СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

Ошол жылы кыш катуу болду. Сууктан улам жарам ырбап, жараатым бүтпөй жатты. «Туугандын азары бар, безери жок» дегендей, агам менин кыйналып жүргөнүмдү туюп, кечиргенин айтып телефон аркылуу сүйлөшкөн элек. Ал күн бүгүнкүдөй эсимде.
Жатаканада жашап жаткан акыркы күндөр. Жаңы жыл күнү болчу. Бир четинен оору, бир четинен санаа көкүрөгүмдү бууп, менде кайдагы майрамдык маанай?! Бактияр достору менен Казакстандын бир айылына конокко барабыз деп кеткен экен. Жакын курбум «бирге майрамдайлы» деп келсе да, жарытылуу тосуп ала албадым. Кайра анын да маанайын түшүрүп, ызага буулуп турган жаным таарынтып койдум окшойт.
Түн ортосуна жакындап калганда чөнтөк телефонума белгисиз номерден чакыруу келди:
– Алло...
– Алло, Малика, сенби?
Тааныш үн. Мен арзып күткөн, мен тымызын сагынган үн. Кубанычтан денемди майда калтырак басып, көзүмдөн аккан жаш үнүмдү бууп калды.
– Ага, агажан...
Ушуну айтканга араң жарадым.
– Малика, жаңы жылың менен!- деп жылуу куттуктады.
Менин кубанычым чексиз эле. Агам кечириптир... Мени кечириптир... Ушуну ойлоп жүрөгүм туйлап кетти.
– Ага, мени кечириңиз!.. Мени кечириңиз, ага!.. Сизди сагындым!.. Сиздерди аябай сагындым!.. Апамды сагындым, ага!..- деп жалынып жибердим. Дагы көп нерсени айткым келди. Агамды жан дилим менен жакшы көрөрүмдү, Бактиярды да сүйөрүмдү, алтургай ооруп жатканымды, тарткан азабымды, жакында операция болорумду, анын жардамына муктаж экенимди айткым келгени менен, эмнегедир кудуретим жеткен жок.
– Малика, ыйлаба, карындашым, баары өттү. Биз да сени сагындык. Үйгө келгин!- деп сооротту.
– Ага, сиз мени кечир­диңизби? Үйгө барайынбы?- дедим ишене албай.
– Бардык жаман ойлорду эски жылга таштайбыз да, жаңы жылга жакшы ниеттер менен өтөбүз. Албетте, айылга келгин, биз сени күтөбүз!- деди коштошуп жатып.
Бул сөздөрдөн жүрө­гүм аз жерден жарылып кетпей турду. Кубанычтан биринчи жолу ыйладым. Көптөн бери кимдир бирөөнүн жылуу сөзүнө зарыгып калганымды түшүндүм. Агамдын кечиргенине эреркеп турдум. Ошол кезде сыртта түркүн салюттар атылып, жаштардын шаңдуу кыйкырыгы, ыр-күлкүсү угулуп турду. Бул учурда эшикти бирөө катуу какты. «Жанатан бери мени сыртка чакырып жаткан кошуналар го...» деп эшикти ачтым. Сыртта Бактияр туруптур.
– Бактияр!- дедим ого бетер кубанып.
– Майрамың менен!
Канчалык ортобузга суук түшүп, аралыгыбыз алыстабасын, мени куттуктаганды унутпаптыр. Кубанычымды жашыра албай кучагына бой таштадым.
Ошентип, операциядан кийин бир айга эс алууга чыгып, айылга бардым. Бул күндөрү мурда бирге иштеген жигиттер сөз айттырып, айрымдарынын ата-энеси түз эле апамдын астына келип колумду сурап жатышты. Жок, мен аларга кол суна албайт болчумун. Анткени алар мени пейили ак, дили таза, баскан-турганында өөнү жок аруу кыз деп ойлошчу. Урматымды жайына койгон мамилелерине, таза ойлоруна чыккынчылык кылгым келген жок. Мендеги мындай сапаттардын баары булганып, бул жүзүм менен бир гана Бактиярды тике карай алат болчумун. Ал менин мүнөзүмдөгү, жүрүм-турумумдагы айырмачылыктарды аттын кашкасындай таанып турса да, моюн сунбай мени гана күнөөлүү кылуудан, өзүн акактай актоодон тартынбады. Мындай мүнөзү менен менин алдымда да, айланасындагылардын жанында да кадыры өлүп, канчалык актанбасын сөзү сынып жатканын баамдай алган жок. А мен ошого карабастан, аны сүйүүдөн баш тарта албадым. Келген жерди оңдуу жооп айтпай кайтарып, бут тосуп жатканымды көргөн бир туугандарым унчукпай карап турушкан жок.
– Yч жылдан бери жигитим бар дейсиң, аның да алыс жерден экен! Бар болсо кана?! Мына, келип жаткан жигиттер да жаман жердин балдары эмес! Өзүңдүн да жашың өтүп жатат, эртең эле кара далы болуп отуруп каласың!- деген эжемдин сөзүн калгандары да жабалактап коштоп айламды кетиришти. Унчукпай кутулуп кетүүдөн башка жол жок эле.
Бактияр экөөбүздүн ортобуздагы жакшы эмес болуп калган мамилебизди, бизге бузукулук кылгандарды, ата-энесинин каршылыгын, анын чечкинсиздик кылып жатканын айтып берүүгө туура келди. Көпкө ыйладым, кантсе да Бактиярдан башкага турмушка чыкпасымды, эгер ал таптакыр таштап кетсе, өмүр бою жалгыз өтөрүмдү баса белгиледим. Эжелеримдин бирөөсү чачымдан сылап, мага жардам кылууга убада берди. Кийин ошол эжем аркылуу биздин ортобуздагы чечилбей жаткан маселени Бактиярдын ата-энесине билдирдик.
Эс алуум аяктап, шаарга кайра кайттым. Бактиярдын айылы так ошол чоң жолдун боюнда болчу. Алардын шаарчасына жакындаганда машинабыздын дөңгөлөгү тешилип калды. Эптеп шаарчадан машина оңдоочу жай таап, оңдогуча күтүп калдык. Кашайган жаным Бактиярдын карындашы Толгонайды ойлой кетип, «кантсе да бир туугандай болуп калган аны менен бир аз болсо да сырдашып, ата-энесине абалыбызды билдирип койсомбу?..» деген ой келе калды.
Чоң базардын жанынан такси издей баштадым. Ошол учурда бир убакта өзүн «күйөө балаңызмын» деп тааныштырган Толгонайдын жигитин коштоп келген балдардын бирөөсү мени тааный коюп чуркап келди. Алар менен таанышкан учурда оюм онго, санаам санга бөлүнүп тургандыктан, элестери да жакшы эсимде калган эмес экен. Өздөрү айтышканда араң эстедим.
– Жакшылык кайда?
Мен «күйөө баламдын» кабарын сурай кеттим.
– Ал Орусияга кетти,- деди таанышым.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
AazamatBBB
2010-05-12 16:30:56
бутсо жакшы болот эле кыйнап жиберди!
0
kyrgystan
2010-05-15 02:46:20
Baikush kys osun emne myn4a kyinady,okup jatyp men dagy kyinalyp kettim uje......
0
Замира
2010-05-15 20:05:32
okup jatyp yiladym :(
kys tush korup jatkanday bolup jatat
0
№ 392, 7-13-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан