СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Рустамдын чытылган кабагы, толкун кара чачтары, башын аста серпип койгону кайрадан көз алдына тартылып, Иман эрксизден онтоп алды. Көрсө, көкүрөгү бекер уйгу-туйгу болбогон экен да. Тагдырдын тамашасын карачы, катуу жерге алып келип камаганын.
Мейманкананын жанынан түшүп калышты. Досу жолду ката бир нерселерди күбүрөп келаткан Имандын жоругун түшүнбөй башы маң. Акыры чыдабай кетти.
– Айтчы, бай болгур, сени жылан чагып алдыбы?
– Жыландан да жаман,- деди Иман.
– Эх, досум, сен экөөбүз эчен жыландын уюгунан аман чыкпадыкпы! Айт, эми, кандай жы...- деп келаткан Анвардын сөзүн Иман бөлүп жиберди.
– Анвар, билесиң го... Айша... Айшадан төрөлгөн балачы, менин уулум... Ошол...- деп мукактанган Иман галстугун булкуп жиберип, аптыга сүйлөдү.
– Мен чыгып жөнөөрдөн мурда сахнага чыккан жигит... Ошол менин уулум!
– Эмне?! Акылың жайындабы?!
Анвардын оозу ачыла түштү.
– Ооба, ошол. Мен аны мурун эле көргөм. Бирок бүгүн анык тааныдым,- деди Иман.
Экөө унчукпай калышты. Калчылдаган колдору менен тамекисин бир жандырып, бир өчүргөн Иманды Анвар аяй карап турду да:
– Аны кантип тааныдың, Имаке?- деди.
– Билбейм, Анвар, билбейм. Жүрөгүм тааныды окшойт.
– Ал билеби?
– Эмнени?
– Атасы сен экениңди, макоо?! Атасы бар экенин?!
– Билбейм,- деди оозу бош.
– Билбейм дейсиң да! Деги сен эмнени билесиң, ата сөрөй?!
– Мобул жерим айтып жатат, Анвар! Айшадан кеткенден бери эч кабарын албаганым менен, ал бала менин мобул жеримде жашап келди. Көңүлүмөн канчалык сүртүп салайын десем да, көөдөнүмдү курттай жеген өкүнүчтү алып сала албадым. Кымбат нерсемди жоготуп алгандай ушул убакка чейин жан дүйнөм кемип келди.
Анвар муңкана күбүрөнгөн Иманды кучактай калып ичкери жетелеп жөнөдү.
– Болду эми, болору болду. Эртең сынактын жыйынтыгы болот. Ошондо...
Концерттик зал. Кайрадан сахнаны тигиле тиктеп, чыдамсыздык менен жыйынтыгын күткөн талант күйөрмандары. Имандын көөдөнү күйүп-жанып, Рустамды издеп сахнаны жүз айланып жатты. Аңгыча эле жеңүүчүлөрдүн тизмеси да айтыла баштады. Өрөпкүгөн көөдөнүн баса албай демиккен Иман алпаруучу кыздын «Кыргызстан! Жаш кыл кыякчы Иманов Рустам» деген үнүн угары менен ыргып турду. Анткени Рустамга тапшыруучу белекти Иман тапшырарын Анвар алдын ала сүйлөшүп койгон эле.
Алпаруучунун үнү кайра жаңыр­ды:
– Ал эми атайын дипломду кыргыз элинин дагы бир музыканты Иман Тайырович тапшырат!
Дүркүрөгөн кол чабуулардан башы айланган Иман сахнага кадам шилтеди. Бул ааламда уулунан башка эч ким жоктой бүт дүйнөнү унутуп калды. Бир көргөнү – сумсайыңкы жүзүн бурган Рустамдын көздөрү. Рустам да калтырай түштү. Эчен жолу сыртынан көргөнү менен, биринчи жолу жүз көрүшкөнү ушул. Бул жакка келгенин да билген эмес.
Бири-бирине басып келаткан экөөнүн жүрөгү үн алыша онтоп жатканын эч ким сезген жок. Иман көздөрүндөгү жашын сүртүүгө чамасы келбей баракчаны алпаруучу кыздан алып, уулуна жакын келди. Жүрөгү булкуна түшкөн Рустам да Иманды түз карады. Бири-бирине тигилген көздөрдө таарыныч да, өкүнүч да, сагыныч да, өксүү да турду.
«Атаке, ата дебегенде эмне дейин? Акыры ушинтип жолугат белек? Сен да келет экенсиң го... Мен сенин аталык мээримиңе зар болбодум беле... Эс тарткандан бери күтпөдүм беле... Апам экөөбүз сени күтүп...» деп жатты Рустамдын кусага толгон жүрөгү.
«Уулум, бир көргөнгө зар кылдың го... Келчи, маңдайыңдан искейин. Жытыңа зар болдум, балам!..»деп Иман уулунун караанына жалбарып жатты. Ал эми дүркүрөгөн кол чабуулар ата-баланын биринчи кездешүүсүн куттуктагандай көпкө басылбай турду.

***

Анвар Иманды көрүп демиге чуркап келди да:
– Иман, ал бүгүн кетет экен. Самолёт азыр абага көтөрүлгөнү жатыптыр. Бол, жетишип калалы,- деп шаштырып кирди.
Иман сөздүн төркүнү ким жөнүндө экенин биле койду. Рустам менен канча жолу сүйлөшөйүн деп аракет кылса да, андан безилдеп качып туруп алды. Айласы кеткенде Шамилди ортого салып көрсө, аны да укпай коюптур. Эми болсо «Кыргызстанга кетип жатат» деп Анвар келгенден кийин эмне кыларын билбей калды.
– Эмне турасың, бол деп жатам?! Дегдеңдете жетелеген Анвар түз эле аэропортко баруу үчүн такси кармоого киришти. Алар аэропортко жетип келгенде аз гана убакыт калган эле.
– Тигине, кетип баратат,- деди Анвар.
Рустам кыл кыягын колуна алып, сумкасын асынып бараткан экен. Алдында турган Иманды көрүп кабагын бир жыйрып алды да, эч нерсе болбогондой жанынан өтүп кетти. Иман ордунан обдула берди.
– Уулум!- деди буулуга.
Рустам укмаксан. Узап баратканын көрүп чыдабай кеткен Иман кыйкырып жиберди.
– Рустам! Токточу, уулум!
– Мен сиздин уулуңуз эмесмин!
Рустам жай бурулуп, Иманды суз карады.
– Мен сенин атаңмын, Рустам! Мен издеп... Айша... Коё турчу, уулум, сүйлөшөлүчү?!
Иман жалынып жиберди.
– Жок, Иман Тайырович, мен сизди тааныбайм, тааныгым да келбейт! Мындан ары мага уулум деп кайрылбаңыз. Ал эми апам... Апам үчүн сиз эбак өлгөн кишисиз... Мени күтүп калышты... Кош болуңуз!
Рустам тез-тез басып жөнөдү.
– Уулум, токточу! Мен... Рустам, токто дейм! Мен атаңмын, акылсызым!
Иман жүгүрө күзөт постуна жөнө­гөн уулуна кардыга кыйкырып жиберип, артынан чуркап жөнөдү. Имандын жалынычтуу үнү казактын ээн талаасына жаңырып барып акырын сиңип кеткенсиди. Ал уулунун артынан эле эмес, унут болгон бакытынын, жаштыгынын артынан чуркап бараткан эле.
Самолёт акырын абага көтөрүлүп баратты. Иман чуркап барып тизелей жыгылды. Жыгылган калыбында акыркы үмүтүн алып бараткан асманды армандуу карап жата берди. «Бүттү, ал кетти. Артына бир кылчайып койбоду. Чала! Мага убал жок! Өз боор этимден жаралган балама мен бир кылчайып койдум беле?! Мына, бардык нерсенин эсеси чыгат деген ушул! Чала, сага!» деп өзүн-өзү жектеп жатты. Өмүрүнүн бир белин ашып койдум деп жүргөндө мындай тагдырга кабыларын кайдан билди.
– Имаке, кой эми, тур,- деп колтуктап алган Анвар үнүн канчалык кайраттуу чыгарайын десе да, мууну бошоп бараткан эле.
– Эх, досум, досум!- деп күңкүл­дөгөн Иман Анварды телмире карады.
– Бул эмне деген жаза, ыя, досум?
– Койчу, Иман, ал бала эмеспи. Азыр түшүнбөсө кийин түшүнөт, анчалык кейибечи.
Ээрчишкен эки дос таксини көздөй басышты. Тополоңу тоз болгон тагдырдын каардуу бороону Иманга дагы эмнелерди камдап турганы азырынча белгисиз.
Бакыт кесеси толук болбойт тура. Иман капилеттен уулун таап, бөксөсү толуп турган күнү Гүлнара оор абалда жаткан. Чабалактап эсине келип-келбей жатып эле ойлогону Иман. Эптеп көзүн көрүп, чачынан бир сылап өлсө арманы жок эле. Бирок эмнегедир Иман кечигип жатты.
Көзүн ача салып «ал келдиби, айткылачы, Иман келдиби?» дейт. Анан кайрадан көзү аңтарылып, эсин жоготот. Асыл эже күйпөлөктөп жанынан чыкпай «айланайын, ай, Иманың ким эле?» деп эчен сураса да жооп ала албады.
– Байкуш аял, ай!- деп оор үшкү­рүнгөн Асыл эже Айшанын кабинетине капаланып кирди.
– Эмне болду, Асыл эже?- деди Айша таң кала.
– Тигил байкуш аялды айтам. Оозунан эле Иманы түшпөй койду. Баласыбы же күйөөсүбү билбейм. Эсине келип-келбей эле ошону сурап жатат.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Jekintay
2010-05-10 19:12:33
Ушул тема качан бутот? Сайтка кирсен эле ушуну коросун.
0
temirlan
2010-05-10 23:50:06
hmm jakwu jerine keliptirda!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!! kobuurook jazgulachu suranam!!!!!!!
0
safina
2010-05-11 12:31:29
давайте закруглятса
0
№ 392, 7-13-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан