«ИНТЕР» «БАРСЕЛОНАНЫ» ТОКТОТТУ

Эл аралык кабарлардан

Футбол

Өткөн аптада эң абройлуу мелдеш УЕФАнын Чемпиондорунун Лигасында финалчылар аныкталды. Алгачкы “Лион”–“Бавария” жарым финалында немистер кыйынчылыкка кабылган жок десек болот. Өз үйүндө 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен “Бавария” жооптук беттешти 3:0 эсебинде аяктады. Бул оюндан айырмаланып, “Барселона”–“Интер” тирешүүсү бир да күйөрманды кайдыгер калтырган жок. Миланда 3:1 эсебинде жеңишти камсыздаган италиялыктар “Барселонада” ачык эле коргонууда ойношту. Учурдун №1-футболчусу ойногон учурдун №1-командасы “Барселона” “Интердин” коргонуусун багынта албады. Испаниялыктар өз үйүндө 1:0 эсебиндеги жеңишти камсыз кылышса да, жалпы эсепте (3:2) жеңилүүгө аргасыз болушту. “Барселонаны” токтотуу планын ийгиликтүү ишке ашырган “Интердин” машыктыруучусу Жозе Моуринью Барселонадагы оюндан кийин: “Биз “Барселонага” оюн жагынан тең келе албайбыз. Бирок коргонуу жагын мыкты өздөштүрүп, аларды артта калтыра алдык. Бул менин карьерамдагы эң мыкты жеңилүүм”,- деп кубанычын жашырбады.
“Барселона” сыяктуу жеңишке башкы талапкер болгон англиялык “Ливерпуль” да Европанын Лигасынын финалына чыга алган жок. Европанын Лигасынын финалында эми “Гамбургду” (Германия) артта калтырган “Фулхэм” (Англия) менен “Ливерпулду” токтоткон “Атлетико” (Испания) өз ара күч сынашмакчы. УЕФАнын ЧЛсынын финалы 22-майда Мадридде, ал эми Европанын Лигасынын финалы 12-майда Гамбургда өтөт.

Шахмат

Топалов-Ананд: ДААРАТКАНА ЖАНА МИЛЛИОН

Ушул күндөрү Софияда дүйнөлүк шахмат таажысы үчүн учурдун мыктылары индиялык Вишванатан Ананд жана болгариялык Веселин Топалов ортосунда тирешүү жүрүп жаткан кез. Спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүл борборунда турган бул чемпиондук беттеш үчүн бардык шарттар көрүлгөн. Эске салсак, 2006-жылы “даараткана чатагы” чыгып, Топалов Крамникти “дааратканага бат-бат барып, ал жактан жардам алып жатат” деп күнөөлөгөн эле. Ошондо айтылган айып сөз жүзүндө калып, орусиялык спортчу жеңип кеткен. Мелдештин байге фонду 2 миллион еврону түзүп, анын 1,2 миллионуна жеңүүчү ээ болот. 21-апрелде старт алган тирешүү 12-майга чейин созулуп, 12 партия ойнотулат.

Бокс

Мейвезер-Мозли: БААРЫН ТЕЗДИК ЧЕЧКЕНДЕ...

2-майда АКШнын Лас-Вегас шаарында көптөн күтүлгөн Мейвезер-Мозли беттеши жыйынтыкталды. Эки америкалык күйөрмандарга 12 раунддук 100 пайыз мушташ тартуулашты. Флой Мейвезердин үстөмдүгү байкалган беттеште калыстар жеңишти бир добуштан Флойго ыйгарышты. Калыстардын чечимин беттешти видеодон кайра көрүп чыккан адистер да тастыктап чыгышты. Алардын изилдөөсүндө, Шейн Мозлинин атаандашына 92 соккусу так тийсе, Флойд Мейвезердин 208 соккусу так максатына жеткен. Пайыздык катышта алып караганда, Мейвезер узаткан соккулардын 44 пайызы таамай болсо, Мозлинин соккуларынын 78 пайызы текке кеткен.


Жергиликтүү кабарлардан

Кикбокс

“МАРАЛБЕКТИН” ОРУСИЯГА “ЖОРТУУЛУ” ИЙГИЛИКТҮҮ БОЛДУ

Жакында Орусиянын Красноярск шаарында жергиликтүү Кикбокс федерациясы жана кыргыз диаспорасы уюштурган кикбокстун К-1 версиясы боюнча “Манастын кубогу” деп аталган Эл аралык ачык мелдеш өткөн. Анда Бишкектин “Маралбек” спорт клубунун өкүлдөрү кыргыздын намысын татыктуу коргоп кайтышты. 71 килограмм салмакта финалда командалаштар Калыбек Жолдошов менен Урмат Сартбаев кезигишти. Жеңүүчү деп Урмат Сартбаев табылды. Ал эми 91 килограмм салмакта аталган команданын дагы бир өкүлү Сергей Смирнов алдына эч кимди салган жок. Кошумчалай кетсек, Калыбек Жолчубеков Орусияда аталган мелдештен башка бир нече биринчиликтерге катышып, тажрыйба арттырып келди.

Футбол

9-3=ЧЕМПИОНДУК

Бир ай мурда футбол боюнча КРнын кезектеги 19-улуттук чемпиондугу старт алган эле. Быйылкы мелдешке катышуу тилегин 9 команда билдирип, ФФга арыз беришкен. Бирок 7-8-апрелде болуп өткөн саясий окуялардан кийин чемпиондукка катышуучу командалардын саны кыскара түштү. Натыйжада мелдештин календары кайра каралып чыккан. Ошондой эле быйыл мелдеш 4 айлампадан туруп, командалар баш-аягы 20 оюн өткөрмөй болушту.


Жылдыздар турмушунан

ТИМОЩУКТУН ЭГИЗДЕРИ КОРКУНУЧТА
Германиялык “Бавариянын” украиналык легионери Анатолий Тимощуктун “Лион” менен беттешке эмне себептен катышпагандыгы белгилүү болду. Ал аялы Надежда экөө эгиз балдардын төрөлүшүн күтүп жатышкан. Бирок күтүүсүздөн аялынын ден соолугу начарлап, дарыгерлер 2 ымыркайды мөөнөтүнөн мурда жарык дүйнөгө алып келүүгө аргасыз болушкан.
Учурда 6 ай­лык болуп тө­рөл­гөн 2 кыздын өмүрү үчүн дарыгерлер кү­рөшүүдө. Өз кезегинде финалга жолдомо алган командасы жеңишин Анатолийдин аялы менен кыздарына арнады.

АЛОНСОНУН БАРМАКТАРЫ 10 МИЛЛИОН ЕВРО
Формула-1 боюнча Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Фернандо Алонсо кырсыкка кабылып, колунун баш бармактары жапа чексе, 10 миллион еврого ээ болот. Тактап айтсак, испаниялык автожарышчы дал ушундай суммага бармактарын камсыздандырды. Мындай келишимге Сантандер банкы менен кол коюлган.
Бул тууралуу аталган банк­тын расмий бил­ди­рүүсүндө төмөн­кү­чө айтылат: “Алон­сонун баш бармактары чоң мааниге ээ. Алар болидди башкарууда гана чоң роль ойнобостон, жеңиштин символу да болуп саналат”.

РУНИ ПОЛИЦИЯГА СУРАК БЕРИП...
Жакында “Манчестер Юнайтеддин” оюнчусу Уэйн Рунинин Англия Премьер-Лигасынын 2009-2010-жылкы сезонунун мыкты оюнчусу аталгандыгы маалым. Ушуга байланыштуу ал Лондондогу клубдардын биринде сыйлыгын майлап жатып, кызык окуяга кабылган. Достору менен эс алып жаткан Уэйн коңшу столдо отурган 17 жаштагы туристтин өлүмүнө күбө болуп калган. Португалиялык эс алуучу күтүүсүздөн отурган жеринен жан берген. Натыйжада Руни полиция кызматкерлерине күбө катары көрсөтмө берүүгө аргасыз болгон.

ЖОН РУИЗ КАРЬЕРАСЫН АЯКТАДЫ
Бокстун WBA версиясы боюнча Дүй­нөнүн экс-чемпиону Жон Руиз 38 жашында карьерасын аяктагандыгы тууралуу билдирүү жасады. “Жашоо китебимде эски бетти жаап, жаңы бөлүмдү баштоо мезгили келип жетти”,- деп айтылат ал билдирүүдө.
Руиз спорттук карьерасында 12 чемпиондук беттеш өткөрүп, 2 ирет чемпиондук наамга ээ болгон. Ал теги латын америкалык болгон супер оор салмакта чемпион аталган алгачкы мушкер болуп калды. “Келечекте эмне менен алектенесиз?” деген суроого экс-чемпион: “Бокс залын ачып, жаштарды тарбиялоону пландаштыргам”,- деп жооп берген.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Таллас
2010-05-10 16:51:51
Интер - менин командам да!
0
karyshkyr
2010-05-16 20:21:24
kg aziya footboluna kati algan emes okshoyt ee? alardan mnege ech kabar jookk.....
0
№ 392, 7-13-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан