ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШТЕРДИ ТОҢДУРУУ

Тоңдуруп сактоо – жашылча-жемиштердин, мөмөлөрдүн курамындагы пайдалуу заттарды жоготпой, алардын табигый жытын жана даамын кетирбей жаңы бойдон сактоонун эң натыйжалуу жолу. Албетте, тоңдурууда анча-мынча витаминдер, керектүү микроэлементтер жоголот деңизчи, бирок кайнатуу, туздоого караганда көп сакталат.

ТОҢДУРУУНУН НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕРИ

  • Жашылча-жемиштерди тоңдурардын алдында сорттоп, тазалап, кылдаттык менен жууп жана кургатуу керек.
  • Табигый өңүн сактап калуу үчүн, аны бир аз ысык сууга кармап, андан соң тез аранын ичинде муздак сууга салып муздатуу туура.
  • Тоңдурулган жашылча-жемиштер эриткен кезде клетка структураларын толук сактап калышы үчүн аларды тез убакыттын ичинде тоңдуруу шарт. Ал үчүн жашылча-жемиштерди тактайга жайып, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салуу керек. Температурасы эң төмөнкү көрсөткүчүндө болушу зарыл.
  • Бышкан мөмөлөрдү эзилген пюре же шире түрүндө тоңдуруп сактоого да болот.
  • Тоңдурулган мөмөлөр жана жашылча-жемиштер калың целлофан баштыктарда, пластик контейнерлерде аба кирбегендей болуп сакталышы керек.
  • Ээриген жашылча-жемиштерди тез аранын ичинде колдонуу кажет жана аны кайрадан тоңдурууга болбойт. Андыктан чакан порцияларга бөлүп тоңдурган оң.
  • Идиштин сыртына азыктын аты жана тоңдурулган күнү сөзсүз белгилениши керек.
  • Тоңдурулган азыктардын сактоо мөөнөтү 6 айдан 1 жылга чейин


КАРА КАРАГАТ, КУЛПУНАЙ, МАЛИНА

  1. Жемиштерди сорттоп, жалбырактарынан тазалап алабыз да, муздак сууга этияттык менен жууйбуз.
  2. Суусу сарыккан соң жемиштерди подноско тегиз жайып, тоңдургучка 24 саатка салабыз.
  3. Тоңгон жемиштерди целлофан баштыктарга же желим контейнерлерге салып, тоңдургучта сактоо керек.



КУЛПУНАЙДЫ КУМШЕКЕР МЕНЕН ТОҢДУРУУ

  1. Кулпунайдын сабагын алып, депкир табакка же элекке салып, муздак сууга жууйбуз.
  2. Мөмөнүн суусун сарыктырып, жалпак табакка же кагаз сүлгүгө тегиз жаябыз.
  3. Кургаган соң контейнер идишке бир катар жемишти салып үстүнө кумшекерди себелейбиз. Мындай ыкма менен 3-4 катар салабыз да, идиштин оозун жаап, тоңдургучка салабыз.


КӨК ЧӨПТӨР

  1. Бузулган, соолуган, саргайган көк чөптөрдү алып салуу керек.
  2. Көк чөптөрдү элекке салып шар агып жаткан сууга кылдаттык менен жууңуз.
  3. Аларды кагаз сүлгүгө жайып суусун кургатыңыз.
  4. Эми буларды порцияларга бөлүп (бир тамакка ылайыктап), целлофан баштыктарга салып, оозун аба кирбегендей бекитип, тоңдуруу керек.


Татымал чөптөрдү сактоонун дагы бир жолу – майда тууралган чөптү муздаткычтагы тоңдургучтун идишине салып, бир аз өсүмдүк майын же суу куюп тоңдуруп коюу. Даяр болгон кубиктерди целлофан баштыкка салып, муздаткычтын эң төмөнкү темпе­ратурасында сактасаңыз болот.

ГҮЛДҮҮ КАПУСТА

  1. Топ гүлдөрүн бөлүп алабыз.
  2. Аларды 15-20 мүнөт туздуу сууга салып, андан соң 3 мүнөт кайнак сууга салабыз.
  3. Суусун төгүп, муздатабыз.
  4. Кагаз сүлгүгө жайып кургатып, баштыктарга салып, анын ичиндеги абаны чыгарып, оозун бекитип, тоңдургучка салабыз.


БРОККОЛИ

  1. Топ гүлдөрү жашыл, катуу, ажырай же саргая элек брокколини тандап алабыз. Урунган же күрөң тактары бар топ гүлдөрдү алып салуу керек.
  2. Эми кирлерин, курт-кумурскаларын кетирүү үчүн туздуу сууга жууйбуз.
  3. Брокколинин топ гүлдөрүн туурасынан 2,5 сантиметрге жакын, сабагын болжол менен 0,6 сантиметр кылып кесүү керек. Сабактарынын катуу түбүн алып салыңыз.
  4. Буларды 2 мүнөт кайнак сууга салып, депкир менен сүзүп алабыз. Суусун сарыктыруу жана муздатуу үчүн тешиктери бар чарага же манты каскандын табагына салуу керек.
  5. Муздаган соң баштыктарга салып, таңгактап, тоңдургучка салуу керек.


КАБАКЧА, БАКЛАЖАН

  1. Жаш (уругу жок) кабакчаларды жана баклажандарды тандап алабыз.
  2. Аларды төрт чарчы кылып кесип, 1 мүнөт кайнак сууга салабыз.
  3. Ып, сүзүп алып муздатабыз.
  4. Муздаган жашылчаны баштыктарды таңгактап, тоңдуруу керек.


ТӨӨ БУУРЧАК СААДАГЫ, ЖАНДОО

  1. Бузулбаган, жумшак бышкан төө бурчак саадагын тандап алуу керек. Эскертүү: Саадактар буурчак гүлдөп бүткөндөн кийин эки жумадан соң жыйналат.
  2. Аны сууга бир канча жолу жууп, эки учун кесип салабыз.
  3. Эми аларды каалаган узундукта кесип, 5 мүнөт кайнак сууга салып, депкир менен сүзүп алуу керек.
  4. Тешиктери бар мискейге салып, агып жаткан муздак сууга тособуз.
  5. Муздаган соң кагаз сүлгүгө жайып, суусун сарыктырабыз.
  6. Төө буурчакты порцияларга бөлүп, целлофан баштыктарга салып, тоңдуруу керек.


ТАТТУУ БОЛГАР КАЛЕМПИРИ

  1. Болгар калемпиринин эти калың сортун, бүтүн, бузулбагандарын тандап алабыз.
  2. Жашылчаларды жууп, сүлгүгө жайып кургатабыз.
  3. Эми аны экиге бөлүп же сабагы жагын кесип, уругун тазалайбыз.
  4. Подноско чоң кездеме төшөп, болгар калемпирлерин тизебиз. Үстүн кездеменин экинчи тарабы менен жаап, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салабыз.
  5. Тоңгон жашылчаны целлофан баштыктарга тизип салып, тоңдургучта сактайбыз.

Эскертүү! колдонордун алдында болгар калемпирин толук эритпей туруп муздак сууга бир малып алуу керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Karmelita..
2017-08-22 12:48:43
Пайдалуу экен
+1
Karmelita..
2017-08-22 12:50:44
Сонун
+1
altyn2015
2017-08-22 12:53:30
Эн жакшы кенештер! Рахмат!
+1
emmasha
2017-08-22 17:08:50
Жакшы кенештер экен.
0
Beks0207
2017-08-22 18:57:22
Урматту супер инфо жамааты "пайдалуу кенеш" рубрикасы бар еле бизнес, иш баштоо иши кылып абдан пайдалуу нерселерди чыгарчу еленер ошону неге чыгарбай жатасынар
0
admin_media
2017-08-28 09:59:22
Beks0207,
Саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
deva
2017-08-23 15:06:08
Фасоль тоңдурушум керек эле аябай жагат да
0
nur72
2017-08-24 12:38:48
ураа мен эми сиздер менен замандаштар суперге катталдым
0
bemjaku8896
2017-08-24 15:50:40
baary jakty
0
Musik
2017-08-25 15:33:25
Сонун
0
Tagaibekova
2017-08-26 14:53:27
Рахмат сонун пайдалуу кенештер!!!
0
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан