Интернетте элибиздин терс адаттарын сүрөттөгөн ыр менен клип тарады. Клип айрымдардын кыжырын кайнатса, кээ бирлерин жылмайтып, "элибиздеги эң начар жоруктарды сындаган жакшы клип болуптур" деген мактоого татыды. Бир чындык – ал интернет колдонуучуларын көңүл кош калтырган жок. Ырдын автору алпаруучу Ниязбек Абазганов төмөнкүлөрдү айтып берди.
– Кандайсың, Нияз? Эмнеден улам сенде мындай ыр жана клип жаратуу идеясы пайда болду?
– Ырдын текстин жазында жазгам. Ал үчүн мага 15 гана мүнөт керек болду. Досторума көрсөтсөм кошумчасын кошуп, ашыкчасын алып, кеңештерин айтышты. Кийин досторум менен студиядан ырды жаздырып коюуну чечтик. Биздин максат – интернетти «жаруу» эле, ал үчүн клип керек экенин билгем. Ошентип 10 миң сомго 2 күнүбүздү сарптап клип тарттырдык. Анан интернетке жүктөдүк, ойлогонубуздай эле дароо социалдык тармактарды биздин клип ээлеп алды.
– Максатыңар интернетти гана ээлөө беле?
– Албетте, ырдын тексти күнүмдүк жашообуздан алынды. Мен мекенимдин жаранымын, эл жүргөн жолдон жүрөм, эл барган тойго барам, МАИ кызматкерлеринин колуна түшөм. Ар бирибиз ичибизден ойлонуп коюп жүргөн нерселерди баракка түшүрүп койдум. Муну чыгармачылык деп түшүнөм.
– Клип, андагы бикиничен кыз катуу сынга кабылууда...
– Клиптеги кызга башынан клиптин сюжети, жаралуучу талкуу жана сын-пикирлер боюнча айтылган. Кандай кадамга барып жатканын түшүнгөн. Бизге али эч ким бетибизге сын айта элек, интернетте абал башкача, аябай сындап жатышат.
ЫРДАН ҮЗҮНДҮ:
Мы, кыргызы, народ не простой,
Наша цель потратить все деньги на той.
Если денег нет, то дома омлет.
Если деньги есть, то сразу банкет.
Если деньги кончились, есть вариант,
Иду за кредитом к знакомому в банк.
Убеждая себя что есть в этом толк,
Беру потом в долг чтоб погасить долг.
Зачем я рожал, да я специально рожал,
Чтобы детей поженить, чтобы кеш я поднял.
Из всех детей окупилась одна,
Ито там помог её кайната и тамада,
Да, да, помог тамада.
Хотя её кайната и был тамада.
Меня позвали к 5, но в 5 ещё спал,
В 6 я свой галстук по цвету искал.
Мои дороги в стране – идеальные,
Мои маршрутники в стране – нормальные.
Мои чиновники в стране – честные,
Мои местные в стране – местные.
Мои ГАИшники в стране – принципиальные,
Мои бананы в стране – банальные,
Мажоры в стране – толстые,
Малолетки в стране – взрослые.
Мародёры в стране – активные,
Геи в стране – пассивные.
Мои бандиты в стране – криминальные,
Мои кроссы на ноге – оригинальные...