ЖАҢЫ САЯСИЙ БИРИКМЕНИН ЛИДЕРЛЕРИ АЙМАКТАГЫ АКТИВИСТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ БАШТАДЫ

Жаңы саясий биримдиктин лидерлери Бакыт Торобаев, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаровдун «Ата Журт», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» партияларынын аймактагы активисттери менен жолугушуулары башталды. Ар бир шаардагы жолугушууларда зал толо киши болду. Жолугушууларга келген эл лидерлердин биригиши тууралуу кабыл алынган чечимдин өтө маанилүү экендигин бир ооздон кубаттап, өздөрүнүн жакшы каалоо-тилектерин билдиришип, бул биримдик көптөн бери күтүлгөн маанилүү окуя экендигин баса белгилеп жатышты. Бакыт Торобаевдин айтымында, бул биримдик кандайдыр бир саясий кызыкчылык үчүн эмес, Кыргызстан элинин биримдиги жана ынтымагы үчүн түзүлдү.
Бакыт Торобаев: "Бул биригүү менен элибиздин арасында бир үмүт пайда болду. Биз азыр абдан күчтүү болдук. Суубуз, жерибиз жана мазарыбыз бир. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, бөлүнбөйлү".
Ахматбек Келдибеков: "Төртөөбүздүн оюбуз бир, жүрөгүбүз бир болгондуктан биригүүгө чечим кабыл алдык. Биз 6 айдан бери сүйлөшүү жүргүзүп отуруп бир чечимге келип, акыры чын ниетибиз менен макулдашууга кол койдук. Үч партия бул күндөн баштап жер-жерлерде бир штаб катары топтолуп, бирдиктүү команда катары иштемекчи".
Адахан Мадумаров: "Биздин биригүүбүздү уккан айрым саясий күчтөр уйкусуз калып, эмне кыларын билбей жаткан кездери. Биздин биригүүбүздүн негизги себеби – келечегибиз жана максатыбыз бир. Үч партия жоюлуп, алардын ордуна бир партия түзүлөт. Төртөөбүз келишимдерге кол койдук, жакынкы келечекте арабыздан бир гана талапкер чыгарын биз макулдаштык. Азыр башка саясатчылар жана партиялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, катарыбызга жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга даярбыз".
Биримдикке кирген лидерлер Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесиндеги активисттер менен жолугушту. Бул иш сапар эми өлкөнүн башка аймактарында да уланмакчы.

Аман Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан