Super.kg сайтында президенттик шайлоого карата сурамжылоо: НЕГИЗГИ КАРМАШ БАБАНОВ, ТӨРӨБАЕВ, ЖЭЭНБЕКОВ ЖАНА МАДУМАРОВДУН ОРТОСУНДА ЖҮРҮҮДӨ

Өлкөдөгү президенттик шайлоого карата Super.kg сайтында сурамжылоо кайрадан башталды. Добуш берүү старт алгандан тартып эле негизги жарыш кайсы талапкерлердин арасында жүрөрү белгилүү болду.
Алгачкы сааттарда биринчи сапка бирде Өмүрбек Бабанов чыкса, бирде Бакыт Төрөбаев, бирде Адахан Мадумаров чыгып жаткан эле. Бирок добуш берүүнүн 2-күнүнөн тарта Сооронбай Жээнбековдун добуштары кескин көтөрүлүп, Адахан Мадумаровду артка калтырды.
17-августка карата алдыңкы сегиз талапкер: (17.08.2017, саат 15:30га карата) Өмүрбек Бабанов – 22,9, Бакыт Төрөбаев – 21 , Сооронбай Жээнбеков – 17,5, Адахан Мадумаров – 12,5, Канатбек Исаев – 8,8, Өмүрбек Текебаев – 4,9, Улукбек Кочкоров – 4, Темир Сариев – 2,2.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан