ЭНЕ... (Кароосуз калган наристенин тагдырын баяндаган фотороман)

Арууке аттуу кыз өзү оор тагдырды башынан өткөргөндүктөн, ичкич ата-эне менен көчөдө жашап жүргөн кичинекей Аянага боору ооруп жүргөн. Бара-бара анда таң каларлык энелик сезим ойгонду. Таалайсыз бул кызды асырап адам кылсам деген ой менен жашап калды. Бул максатынын жанында башка нерсе түккө турбайт эле.

10) – Аянаны биротоло үйгө алып келип алдым. Ата-энеси мени сотко бериши мүмкүн эле, көп коркунуч бар болчу. Бирок мен баарына кайыл болдум. Аянаны жуунтуп, жакшынакай кийимдерди сатып берип койсом кубанычы коюнуна батпай күлүңдөп ыраазы болгон көз менен мени карайт.


11) – Мен Аянаны энесинен жөн эле ала албасым бештен белгилүү болчу. Юридикалык билимим бар болгондуктан, үйү жок, аз кирешем менен мыйзам боюнча да мен бала багып алганга жараксыз жаран элем. Ошентсе да адвокат менен кеңешип көрүүнү туура таап, мен Нурлан Асановичке кайрылдым.



12) – Максатымдан артка кайта албайт болчумун. Бир жолун табышым керек эле. Өзгөчө тиземде жылуулук издеп уктап жаткан наристени көргөндө мен аны кайра тозок жашоого кайрып бере албайт элем. Энесинин кызы каякта экени капарына келбей, эч нерсе болбогондой өз жашоосун улантып жатты.


13) – Бардык эле жаш кыздардай менин артымдан чуркаган жигит бар. Студент кезден эле таанышпыз, бирок жүрөгүмдү эч козгой албады. Кутман жеке ишкер. Каалаган нерсени жасап коё аларына көзүм жетет. Айла жок болгон абалды ага айтууга туура келди.


14) – Алтынчы туюмум менен туура эмес иш кылып жатканымды сезсем да, Кутман менен никеге туруп, бирок күйөөсү-аялындай жашабайбыз деп макулдаштык. Ал никелешсек, Аянага тиешелүү маселени тез чечерин айтты.



15) – Тез арада эле Кутман Аянанын энесине жолугуп, андан кызынан баш тартып, жоопкер адам катары мага кызын бергенге макул болгон документти колума сала турган болду.



16) – “Кызымды эч кимге бербейм” деп чаң салган менен, чоң сумманы укканда макул болуптур. Кандай кылса да, айтор, Кутман аларды көндүрдү. Тиешелүү кагаздарга кол койдуртуп алды.



17) – Аяна акылдуу кыз. Энесин деле күнөөлөчү эмес. Ал менден өз энеси менен коштошуп алууну суранды. Мен макул болдум.





18) – Мен кылганымды туура деп ойлобойм. Энелик – бул колунда болгон курал менен күрөшүү. Мен күрөштүм. Аянага керек болчумун, бул баарынан маанилүү. Анын көзүндөгү ыраазычылык, сүйүүнү көрүү мен үчүн жетиштүү эле.

КУТМАН МЕНЕН АРУУКЕ ЧЫНЫГЫ ҮЙ-БҮЛӨ БОЛО АЛЫШАБЫ? (Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aika2015
2017-08-27 16:51:55
уландысын кутуп жаткам,жаны санында чыгарбаптырсыздар го...супер инфо эмне болду?место жетпей калдыбы же?
0
Aidan02
2017-08-31 01:19:23
Неге уландысын чыгарган жоксуздар?!
0
admin_media
2017-08-31 13:02:47
Aidan02, aika2015,
Саламатсыздарбы! Гезиттин кийинки санына чыгат.
0
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан