«Style Mix» триосу эми дуэтке айланды. Топтон Талас Амантуровдун кеткени маалым болду. Ырчы жигитти мындай кадамга кандай жагдайлар түрттү деген сурообузга «Style Mix’тин» продюсери Миргүл Эсеналиева: «Бул менин чечимим болду. Себеби Адилет менен Илима жубайлар катары бирин-бири жакшы түшүнүшүп иш алып барышабы деп ойлондум. Ал эми Таласты жеке ырчы катары чыгаргым келип турат. Эки тарапка тең продюсерлик кылуумду улантам»,- деген жообун айтты. Сахнаны жеке ырчы катары багындырууга камынып жаткан Таласка ийгилик каалайбыз!