«БУТУМ ЛУКУЛДАТЫП ООРУТАТ, СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?» Адис кеңеш берет

Суроолорго Бишкектеги Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Байсекеев жооп берди.


Мен Орусияда ресторанда ашпозчу болуп иштейм. Күнүгө тик туруп иштегенге буттарым оорутат. Салмактанат, талыйт, сайгылашат жана ачышат. Кан тамырларым лукулдатып оорутат. Бутумдун ар жериндеги кан тамырлар буржуюп көгөрүп сыртка көрүнүп турат. Жанымдагылар «бул варикоз, троксевазин дары майын сыйпа» дешкен. Дары майды сыйпаганда бир аз оңоло түшөм. Айыгуу үчүн дагы кандай каражаттарды колдонсо болот?

Адилет, 31 жашта, Новосибирск

– Сиздин айткандарыңыз варикоздун белгиси. Сыягы, дайыма тик туруп иштегендиктен, буттардын вена кан тамырларындагы клапандар иштебей калып, варикоз жаралган. Троксевазин дары майы жалгыз өзү жардам бере албайт. Сиз кан тамыр хирургуна көрүнүп, буттарыңыздагы кан тамырларды УЗИден текшертип, анан дарыланууңуз кажет. Эгер дарыланбасаңыз, веналар жарылып, оңой менен айыкпай турган жаралар пайда болот. Бара-бара буттардагы кан айлануу системинин иштеши бузулуп, майыптык келип чыгат.

«КАН ТАМЫРЛАРДЫ ӨЗ АЛДЫНЧА ТАЗАЛООГО МҮМКҮНБҮ?»

Кандан анализ тапшырсам, холестериндин деңгээли жогору болуп чыкты. Тааныш медайым «кан тамырды легенд деген тамчылатма дары менен тазалоо керек» деди. Ушинтсе болобу? Май түйдөкчөлөрү кан тамырды бүтөп калып, инсульт жаралбашы үчүн тамырды эмне менен өз алдынча тазаласа болот?

Гүлкайыр, 44 жашта, Бишкек

– Сиз жазган дары каражат кан тамырларды тазалоодо колдонулбайт. Башка үчүн колдонулушу мүмкүн. Артерия кан тамырларындагы май түйдөкчөлөрдү (холестериновые бляшки) тигил же бул дары менен өз алдынча тазалоого болбойт! Кан тамырлардын кайсы жеринде май түйдөкчөсү бар экенин билүү үчүн ангиография жасатуу зарыл. Анын жыйынтыгына жараша май түйдөкчөлөрдү эритүү үчүн дары-дармек чектелет же операция жасалат.

«ВЕНАМДЫН ЧЫГЫП КАЛЫШЫНА КАТЕТЕР СЕБЕПКЕРБИ?»

Кийинки күндөрү моюнумдагы венам чыгып калганын байкадым. Мурун ооруп дарыланганымда колумдун венасын ичке экен дешип, моюнумдагы венага катетер коюп, ошол аркылуу тамчылатма дары куюшчу. Ошол жерим ооруп, көгөрүп жүрүп, кийин билинбей калган эле. Бул ошонун кесепети эмеспи? Дарылаганга болобу?

Элмира, 45 жашта, Токтогул

– Моюндагы венанын чоңоюп кетиши компенсатордук кеңейүү деп аталат. Сиз айткандай, бул ошол катетердин кесепети болушу толук мүмкүн. Эгер оорубаса дарылоонун кажети жок. Ооруса анда кан тамыр хирургуна текшерилсеңиз дары-дармек жазып берет.

«АЯЛДАРДЫН ЖЫНЫСТЫК ОРГАНЫНДА ДА ВАРИКОЗ БОЛОБУ?»

Дайыма тар ич кийим кийсе жамбашта, анан жука чурайда кан уюп калып, ал жерде варикоз пайда болот дешет. Чынбы? Аялдардын жыныстык эриндеринде да варикоз болушу мүмкүнбү? Эгер болсо, эмне кылуу керек?

Зарема, 25 жашта, Бишкек

– Ооба, тар ич кийим акыры варикозго жеткирет. Андыктан кененирээгин кийүү зарыл. Аялдардын сырткы жыныстык мүчөлөрүндө, анын ичинде жыныстык эриндеринде да варикоз кездешет. Акыркы кезде мындай кыз-келиндер көбүрөөк кездеше баштады. Мунун себепкери «ичимди киргизем, жамбашымды чыгарам» деп өз алдынча туура эмес көнүгүүлөрдү жасоо болуп эсептелет. Эгер варикоз болсо гинекологдон, кан тамыр хирургунан кеңеш алып, дарылануу зарыл. Фитнес менен машыгууда ден соолукка зыян келбеши үчүн инструктордун кеңеши кажет.

«СКЛЕРОТЕРАПИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?»

Бутумда варикозум бар. Врач склеротерапия жасатуу керек деген. Ал эмне болгон операция? Канча убакытка созулат?

Айпери, 42 жашта, Ош

– Склеротерапия – бул варикозду операциясыз айыктыруу ыкмасы. Венага ичке ийне менен атайын зат куюлат (бул 3-5 күн кайталанат). Ал зат кан тамырды бүтөп, канды өткөзбөй калат. Кан башка жак менен айланып өтө баштайт. Кан өтпөй калган вена акырындап ичкерип, билинбей калат.

Склеротерапия 5 мүнөттөн 40 мүнөткө чейин узарышы мүмкүн. Бул варикоздун оор же жеңил түрүнө жараша болот.

Ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге 0557 75 63 19 WhatsApp номерине же kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлеринен жооп алып беребиз.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
meni_kut
2017-08-29 10:34:00
чон рахмат
+4
Serenada
2017-09-02 23:25:04
менде да ушу женский жакта турбанда варикоз пайда болуптур деген эле эмне кылса болот жооп алып бергилечи сураныч
0
№ 773, 25-31-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан