(Башталышы өткөн сандарда)
Ошол күндөрү Зина эжесинин телефонуна апасы чалды.
– Жакшысыңбы, кызым? Бул айда аз акча салып койдуң го, эмне болду?
– Апа, ал жумуштан чыгып кеттим.
– Эмнеге кокуй? Баары жакшы дебедиң беле.
– Ушундай болуп калды, апа. Сен кейибе, мен кайра башка жумуш табам.
– Ошент, болбосо бул айдын карызын төлөй албай калабыз.
– Атам мени сурадыбы?
– Сурады, сурабай анан. Жами, сен аны ойлобо, андан көрө жакшыраак жумуш изде. Нуриля да эртең эле окууну бүтөт, жакшы окууга тапшырталы. Анан үйдү да оңдоп-түзөө керек.
– Апа, мен...- андан аркысын айта албай майышып турду. Энесинин жүрөгү таш болуп катып калганбы же акча, дүнүйө кирип кеткенби, кыздын ыйламсыраган үнүн сезбеди, кызы жардын учунда турганын байкабады.
– Ошент, Жамиля. Атаң баягы эле, бөтөлкөдөн башка менен иши жок. Эптеп өз оокатыбызды кылдыраталы. Менин жардамчым сенсиң. Макул, жакшы калгыла, Зина эжеңе салам айт,- деди да коюп салды.
Кыз колундагы телефонду тиктеп отуруп калды. Апасы «сага эмне болду, эмнеге ыйлагың келип жатат?» деп бир ооз эле сурап койгондо эмне?
– Жами, кызым, сага эмне болду?- деди Зина анын абалын байкап.
– Мен, мени...- мукактанып кыз эч нерсе деп айта албай, Зина эжесинин көкүрөгүнө башын коюп боздоп ыйлап жиберди. Көпкө ыйлады. Акырындап басылып, болгон окуянын баарын айтып берди.
– Байкушум, ай, баласың да, сенин ордуңда тиш каккан бирөө болгондо ал акмакты жөн коймок эмес. Билесиңби, бул үчүн аларга канча жыл берет?
– Мага эч нерсенин кереги жок.
– Жами, бул ишти мындай калтырганга болбойт. Биз...
Ушул жерге келгенде фирманын кызматчысы келип калды да, Зинага иш табылганын, бир сааттан соң кожоюндар менен жолугарын айтты. Ошентип ал тез эле иш таап кетти. Бир жумадан кийин Жамиляга да иш табылды. Стамбулдан алыс жайгашкан фермада экен. Тандап отурганга убактысы жок эле. Оор жумуш дегенине карабай макул деди.
Керем кызды көрбөгөнүнө бир жумадай болду. Иштери менен чет өлкөгө чыгып келген. Кирип-кире электе көздөрү өзүнөн-өзү Жамиляны издеп баштады. Жок, өчөшкөнсүп эч бир жерден көрө албады. Тиги жактан да, бул жактан да карап такыр таба албай койду.
– Тиги, Ахмедди караган кыз бар эле го...- деди жардамчысына сыр бербей.
– Кайсынысын айтасыз?
– Жаш кызды айтам.
– Жамилябы? Кыргыз кызбы?
– Ооба.
– Ал жумуштан кеткен.
– Кандайча?
Керем кашын серпип кумсара түштү. Ушул кыймылды жардамчысы жакшы билет. Минткенде эле балээге калды, каарып-кууруп жеп салмайы бар. Бирок «үй кызматчы кыз үчүн эмнеге антмек эле?» деп ойлоп бушайман. Керемдин ичи уйгу-туйгу болуп кетти. Эми Жамиляны көрбөй каларын ойлогондо жаны көзүнө көрүнүп ыргып турду. Бардык үй кызматчыларын кабинетине чогултуп сурак ала баштады:
– Акыркы жолу Жамиля туурасында ким эмне билди? Эмнеге кетти? Бүт баарын жашырбай айткыла. Энемдин тиешеси болсо да жашырбагыла,- деди. Жарытылуу эч нерсе деле уга албады. Баары оюнда «Жамиля бир нерсе уурдап алып качып кеткен го» деп ойлоп жатышты. Ошондуктан кожоюнга жагынуу үчүн жамандап башташты:
– Такыр укпай, өз жумушун да аткарбай калган.
– Ахмед анын айынан тепкичтен кулап кеткен.
– Өз бөлмөсүндө эле отурчу, кыйкырсаң араң келчү.
Бир гана карыган ашпоз жалтаңдай акырын сөз баштады:
– Мен андай нерсесин көрбөдүм, Керем мырза. Бир гана...
– Эмне? Айт.
Ашпоз бир нерсени айта албай турганын байкады да, баарын чыгарып жиберди. Көзүнө тике карады.
– Мени билесиң, жалган айтсаң карыганыңа карабай иштен айдайм. Чынын айт мага.
– Жамиля кийинки кезде кызыктай болуп калган. Ыйлап, ичинде бир нерсе бардай. Анан кечке куса берди. Бир аз тамак жейт да, кусат. Менин оюмча ал кош бойлуу. Ошон үчүн бул үйдөн кетүүгө мажбур болду.
Керем онтоп жиберди. Колу менен ишарат кылып чыга бер деди да, креслосуна шалак этип отуруп калды. Эгерде кош бойлуу болсо, кымындай үмүт бар болсо... Боюна өзү да билбеген ысык жылуулук тарап бара жатты. Жамиля кош бойлуу экенине, ал бала өзүнүн баласы экенине ынана баштады. Жарым сааттан кийин ал бул ойго толук ишенди. «Оо, Жараткан, менин балам ошондо азыр Жамилянын курсагындабы? Ал бул абалында эмне кылмак эле? Сөзсүз «алдырам» дейт. Менин уулумду...» Бул ойдон бирөө шибеге менен сайгандай ыргып турду. Стамбулду көңтөрүп салышы мүмкүн, бирок ал кызды сөзсүз түрдө табат эле.
ххх
Узун бойлуу, үлбүрөгөн апакай назик кызды көргөндө фермадагылар бирин-бири түшүнбөй ийин куушуруп туруп беришти. «Бул кантип уй саайт, оор флягаларды кантип көтөрөт? Жүзүн кара, периштедей болуп». Күбүрөшүп өз ара сүйлөшүп алып каткырып калышты. Жамиля башын бийик көтөрүп тиктегенде күлкүлөрү токтоп, ар ким өз ишине акырын басып кетишти. Ошентсе да баарынын көзү жаңы кызда.
– Эй, жаңы кыз, кел бул жакка. Жаткан жериңди көрсөтүп берейин.
Стамбулдун чет жакасында жайгашкан уй фермасы болчу. Бул жерге аялзаты көп келчү эмес, такыр эле айласы кеткен абалга кабылгандар гана келишчү. Акчасы жакшы болгону менен, иши оор болчу. Жамиля башка иш күтүп отурганга убактысы жок эле. Ошон үчүн баарына кайыл болуп бул жакка келген. Жаш, тажрыйбасы жок. Болбосо кайдан келсин? Келгенден кийин гана жумуш оор экенин билди. Уйларды саап, аны топтоп алып кетишкенден кийин сарайдагы малдын богун чыгарганга жардам берет. Андан кийин аз убакыт бош отура калса ашкана ишине жардамга чакырышат. Кечкисин кайрадан уй саамай, жем-чөбүн бермей. Айылда өсүп көп ишти аткарганы үчүн да эптеп жатты. Анан калса кимдир бирөөдө өчү бардай күчүн жумуштан чыгарат. Эч ким менен да сүйлөшпөйт, «боюмда барбы?» деген ойду жолоткусу келбей, жан талашып эле иштей берчү болду.
– Ай, болду, өлтүрөсүң өзүңдү.
Каруусунан кармай калган фермадагы жигиттин үнүн угуп-укпай кулактары чымырай баштады. Тим эле жаны жыргап уйкуда жаткандай көшүлөт. Жамиля эсин жоготуп бара жатканын билген жок. Ушул учурда ферманын дарбазасына кымбат баалуу унаа токтоду. Ичинен түшкөн киши Жамиляны көрөр замат басып келип кучактай калды.
– Эмне болду буга?
– Ачка иштеди бүгүн. Ошого эсин жоготту окшойт.
Тиги киши чөнтөк телефонун алып бирөөгө чалды. «Ооба, келдим, таптым кызды. Бирок абалы оор» деди. Дароо кызды көтөрүп машинасына салды да, тез эле көздөн кайым болду...
(Уландысы кийинки санда)
Айлин.Д