КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)
– Сен али менин ишеничиме кире элексиң.
– Келиңиз, ушул ишти чогуу жасайлы. Мен сизге ким экенимди далилдейин.


ххх


Кара түстөгү БМВ банктан чыккан инкассатордук унаанын артынан жөнөдү.
– Кеминде 100 миң доллар бар ичинде, сураштырып тактап койдум. Бирок унаа бекем корголгон. Ичинде автоматчан 2 жигит бар, сумкаларды көтөрө турган бирөө. Айдоочусу орус. Ооганстанда согушуп келген Юра деген неме,- Санжар БМВнын алдыңкы орундугунда сүйлөп баратты. Рулда Арсен.
– Буга алыбыз жетпейт, Санжар аке...
– Эмнеге?
– Бизде эмне курал бар? Эки тапанча, бир бита, анан бир тумшугу кесилген мылтык. Бул жерде болсо 2 автоматчан киши бар экен.
– Мен бита менен эле 5 миң доллар сындырган күндөрүм болгон. Башкысы, жакшы даярдансак эле.
– Башка жол керек. Тиги Юра деген орусту кайдан тааныйсыз?
– Бир досумдун коңшусу, ошол аркылуу тааныйм.
– Үй-бүлөсү бар бекен?
– Аялы каза болуп калган. Кыздарын Москвага кеткен деп уккам. Азыр өзү жалгыз жашайт болуш керек.
– Айдоочу унааны ачык таштап эшикке чыгышы зарыл, антпесе бул унаадан эч нерсе чыгара албайбыз. Юраны «ишке аралаш» деп көндүрүүгө болобу?
– Жок, досум сунуштап көрүптүр. Макул болбой койгон...
– Ага Лизаны жибериш керек,- Арсен чечкиндүү сүйлөдү.


ххх


Юра эч нерсени түшүнбөй калды. Кайдан-жайдан эле анын жашоосуна супсулуу болгон кыз кирип келди. Ал аны күтпөгөн. Жашоосунда согушту, өлүмдү көрүп, жакындарынан ажырап, өмүрүнүн жарымын жашап коюп жүрөгү таш болуп калган чакта бул сары чачтуу назик кыз анын жан дүйнөсүнө дүрбөлөң салды.
Бышылдап эч нерседен капарсыз уктап жаткан кызды карап бактысына ишенбей турду. Экөөнүн таанышканына аз эле болду. Бир кыргыз балдар буга тийишип сумкасын бербей жатышкан экен. Юра аларды ордуна коюп, бул сулууну сактап калган болчу. Кыз Бишкекте жашаарын айткан, бирок акыркы 3 күндөн бери «Юра, сенин жаныңдан чыккым келбей жатат, кетпей эле койсом окшойт» деп элжиретип жиберди. Юранын да кызды жанынан чыгаргысы жок. Таттуу кыялдарга батып уктап баратты. Кандай жагымдуу...


ххх


– Сен бүгүн жумуштан канчада келесиң?
– Күндөгүдөй эле сегизде.
– Эмне тамак жасап коёюн? Пельмен же борщ?
– Плов жасай аласыңбы?
– Ооба.
– Анда плов.
– Мейли,- Лиза чоп эттире Юраны бетинен өөп алды.


ххх


– Бүгүн биздин Юра башкача. Айтчы, картаң солдат, бирөөнү сүйүп калдыңбы?- инкассатордук унаанын ичинде автоматын бирөөгө жулдуруп ийбейин дегенсип бекем кармап бараткан жигит рулдагы Юрага кайрылды.
– Хе, эмне экен? Сүйүп калганга болбойбу мага?
– Оо, жакшы. Ким экен ал?
– Мен жеке жашоомду ачпаган кишимин.
– Башкаларга ачпай эле кой, бизге айт да,- унаадагылар шарактап күлүп калышты. Ушул учурда Юранын телефонуна чалуу келди.
– Алло, Юра, мен жинди эшикке азык-түлүк алганга чыгып ачкычты жоготуп жибердим. Эшикте шорта, майкачан 2 сааттан бери турам. Жаныңда үйдүн кошумча ачкычы жок беле?
– 2 сааттан бери турасыңбы?
– Ооба.
– Азыр баратып таштай кетем. 10 мүнөт,- Юра телефонун коё сала башка көчөгө унааны бурду.
– Эй, сен кайда?
– Жигиттер, кап этпегиле. Менин сүйлөшкөн кызым ачкычын жоготуп алып эшикте калыптыр. Билесиңер го, менин үйүм анча деле алыс эмес. Таштай кетеличи?
– Эй, Юра, анткенге болбойт да. Бул жерде эмне деген акча бар?
– Аман, ушуга толтура акча жүктөп алып эле ар кайсы жерден токтоп самса жеп жүрчү эмес белек. 5 эле мүнөт...


ххх


Лиза чын эле эшикте жеңил кийимчен туруптур. Апрель болгону менен, эшик суук болчу. Кыздын үшүгөнү көрүнүп турат.
– Эй, картаң солдат, ушулбу сүйлөшкөн кызың?
– Ооба,- Юра сыймык менен жооп берди.
– Тууй ата, мунуң чүрөк го?
– Кана? Кана?- арттагылар жабалактап тиктеп калышты.
– Кайран Юра. Деле табитиң укмуш тура!- дене мүчөсү келишип, журнал бетине түшкөн кыз сыяктуу турган Лизаны көрүп унаадагылардын шилекейи агып калды.
– Болдугула!- Юра унааны токтотуп кызга жөнөдү.


ххх


Ал түшөрү менен эле алдыңкы орундукта отурган далдайган кара жигит: «Бул абышка модель кыз таап алган го. Буттарын карачы тигинин»,- деп сугалактана Лизаны унаадан тиктеп жатты.
– Кыймылдабагыла! Мээңди чачырата атам!- эч ким эч нерсе түшүнбөй калды. Далдайган жигиттин чыкыйына кайдан-жайдан пайда болгон кара беткапчан бирөө келип тапанча такап кыйкырды. Унаанын арткы бөлүгү темир менен бөлүнүү экен. Ортодо кичинекей гана баш бата тургандай тешик турат. Ал шарак эте дароо жабылды.
– Ачкыла артын!- беткапчан неме өктөм сүйлөдү.
Чыкыйында турган тапанча далдайган жигитти заматта өң-алеттен кетирди. Шалдырап алсыз боло түштү.
– Артын ача албайм, тууган. Мени өлтүрбө! Ал жакта автоматтары менен отурушат. Ачсак эле татыратып аткылашат!
– Эй, ачкыла! Могунуңардын мээси азыр асфальтка агып түшөт! Силер баары бир ордуңардан жыла албайсыңар! Шоопуруңар өлдү.
– Эй, кеңкелес, бул жакка ыкчам топ келатат!
– Кеңкелес! Могунуң өлөт азыр ачпасаң!- сүйлөп бүтпөй жатып эле тарс эттире далдайган жигитти далыга атып салды беткапчан. «Аа-а» кара жигиттин үнү Кудайга жетчүдөй ачуу чыкты.
– Өлтүрбө! Өлтүрбө-ө! Аман, артын ач, суранам! Өлтүрүп салышат мени! Аа-а...- ок сөөгүн талкалап кетти окшойт. Жаны көзүнө көрүнүп жатты. Бирок унаанын арткы бөлүгүндөгүлөр үндөбөй коюшту.
– Жардырып салам азыр унааны! Жөн эле чыгып кеткиле!- беткапчан дагы кыйкырды. Шарак эте унаанын арткы эшиги ачылып автомат көтөргөн экөө аярлык менен түшө калышты. Алар жанатан бери унаанын кичине айнектеринен айлананы карап, аларды тоноп жаткан жалгыз киши экенин байкашкан. Азыр бул шүмшүктү бутка атып жарадар кылып, алып кетебиз деп ойлошкон. Ананчы, эки автоматчан тапанча көтөргөн бир акмакка кантип алы жетпесин?
– Коё бер, мен сени баары бир өлтүрөм!- автоматчан толук жигит жиндене сүйлөдү. Беткапчан бир далысынан кан шорголоп агып жаткан далдайган жигиттин аркасына жашынып алыптыр.
– Шашпа, досум. Сүйлөшөлү... Ордуңардан кыймылдабагыла! Мен жалгыз эмесмин. Кыймылдачу болсоңор артыңардагы БМВнын ичинен силерге азыр ок жаайт. Аман калбайсыңар. Мен эч кимди өлтүргүм келген жок. Жөн гана автоматыңарды жерге койгула. Эч нерсе кылбайм.
Көздөрү алактай түшкөн жапалдаш бойлуу жигит автоматын жерге таштап жиберди. Толук жигитте арга калбады. Ал да куралын ыргытты.
– Ай, азаматтар! Байлагыла буларды!- кайдан-жайдан дагы 3 беткапчан пайда болду да, тигилерди ныгыра басып байлай калышты. Мына ушул маалда милиция унаасынын чуулдаган сиренасы угулду. «Ыкчам топ жетишип калса экен» деди ичинен толук жигит көмкөрөсүнөн асфальтта жатып. Бирок ыкчам топтун 2 унаасы тең кире алмак эмес. Көп кабаттуу үйдүн короосуна кирчү жолдорду беткапчандар инкассаторлук унаа кирери менен эле эки жүк ташыгыч портерлер менен тороп салышкан.
Жөө чуркап келишкенче беткапчандар изин суутушуптур. Акчаны толугу менен алып кетишкен экен.
– Бул жолду тороп токтоткон портерлердин ээлерин тапкыла!- деди жаш сержант ызырынып. Кылмышкерлерди качырып жибергенине жинденип жаткан.
– Булар уурдалган унаалар болсо керек, атайын коюшкан турбайбы. Ээлери жакын жерде эмес го. Алар билбейт да болуш керек,- жанындагы кесиптешинин минтип сүйлөгөнүнө ого бетер жинденди тиги сержант. Жай кыбырап келгенине өзүн сөктү, жолдогу тыгындарды сөктү, алардын жолун тороп, тоскоол жараткан такси айдаган жаш айдоочуну сөктү... Бирок баары кеч болчу.
Бул убакта аларга тоскоол жаратып айдап келген таксинин айдоочусу Тикосун шаар ичине таштап, эки кара сумка, 3 эчки менен эски Москвичтин рулунда Жалал-Абадды көздөй жөнөп бараткан. «Чика, сен азаматсың! Түшүндүңбү? Азаматсың!» деп жатты ал өзүнө-өзү..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
aitowa11
2017-08-22 10:15:41
Кызыгы Эми башталатго.
0
Beks0207
2017-08-22 10:35:42
Izana сен азаматсын! Тушундунбу? Сен азаматсын!
+9
love_you
2017-08-22 13:13:30
Beks0207,эзесин го ))))))
0
Medinaa
2017-08-22 13:52:50
Beks0207,)))))
+2
Beks0207
2017-08-22 10:36:15
Менин комм чыкпай жататко
0
Nargiza1987k
2017-08-22 12:34:52
Жомокго бул жагы
0
belka
2017-08-22 14:32:53
Өлдү унутуп калдым Чикасы ким эле?
+5
Aitush9595
2017-08-22 14:37:14
Бир жума е дагы
0
nurhan2702
2017-08-22 14:43:48
Чика Арсендин турмодогу досу да
0
nurhan2702
2017-08-22 14:44:10
Кобурооктон жазгылачы
0
merim
2017-08-22 17:35:46
Мынча аз тобоо.
0
Marita2
2017-08-22 19:35:00
Ох-ох суйдумго Арсенди))
0
originalkgz96
2017-08-22 20:02:46
Чынгыз
0
aika2015
2017-08-22 20:39:21
билбейм негедир мага Арсен жакпай калды. Джидеги Жанарды укмуш суйдум эле,Аруукени жаман коруп...
+1
vendetta
2017-08-26 20:02:08
абдан кызыктуу бирок кыска кыска болгону моокумумду кандырбай атат, бир топ эле пейилди кенен коюп жазып чыгарсаңар болмок
0
ady-88
2017-08-27 21:55:40
Окуп келе жатып эки муноттон кийинэле бутуп калат. Анан чала олгон жыландай болуп ары эмес же бери эмес болуп коменттерди окуй баштайсын. Мен биринчи мага муйуз чыгып жатат дегендер башталат.
0
Zein
2017-08-28 18:27:17
Ким китебин таап берсе ошого китептин баасынан сырткары 200 сом ед. салып берем.
0
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан