АЙСБЕРГ (билип ал)

Балдар, силер айсберг тууралуу уктуңар беле? Билбесеңер, келгиле чогуу үйрөнөлү. Айсберг океандын ортосунда тоңуп калган муз тоо. Орточо айсбергдин туурасы 1-2 чакырым болот. Ал эми суу ичиндеги калган бөлүгү андан да чоң. Ал биздин планетадагы эң суук жактарында болот. Океанда кеме менен айсбергдин кагылышы мүмкүн. Эң чоң айсберг арал менен тең болушу мүмкүн. Айсбергдин өмүрү 5-10 жылга созулат. Алар океанда сүзүп жүрүшөт. Жаңы пайда болгон айсбергдер ак түстө болушат. Бир аз карып калгандар жашыл же көгүлтүр түстө болот. Кээде капкара түстө да кездешет. Дал ушундай кара айсбергге атактуу “Титаник” кемеси урунган.
Мына, балдар, чогуу муну да билип алдык.

ТАП-ТАП ТАБЫШМАК

Өзү тегерек,
Жарыгы эң керек.
Күндүз көрөм,
Түндөсү көрбөйм.
(Күн)

Күнү-түнү тынбаган,
Бөлө чапса сынбаган.
(Суу)

Эки күлүк бар,
Биринен-бири озот,
Алдыны көздөй
Кадам созот.
(Бут)

Бели ичке кылдай,
Бир мүнөт жөн турбай.
Көтөрөт тал куурай
Өзүнөн кырк курдай.
(Кумурска)

Абайла, ага тийбе,
Үстү толо ийне.

Жер үстүндө чачы,
Жер астында башы.
(Сабиз)

ЖАНЫБАРЛАРДЫН ҮЙҮ КАЙСЫ?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 772, 18-24-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан