Аптанын айымы - ЭЛИНА АБАЙ кызы

Жылдыз баян

Кыргыз шоу дүйнөсүндө сүйлөгөн сөзү, өзүн алып жүрүүсү, баскан-турганы менен көпчүлүккө сабак болчудай назик бир кыз бар. Ал – кинодо да, бий дүйнөсүндө да ийгиликтин артынан ийгилик жаратып келе жаткан Элина Абай кызы. Бүгүн бул бийкеч жан дүйнөсүн ачып, биз менен сырдашмакчы.

“КЛАССТАШ БАЛАМ МЕНЕН МУШТАШЫП...”
– Мен аябай эрке болуп чоңойдум. Бала бакчага барарда эжем кийгизген кийимди кийбей, ыйлап жатып, өзүм каалаган көйнөктү кийчү экенмин. Мектепте болсо 7-класска чейин жакшы окудум. 8-класстан кийин өткөөл курак таасир эттиби, айтор, окуудан начарлап кеттим. Өтө тентек, бейбаш болчумун. Кыздар менен урушканым аз келгенсип, балдар менен да мушташып кеткен күндөрүм болгон. Эсимде, Олег деген классташым менен такыр тил табыша алчу эмесмин. Экөөбүз мектептин коридорунда аябай тебишип мушташканбыз. Андай жоруктарым үчүн далай жолу директордун кабинетине кирип жүрдүм. Мени “2ге” окуган кыздардын катарына кошуп коюшкан эле. 9-класста “Боз салкынга” тартыларда директорго барсам: “Сени киного чакырыштыбы? Кантип? Ушул сениби?..”- деп аябай таң калган.

“ЧОҢ САХНАГА КОКУСТАН КЕЛИП КАЛДЫМ”
– Бир күнү курбум филармонияга концертке чакырды. Чынын айтсам, ал жакка концерт көргөнү эмес, элди тамаша кылып, шылдыңдаганы баргам. Ал учурда кыргыз шоу дүйнөсүнө такыр кызыкчу эмесмин. Курбум экөөбүз арткы орунга отуруп алып каткырып, элге жаман көрүндүк. Концертти Эрнест байке «Айыл өкмөтү» тасмасынан кийин уюштурган экен. «Ким азыр жакшы ырдап-бийлеп берсе, менин жаңы тасмама жолдомо алат» деп сынак жарыялап калды. Мен ырдоо керек экенин укпай эле чыгып алыптырмын. Сахнага чыгып бийлеп, орусча ырдап, көрүүчүлөрдүн кол чабуусу менен сынактан утуп, бирок кийинки күнү финалдан өтпөй калдым. Ошондо көрүүчүлөрдүн арасынан бир байке “ушундай кызды кантип албай коёсуңар?..” деп айткан. Эрнест байке талантымды байкап, “Боз салкын” тасмасына роль сунуштады. Ошентип, кино дүйнөсүнө чыйыр алдым.

“МЕН ҮЧҮН КАРЬЕРА БИРИНЧИ ОРУНДА”
– Бийге жаңы барганда эптеп кете албайт дешти окшойт, көп көңүл бөлүшкөн жок. Мурун таэквондого барып жүргөндүктөн, кыймылдар мага жеңилдей туюлду. Кыздар менен бат тил табышканга жетиштим. Аябай тытынып иштедим. Күндө ар башка кызга чалып, “бүгүн сен үйрөтчү” деп жүрүп бий дүйнөсүнө аралаштым. Ошентип, бир жылдын ичинде негизги курамга кирдим. Мен бий, кино дүйнөсүнө бүгүн эле келген жокмун да. Ошондуктан карьера мен үчүн биринчи орунда турат. Эгер менин сүйгөн адамым мага “карьераңды токтот” десе, ал менин канаттарымды кыркып салгандай болот. Анткени бий жана актрисалык кесип – менин жашоом.

“ТАМАК ЖАСАГАНГА КҮЙӨӨГӨ ТИЙГЕНДЕ ДЕЛЕ ЖЕТИШЕМ”
– Негизи, апам аябай мээнеткеч аял. Анча-мынча нерселер оңой менен апамдан артпайт. Менден улуу эжем болгондуктан, ашканага көп киришкен эмесмин. Майда-чүйдөлөрдү жасаганда жардамдашып коёмун, бирок тамак жасаганга жокмун. Анан тамакты дайыма жасап турбасаң, унутуп калат экенсиң. Азыр менде үйдө отуруп тамак жасаганга убакыт да жок. Көбүнчө курбуларым менен кафеден тамактанып алам. Ал эми курут менен таттуудан эч качан баш тартпайм. Канча болсо деле жей берем. Өзүмө да чек койбойм. Буюрса, үйдө отуруп, тамак жасаганга күйөөгө тийгенде деле жетишем, келечек алдыда.

“УЧУРДА КӨҢҮЛҮМӨ ЖАККАН АДАМ БАР”
– Өзүм кичинекей кезимде тентек болгонгобу, эстеп көрсөм, мага кат жазып, сүйүүсүн арнаган балдар болбоптур. Ушул мезгилге чейин жигит күтүү жөнүндө такыр ойлончу да эмес экенмин. Курбуларым жигиттерин айтышса, башка дүйнөгө түшүп калгандай болом. Менин азыр ойлоно турган нерселерим көп. Ар кандай курстарга барышым керек, бий менен машыгып, келбетимди бир калыпта кармап турушум зарыл.
Анан мага оңой менен балдар жага бербейт, андыктан жигиттерге койгон талабым да катуу. Сөзүндө турбаган, калп айткан балдарды жактырбайм. Жаңы таанышкан жигит болсо да, бир жери жакпай калса эле болду, аны менен мамилемди үзүп салышым мүмкүн.
Тили менен сүйбөй, дили менен сүйүш керек деген сөз жагат мага. Өзүм ушул убакка чейин сүйүп көргөн эмесмин. Эми гана курбуларым менен чогуу жүрүп калганда, аларды жигиттери алып кетишсе, жалгыздыкты сезип баштадым. Чын эле жаман болот экенсиң. Жигиттеринин “ачка болдуңбу? Жаанга калып калба” деген сөздөрүн угуп, “эх, мени да ойлоп, мага камкордук көрүп, кайда, кантип жүргөнүмө кызыгып, колдоп турган адамым болсо...” деп ойлоп кетем.
Учурда көңүлүмө жаккан адам бар. Аны менен жөн гана таанышпыз жана сый мамиледебиз.

“АТАМ МЕНЕН КЭЭДЕ ЖОЛУГУШУП ТУРАМ”
– Адам болгондон кийин баарында эле арман, өкүнгөн нерсеси болсо керек. Ошондуктан арманым жок деп айта албайм. 3-4 жашымда ата-энем ажырашып кетишкен. Ушул мезгилге чейин апам бизди өзү тарбиялады. Азыр атам менен кээде гана жолугушуп турабыз. Ошондо да маегибиз тез бүтөт. “Кандайсың, кызым? Жакшысыңбы?”- десе: “Мен жакшымын, өзүңүзчү?..”- дейм. Андан башка эч кандай сөз чыкпайт. Айтор, чоочун киши менен сүйлөшкөндөй болом. Балким, бул атам менен жашымдан алыстап калгандыгымдан болсо керек.
Азыр болсо Эрнест байке менен жакшы сырдашам. Апама айта албаган сырымды Эрнест байкеме айтам.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
bayash
2010-05-04 10:44:08
азаматсын ийгилик сага талантын ташкындай берсин ар дайым бар бол!
0
ulmurat
2010-05-04 12:28:39
Жаны муундун Татыбубусу!!!
-1
bayash
2010-05-04 14:51:40
"Унуталбайм"теле беруусунон коргондо эле актриса болууга татыктуу экендигинди байкагам, кобунчо актриса жагына конул болсон жакшы болот.Башка кесибинди да таштаба ийгилик сага Элина Оштон Гулбурак.
0
Taллаc
2010-05-04 15:01:00
аа-а жанагы так секирип ойного кыз ушубу... убакыт бат өтөөрүнүн бир далили го.
0
green
2010-05-05 15:58:01
Элина кыргыз элинин сыймыктана турган кыздарынан бол! Кыргыз жузун, киносун алыска тааныта турган кыздардан бол!
0
Elgiza
2010-05-06 10:23:11
Azamatsyn Elina! Sen tatynakay, chirayluu jana talantuu kirgiz kizisin talantin orkundoi bersin ALGA!!!!
0
Acia
2010-05-06 21:20:37
Азаматсын Элина! Чыгармачылык чон-чон ийгиликтер болсун!
0
Acia
2010-05-06 21:21:58
Койногун менен сумкан сонун экен! :))
Кыргыздын оймосу чегилген!
0
KubaBuba
2010-05-07 13:41:28
Элина, сага чагармачылык ийгиликтерди каалайм!!! Сен аябай талаттуу кызсын! Талантын ташкындай берсин!
0
diash
2010-05-07 23:11:42
chyrailuu suluu kyz Elina, ishine iigilik jana bakyt kaalamakchymyn. Alga jana Kyrgyzymdyn tatyktuu kyzdarynan bol!!!
0
Mekenimkg
2010-05-09 13:59:24
Элина алга жана алга.......
иигилик сага
0
AazamatBBB
2010-05-10 09:04:48
оркунун оссун!
0
asylaika
2010-05-17 14:24:29
чынында коз тийип кетчудой татынакай жылдыздуу кыз экен, коз тийбесин!талантыны оркундотуп,кыргыздын атын тааныткан акыл эстуу актриса,артисткасы болгун!эч качан карьераны таштаба!
0
Selina
2010-05-18 23:14:04
Daaa azamat!!! Dagy koburoook araket kylsan, anan kol-barmaktaryn bii4ige ok6o6ot!
0
Aruwka.89
2015-09-24 18:10:50
Боз салкындагы рольун оргиналдуу жараткан
0
№ 391, 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан