«ЖАРАЙТ City» командасы: «БИЗДИН БАШКЫ АТААНДАШЫБЫЗ – ИНТЕРНЕТ»

Бир жолу жашы 70тен ашып калган энем «Кел, «Жарайт сити» көрөбүз» деп чакырып калды. Анча кызыкпаган жаным ичимден «Ушунун эмнесин көрөт?» деп, көңүлсүз сыналгынын маңдайына отурдум. Кызыгы, берүү башталгандан бүткүчө ууртумдан күлкү кеткен жок. Ошондон кийин ар бир берүүсүн калтырбай көргөн күйөрманына айландым. Күндөн күнгө кызыктуу берүүлөрү менен күйөрмандарынын санын көбөйтүп келе жаткан долбоордун таланттары менен жолугуп, кызыктуу, позитивдүү маек курдук.

ТОПТУН ЭРКЕСИ

Толук аты-жөнү – Каныбек Рыспаев
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 23-январь
Туулган жери – Бишкек
Билими – Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин энергетика факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда – Актёр, сценарист, алпаруучу




ТОПТУН ШАМИЛИ

Толук аты-жөнү – Шамиль Фаттахов
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 19-июль
Туулган жери – Кара-Балта шаары
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин жарнама факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда – Актёр, сценарист, сүрөтчү-коюучу


ТОПТУН СУЛУУСУ

Толук аты-жөнү
– Айжана Аденова
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 5-август
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык байланыш факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү
Учурда – Пиар-менеджер, «Жарайт сити» долбоорунда актриса болуп эмгектенет


ТОПТУН МУРУТЧАНЫ

Толук аты-жөнү – Нурсултан Курсанали уулу
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 29-май
Туулган жери – Бишкек
Билими – Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз-герман техникалык факультетин аяктаган. Москва шаарындагы Улуттук технологиялык изилдөө университетинде автоматташтыруу боюнча магистрдик билим алууда
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда – Актёр, сценарист, алпаруучу



ТОПТУН БЫЙТЫКЧАСЫ

Толук аты-жөнү
– Илгиз Куватбек
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 13-июнь
Туулган жери – Бишкек
Билими – Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында стоматология факультетинде билим алууда
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда – Актёр, режиссёр, сценарист



ТОПТУН РОМАНТИГИ

Толук аты-жөнү
– Алинур Абдыкалыков
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 15-июнь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда – Актёр, сценарист жана алпаруучу


«ЖАРАЙТ City» командасынын толук курамы:

Алинур Абдыкалыков
Илгиз Куватбек
Нурсултан Курсанали уулу

Эрболот Тойгонбаев

Ростислав Ященко

Санжар Аскаров

Марат Бадретдинов

Эльдияр Ешимбеков

Мыктыбек Мукаев

Айжана Аденова
Шамиль Фаттахов
Каныбек Рыспаев
Айпери Чотонова
Нелли Канаева

Замира Сатыбалдиева
Дамир Адраимов
Эльдар Исаков
Гүлмира Турсунбаева
Нурмухамед Курсанали уулу

Жылдыз Хусаинова
Алина Жакыпова
Арзу Бакаева


– Кош келипсиңер! Кандай эс алып жатасыңар?
Алинур: – Рахмат! Быйылкы жай мезгили биз үчүн өзгөчө болуп жатат. Себеби былтыр «Жарайт ситинин» 2-сезонун тартуу иштери менен алектенип, эс алууга убактыбыз болгон эмес. Эми ошол өткөрүп ийген күндөрүбүз үчүн да эс алып жатабыз.

Каныбек:
– Эс алуубуз Ысык-Көлдө, Бишкекте өтүп жатат. Мындан бир аз күн мурун казак досторубуздун чакыруусу менен Алматы шаарына барып келдик.

Нурсултан: – Мен Кадамжайдагы туугандарга барып келдим. Андан тышкары ата-энем көп кабаттуу үйдөн батир алган. Ошол үйдүн ичиндеги оңдоп-түзөө иштерин өзүбүз кылып жатабыз. Жаңы үйгө киребиз деп апам үй эмеректерин алып, катуу даярданууда. Балдар Көлгө бардык деп калбадыбы, ал жакка тойлорго, бүтүрүү кечелерине атайын чакыруулар болгондо барабыз. Кошумча эс алып келгенге аракет кылабыз.

– Бүтүрүү кечелеринде, тойлордо тамадалык кызматты аркалап жүрөбүз деп калдыңар, көбүнчө кайсы тилде алпарасыңар?

Каныбек:
– Тойлорго чакыруу болгондо тамада эле эмес, уюштуруучу катары да иш алып барабыз, көбүнчө кыргыз тилинде. Бизден Нурсултан, Алинур жана мен тамадалык кызмат көрсөтүп келебиз.

– Бүгүнкү даражага жетишиңерге дал ушул теледолбоор себепкер болду. Долбоордун негизделгенине канча жыл болду?

Нурсултан:
– 3 жыл болду. 2015-жылы Асхат Табалдиев, Данияр Болотбеков байкелерибиз чакырып, бизге «бир долбоордун үстүндө иштебейлиби» деп сунуш киргизишкен. Апрель айында баарыбыз ийри отуруп, түз кеңешип ойдон чыгарылган, бирок Бишкек шаарынын аналогу болгон шаар тууралуу скетчком (кыскача комедиялык сценка) тарталы дедик. Ишибиз май айында башталды. Долбоорго келгенге чейин баарыбыз эле КВНде ар кайсы командаларда ойноп жүргөнбүз.

– Эмне үчүн «Жарайт сити»? Долбоордун максаты эмне?

Алинур: – Биздин элге эч нерсе жакпайт. Унаа көп, жолдор тыгын, сатылган нерселердин баасы кымбат жана башка ушул сыяктуу нерселерге нааразы боло беришет. Биз ошол нерсенин жакшы жагы бар экенин көрсөтүп, жакшы жагынан карап жашаса болот деген максатта «жарайт» деп атадык. Анын үстүнө бизди өсүп келе жаткан жаштар көрүшөт.

Нурсултан: – Максатыбыз – коомдогу терс көрүнүштөрдү юмор аркылуу чагылдыруу.

– Кыргыз жана орус тилинде тартылган скетчтер силердин эки тилдүү күйөрмандарыңардын санын арбытса керек…

Алинур: – 1-сезон чыкканда шаар тургундары эле эмес, алыскы аймактагылар да көрүшчү. Видеолор кыргызча, орусча аралаш тартылчу. Азыр орус тилинде тартылып жатат. Анткени бизди Кыргызстанда гана эмес, океандын ары жагындагы мекендештер да көрүшөт. Ошол эле орус тилдүү элдердин да кызыгуусу бар. Эгер биз кыргызча аралаштырсак, анда түшүнбөй калышат. Ушул нерсени эске алып, долбоордун продюсери атайын кыргыз тилдүү «Эл эмне дейт?» теледолбоорун алып чыкты.

Айжана: – Биздин долбоорду бардык муундагылар көрүшөт. Бир жолу тойдон жаныма улгайган эне келип, «силердин берүүңөр аябай сонун, небере, чөбүрөлөрүм менен чогулуп көрөбүз» деп айтып жатпайбы. Жакында эле Швейцарияда жашаган досум менен сүйлөшүп калдым. Ал орусча такыр билбеген кесиптештерин отургузуп алып «Жарайт ситини» көрсөтүп, маанисин түшүндүрүп берет экен. Швейцариялыктар тилибизди түшүнбөгөнү менен, аткаруу чеберчилигибизди кызыгып көрүшөт экен. Бизде деле болот го, англис тилиндеги ырды түшүнбөйбүз, бирок клипти көрүп мазмунун түшүнөбүз.

Илгиз: – Менимче, берүүбүз шаардагы көрүнүштөр тууралуу болуп жаткандан кийин шаар тургундары көрсө керек. Биздин айрым балдар «Comedy Баттлга» катышып, жарым финалга чейин жеткенбиз. Ошондо орус күлкү жаратуучуларынын арасынан дос күттүк. 2 жыл өткөндөн кийин Орусиядан жолугуп калсак «Биз «Жарайт ситини» көрөбүз. Силерди ушундай сапаттуу, кызыктуу скетчтерди тарта алат деп ойлогон эмеспиз» дешти.

– Элди күлдүрүү үчүн күлкүлүү идея керек. Бирок канча баш болсо, ошончо идея болот да, кантип бир жыйынтыкка келесиңер? Курч идеяны кантип тандайсыңар?

Илгиз:
– Башында баарыбыз чогулуп оюбузду ортого салчубуз. Талашуу, тартышуулар абдан көп болгон. Бир күнү продюсерибиз Данияр Болотбеков «идея, сунушуңарды жазып мага бергиле» деди. Азыр жакшы. Идеяларыбызды жазып беребиз, продюсерибиз карап, иргеп чыгат. Азыр бир гана Данчик (ред.: Данияр Болотбеков) менен урушабыз (күлүп).

– Камера иштеп баштаганда ой чабытыңар күч алып, сценарийди бузуп алган учурлар көп болсо керек…

Алинур:
– Ооба, дайыма болот. Сценарийди көркүнө чыгаруу үчүн ага туз кошуш керек. Мен дайыма съёмка учурунда өзүмдүн оюмду кошконум үчүн тил угам. Бирок жыйынтыгы биз күткөндөй болот.

Илгиз: – Кокусунан жаралган каармандар бар. Мисалы, бир жолку скетчибизде сценарий боюнча жашы улуу байкени тартышыбыз керек болчу. Бирок тартуу учурунда байкебиз келбей калып, улуураак көрүнсүн деп Нурсултанга жасалма мурутту такканбыз. Андан кийинки иш Нурсултанга жүктөлүп, импровизация менен өзгөчө каармандын ролун жараткан. Бирок сценарийде такыр башка нерсе жазылган болчу.

– Видео тартуу учурунда кандай кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга кабылгансыңар?

Нурсултан:
– Кудайга шүгүр, 3-сезонду тартуу иштери жеңил өттү. 3 кыз, 3 баланы алганбыз. Алар административдик, декоративдик жайгаштыруу иштери боюнча жардам берип жатышат. Бул актёрлордун даяр ашка келип, жыргап кетишинен кабар бербейт. Болгону биздин студиябыз кеңейди, мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Эң жакшысы, жума сайын жаңы скетч тартууга шарт түзүлүп жатат.

Илгиз: – Ал эми баштапкы иштерибизде бизге имарат керек болуп көп жерлерге бардык, көп кишилерге кайрылдык. Бирок көпчүлүгү баш тартып коюшчу. Азыр, тескерисинче, капысынан көрүп калса, визиткасын берип, алдын ала уруксат беришет. Макулдашуу оңой болуп калды.

– Билишимче, гонорар да алчу эмессиңер. Азыр ал маселе чечилгенби?

Айжана:
– Жок (күлүп).

Илгиз: – Эгер жөн эле съёмкага тартылган болсо төлөнбөйт. Бирок сценарий үчүн төлөнөт. Ар бирибиздин ишибиз бар, ошол иштерибиз үчүн жакшы эле акы төлөнөт. Кошумча каражатты жарнама, роликтерге тартылып табабыз.

– «Жарайт сити» долбоорун көргөндө орустардын «Наша Russia`сы» эске келет. Эки долбоордун окшоштуктары жана айырмачылыгы эмнеде?

Каныбек:
– Скетчкомдор баары окшош болот. Мисалы, концерт деп аталат, бирок анын өтүшү ар башкача болот дегендей кеп.

Илгиз: – Окшоштугу – видео башталганда кыскача түшүндүрмө бергенибизде.

Нурсултан: – Айырмачылыгы – биздин видеобуз адамдар тууралуу, бир эле каармандын түрдүү окуясына байланган эмес.

– Башкы атаандашыңар ким?

Шамиль:
– Атаандаштык медиа тармактардын бизге болгон суроо-талабын жогорулатууга алып келет. Атаандаштар пайда болсо кубанам. Азыр интернет баарына жеткиликтүү болуп, тандоо мүмкүнчүлүгү зор болуп калды. Интернет аркылуу дүйнөдөгү алдыңкы шоулорду көрө алышат. Ушул нерсе менен тең тайлашуу кыйын. Азырынча башкы атаандашыбыз – интернет.

– Кыргыз жергесинде актёрдук кесипке, чеберчиликке даярдаган окуу жайлар бар. Эмнеге тасмага, роликтерге келгенде эле экономист, журналист, менеджер жана башка кесиптин ээлери тартылышат?

Алинур:
– Акыркы кыргыз тасмаларынын көбү тамашоучуларга таандык же башкы ролдорду ошолор аткарган. Эмнеге режиссёрлор тамашоучуларды тартышат? Анткени алар таанымал. Тасманын жарнамасында, афишаларда бакыйып сүрөтү турса элде кызыгуу пайда болуп, тасманы көргөнгө барышат. Ал эми ошол эле жарнамада сиз айткан окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн сүрөтү илинип турса кызыгуу жок болот.

Шамиль: – Мындай да, бизде адистигиң боюнча иштебеш керек деген адаттан тышкары салт бар. Ошон үчүн актёрлор тасмага тартылышпайт, алардын ордуна биз барабыз дегендей.

Айжана: – Менимче, маселе актёрлордун бир образга берилип кетишинде. Эгер алар образга кирсе, андан чыгуусу оор болот. Биз 2 мүнөттүн ичинде бир образдан дароо экинчисине секирик жасап, бир образга байланбайбыз.

– Теледолбоордун келечегин кандай элестетесиңер? Алдыдагы пландарыңар кандай?

Илгиз:
– Келечекте «Жарайт сити» сериалга айланышы мүмкүн.

Шамиль: – Балким, «Жарайт такси», «Жарайт еда» деген чоң корпорацияга айланып кетебиз.

– Рахмат маегиңерге. Ишиңер илгерилей берсин!

Бактыгүл Момбекова
(Сүрөттөр каармандардын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Жарайт Сити” : “Кыргызстанда жашоо жаман эмес, жакшы деле эмес. Жарайт!”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Aidani
2017-08-22 09:40:12
Чачы кантет Илгиздин эркектей болчу
-3
MaRmeLaDka
2017-08-22 10:51:35
Aidani,мага именно Илгиздин прическасы жагат.Эркек десе эле чачы кыска болуш керекпи?Анча-мынча чачы кыска эркек сөрөйлөргө караганда Илгиздин деңгээли бир топ бийик деп ишенем.
+5
azusha2017
2017-08-22 10:56:01
Сонун долбоор
+4
MaRmeLaDka
2017-08-22 10:56:48
Азаматсыңар,команда! Чын эле киного тартылган актерлоргокараганда мыкты, реалдуу ойношот.Ар сериясын инетке чыгары менен кууп көрүп,жолдошум экөөбүз талкуулап,баалап келебиз!Ийгилик сиздерге!
+7
Medinaa
2017-08-22 13:42:32
Эрболду неге чыгарган жоксуңар ((Илгиз дегенди 28-30жашта болсо керек дедим эле.Айжан сонун аткарат.
+2
Shekeev969798
2017-08-22 16:49:15
Нурсултан кишиго 93 экен корсо мен ойлогом кырктын кырында деп
-1
Akylai_aktan
2017-08-24 11:02:00
Shekeev969798,
Менда чоон эле кишиго дегеи
-1
aman0296
2017-08-23 00:08:08
Айпери жок го!?
+1
Aita1995
2017-08-28 20:02:26
Светофор менен суйлошкон кыз жок го?Кечиресиздер атын билбейткем)
0
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан