ПРЕЗИДЕНТ АТАМБАЕВ ӨЗБЕК ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИН КАБЫЛ АЛДЫ
Президент Алмазбек Атамбаев 16-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Жолугушууга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышты. Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек алакаларынын жаңы нукта өнүгүүсүнө президент Шавкат Мирзийоевдин салымы зор экендигин айтып, өзбек өкмөт башчысынын бул сапары да мамилени бекемдээрин билдирди. Коңшу өлкөлөрдүн премьерлери ошол эле күнү өкмөттөр аралык 8-отурумдун протоколуна жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо боюнча протоколго кол коюшту. Өзбек премьер-министри Абдулла Арипов алгачкы ирет Кыргыз мамлекетине келди. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун айтымында, жакынкы күндөрү президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга расмий иш сапар менен барат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.