БИР БҮРКҮМ

  • 2017-жылдын алгачкы 6 айынын жыйынтыгы боюнча, «КУМТӨР» компаниясы 8 тонна 274,25 килограмм алтын өндүргөн. Бул тууралуу маалыматты «Кумтөр Голд Компани» компаниясы таратты.

  • 2016-жылдын 28-июлунда Ысык-Көл облусунда 5 жашар баласынын көзүнчө АПАСЫН ЗОРДУКТАГАН такси айдоочусу 8 жылга эркинен ажыратылды. Аталган өкүмдү Ысык-Көл райондук соту чыгарган.

  • Мамлекеттик КАМСЫЗДАНДЫРУУ УЮМУ 2017-жылы 61 жаранга 12 миллион 226 миң 124 сом каражат төлөп берген. Ошондой эле уюм менен жарандар ортосунда 30 миң 16 келишим түзүлгөн. Бул боюнча аталган уюмдун төрайымы Жумагүл Эгембердиева маалымдаган.
  • Кыргыз мамлекетинин бардык жарандары ушул жылдын 30-сентябрына чейин БИОМЕТРИКАЛЫК маалыматтарын тапшыруусу керек. БШКнын айтымында, маалыматтарын тапшырбаган жаран президенттик шайлоого катыша албайт.

  • ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО карата үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурун баштады деген жүйө менен БШКга 19 арыз келип түштү. Аталган билдирүүнү БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жарыялады.

  • ОНКОЛОГИЯ ЖАНА РАДИОЛОГИЯ илим изилдөө институту 58 жылдан кийин биринчи жолу капиталдык ремонттон өтүүдө. Оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын 1-октябрында аяктамакчы.

    2016-жылы Кыргыз өлкөсүндөгү 200 компаниянын төккөн САЛЫГЫ 31 миллиард 897,4 миллион сомду түзгөн. Бул жалпы бюджеттин 47 пайызына барабар.

  • Президенттик шайлоодо ЖАРАНДАРДЫ ИДЕНТИФИКАЦИЯЛООГО өлкө боюнча 9500 оператор ишке алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

  • 2017-жылы өлкө боюнча 264 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ оңдолуп жана курулууда. Анын ичинен 80 объект билим берүү мекемеси.

  • БШК шайлоого карата жарандардын арызданууларын эми WhatsАpp аркылуу да кабыл алат. Мекеменин WhatsАpp номери
    +996 (770) 66-02-40. Бул тууралуу маалыматты БШКдан таратышты.

  • Жогорку Кеңеште 2017-жылы 101 ЭРКЕК депутат, 19 АЯЛ депутат бар. Ал эми 2016-жылы болсо, 94 эркек, 26 аял депутат катары эмгектенген. Маалыматты Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

  • Президенттин кеңешчиси КАЛЫКБЕК СУЛТАНОВ 17-августта өз арызы менен жумуштан кетти. Ал бул кызматты 2016-жылдын май айынан бери аркалап келе жаткан.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан