Өткөн аптада Баткен облусунун Кадамжай районундагы онго чукул айылдын аксакалдары жана дин кызматкерлери дүкөндөрдү кыдырып сатуучуларга арак сатпоо боюнча чакырык жасаганы коомчулукта талкуу жаратты. Буга чейин мындай демилге Нарын облусунун Эмгекчил айылында, Ош облусунун Жапалак айылында катталган. Мындан улам өлкөдө кайсы бир товарды сатуу же сатпоо боюнча чечимди ким кабыл алат? Алар дин ишмерлеринин мындай аракетине кандай реакция кылышы керек деген суроолор жаралды.
«АЙЫЛДЫН ИМАМДАРЫ БИЗДЕН УРУКСАТ АЛЫШКАН»
Кадамжай районунун баш имамынын орун басары Сабыржан Абдурахманов айылда арактын айынан арты өлүм менен бүткөн кырсык болгонунан ушундай демилге көтөрүлгөнүн айтат:
– Бул иш-чаранын алдында Майдан айылында мас абалында рулга отурган жаран эки адамды сүзүп кеткен. Натыйжасында алардын бири каза таап, экинчиси учурда ооруканада. Ушул окуя айыл аймактарын кыдырып, арак сатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө башкы себепчи болду. Аталган айыл өкмөтүнүн имамы менен аксакалдары бул демилгени көтөрүү максатын билдиришкенинен биз колдоого алдык. Ошентип алар дүкөндөрдү кыдырып, арактын кандай зыяндуу экенин, аны ичүү жакшы жолго алып барбасы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул ишти басым кылып саттырбай коюу же тыюу салуу деп атоого болбойт. Болгону оозеки чакырык экенин баса белгилей кетейин. Иш-чара айылдын дүкөнчүлөрү тарабынан да колдоого алынган. Ушуну менен эле чектелип калбай, "мындан ары да улантабыз" дешкен, бирок азырынча токтоп турат.
«МИЛЛИОН СОМДУК АРАК-ШАРАПТЫ ЖОК КЫЛЫШТЫ»
11-12-август күндөрү баткендиктердин демилгесин улай Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айылынын активисттери да дүкөндөрдү кыдырып, ичимдиктерди сатып алып, кыштак четине алып барып төгүп, талкалашты. Мындай ишти кээ бирлери сынга алса, айрым айыл тургундары колдошууда. Бул иш боюнча аталган айылдын маданият үйүнүн башчысы Камчы Абдыкеримов:
– Эмгекчил чоң айыл. Мында 3200дөн ашуун адам жашайт. Аракка аябай берилип кеткен деле киши жок. Дин жолуна түшүп, орозо кармап, ажылыкка баргандар бар. Ичкиликтин айынан кылмыш, кырсыктар болуп жатканын теледен көрүп, гезиттен окуп жатабыз. Ошондой жаман иштерден алыс бололу дегендердин оюн мен да колдодум. Бул демилгени ишке ашырууну айыл менен эле чектелип калбай, райондук, облустук деңгээлге чейин көтөрүшсө жакшы болмок. Ошентип акырындык менен бара-бара аракечтик жоюлуп кетмек. Эмгекчилде 1 миллион сомго бааланган арак талкаланды. Дүкөндөрдү атайын көзөмөлдөп туруучулар айыл өкмөтү тарабынан шайланды. Алар эми өздөрүнө бөлүнгөн аймактарда арак сатылып-сатылбай жатканына көз салып турушат.
«ӨТӨ ЗАРЫЛ ДЕГЕНДЕР КОҢШУ АЙЫЛДАРДАН ТААП КЕЛИП ЖАТЫШАТ»
Таалайгүл Абдыкеева Нарын районунун Эмгекчил айылындагы дүкөндөрдүн бирин иштетет. Ал мурдагыга салыштырмалуу соода басаңдап калганын айтат. Бирок эл арак-шараптан алыс болгонун туура деп эсептейт:
– Баягыда ушул демилгени көтөрүп чыккан 3-4 жигит дүкөнгө келип, «эже, аракечтикти жоюу максатында айылдан алкоголдук ичимдиктерди жок кылалы деп жатабыз, колдоп бериңиз» дешти. Мага бул демилге жакты. Алардын жасап жаткан ишин туура деп баалайм. Арак-шарап сунуштап келген фирмалардан товар албай жатабыз. Активисттер арак-шараптарды чогултуп айылдын сыртына алып барып талкалап, үстүн көмүп салышты. Соода мурункуга салыштырмалуу бир аз басаңдап калганы болбосо, негизинен жакшы эле жүрүп жатат. Угушума караганда, айылдаштар алкоголдук ичимдик зарыл учурда кошуна айылдарга барып алып келип жатышыптыр.
МУФТИЙ ДЕМИЛГЕНИ КОЛДОГОН ЖОК
Муфтий Максат Токтомушев аракты сындырып талкалоо менен аракечтик жоюлбасын массалык маалымат каражаттарына билдирди. Анын пикиринде, ичкиликти адам ыйманына жана аң-сезимине жараша ичпей коё алат.
«Арактын зыян экени бүгүн эле эмес кылымдардан бери белгилүү. Бирок мажбурлап же талкалап сындыруу менен эмес, адамды ыйманга чакырып, арактын зыяндуулугун жүрөгүнө, тамырына жеткиргенде гана исламдын чыныгы талабы аткарылган болот",- деген билдирүү таратты.
«ЭЛ АРАККА АЛЬТЕРНАТИВА ТАБА БЕРЕТ»
Бул демилге боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуров башка пикирде. Ал мындай жоруктарды соодагердин ишмердигин чектөө деп сыпаттайт.
– Дин кызматкерлери же башка активисттердин минтип өз алдынча рейд жүргүзгөнү ишкерлер менен динге ишенгендердин ортосунда карама-каршылык жаратып, тирешүүлөрдү пайда кылып айрымдардын кыжырына тийүүдө. Дин кызматкерлеринин бул ишин мамлекеттик жана жергиликтүү башкарууга түздөн-түз кийлигишүү деп баалайм. Мындай маселелерди чечүү үчүн атайын мамлекеттик органдар бар. Эгер ишкер мыйзамдын негизинде арак чыгарууга же сатууга укугу бар болсо, ага эч ким «сатпа» деп тыюу сала албайт. Элде арак-шарапка болгон суроо-талап көп болгондуктан дин кызматкерлеринин дүкөндөрдөн ичимдиктерди массалык түрдө сатып алышы бир эле жолу болчу көрүнүш. Мындай аракет эч кандай натыйжа бербейт. Арак-шарапты коомдо азайтуунун башка жолдору бар. Мисалы, кечки 10дон эртең мененки 10го чейин алкоголдук ичимдиктерди сатууга мамлекеттик деңгээлде тыюу салуу, акциздик салыкты көбөйтүү, дүкөндөргө жана арак өндүрүүчүлөргө милдеттүү түрдө арак сатууга же чыгарууга лицензия алдыруу сыяктуу аракеттерди көрсө болот. Советтер союзунда аракка тыюу салынганда эл үй шартында самогон бышыруу менен алектенип кетишкен. Канчалык тыйсаң, эл ошончолук ичимдиктин көп альтернативдик жолдорун издеп таап ала беришет.
ИИМдин берген статистикасына таянсак, ушул жылдын акыркы 6 айында алкоголдук ичимдиктердин себебинен ар түрдүү административдик укук бузуу иштеринин саны 11 миңден ашкан. Спирт ичимдиктери көп учурда кылмыш иштерине себепчи болору талашсыз. Аймактарда активисттер, дин кызматкерлери жогорудагыдай тыюу салып жатканы мамлекеттик органдардын элдин көйгөйүнө карата көңүл коштугун жана алсыздыгын көрсөтүп жатат.
Алтынай Тынышова
koom@super.kg