүзү боюнча аналогу жок каражат. Цемент, целлюлоза жана минералдык кошулмалар сыяктуу жаратылыш ресурстарынан жасалып, экологиялык жактан таза.
Курулушта бул плиталарды колдонуу сапаттуу жана иш ылдам бүтөт. Суукка туруктуу, суу өткөрбөйт, ийүүгө бекем, аба ырайынын өзгөрүүсүнө, ар кандай урууларга туруктуу, күйбөйт жана экологиялык жактан таза болгондугу менен бул плиталар жогорку сапаттагы каражаттардын катарына кирет.
Көпчүлүк архитекторлор фасаддын долбоорлорун түзүүдө фибро-плиталар оңтойлуу чечим экендигин белгилешет.

  • Жогорку деңгээлде отко туруктуу
  • 100 пайыз зыяндуу курт-кумурскалардан коргойт
  • Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө туруктуу
  • Үн өткөрбөөсү өтө жогору
  • Жайында жылуулукту өткөрбөй, салкынды сактайт. Кышында, тескерисинче, суукту тосуп, жылуулукту кармайт.


Фиброцементтүү сайдинг менен фасаддык плиталарга КазНИИС (Казак илимий-иликтөө жана курулуш, архитектура долбоордук институту) атайын сыноолорду жүргүзгөн. Анда бул каражаттардын бекемдигин 7-10 баллдык жер титирөөнүн таасиринде текшергенде ийгиликтүү өткөн. Күчтүү делген 9-10 баллдык титирөөлөрдүн таасиринде да плита менен сайдинг жарака кетип же сынган эмес.

КАЙДАН САТЫП АЛСА БОЛОТ?
БИШКЕКТЕГИ ФИРМАЛЫК МАГАЗИН:
«АЮ Grand Comfort» соода борбору, бутик А-130
Сатуу жана маркетинг бөлүмү:
«Кант ТШП» ЖЧК, Кыргыз Республикасы, Кант шаары,
Чыгыш промзона.
Тел.: +996 312 616 993
Тел.: +996 701 021 062
sales@kantslate.kg
marketing@kantslate.kg
www.kantslate.kg

ФИЛИАЛДАР:
Ош ш.
Тел.: +996 701 88 44 74
Жалал-Абад ш.
Тел.: +996 779 68 33 50
Алматы ш.
Тел.: +7 701 203 09 79

ГУМ «ЧЫНАР»

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан