КАДЕТЧИЛИК

“Какайгыла! Оң-го! Тез кадам менен алдыга! Бир-эки, бир-эки!..” Мына уш­ундай командалар менен коштолгон жаштар да, карылар да сүйүп көргөн көп сериялуу көркөм фильм атак-даңкты көз­дөй ишенимдүү кадам шил­теп отуруп ийгиликтин туу чокусуна жетти. Жетмек турсун ашып кетти! Анткени, көпчүлүктүн суранычы орундалып, 40 сериядан турган бул тасманын уландысы тартылууда. Демек, жакында сыналгыдан дагы 80 жаңы сериясын көрө алабыз! Сүй­үнүч эмеспи, күйөр­ман?!

Режиссёру – Сергей Арланов
Сценарийлик топтун жетекчиси – Леонид Купридо
Продюсери – Александр Роднянский, Вячеслав Муругов
Ролдордо: Александр Головин, Иван Добронравов, Борис Корчевников

ФИЛЬМДИН КЫПКЫСКА МАЗМУНУ
Фильмде негизги каармандардын бири Максим Макаров – мэрдин эрке, тентек баласы. Шоктугунан, кылаарга иши жоктугунан троллейбусту уурдай айдап качканы ата-энесинин чыдамынын жеткен чеги эле. Уулуна убагында жакшы тарбия бере албай калган мэр ата эми баласын Суворов аскердик окуу жайына өткөрүүнү чечип: “Сынактан кулап калса да аласыңар!” деп буйрук берет.
Ошол эле шаардын балдар үйүндө чоңойгон тоголок жетим Андрей Леваков аскердик билим алууну кенедей кезинен эңсеп келген. Андрейдин тилеги эми орундалып, ага окуу жайдан “эч кандай сынаксыз кабыл алабыз” деген кат келет. Намыстанган жигит өзүнүн башка балдардан кемчилиги жок экенин, эл катары экзаменге даярданып, сынактан өтүп тапшыраарын билдирет.
Ал эми шаардын бөлөк бурчунда жашаган Илья Синицын Суворов окуу жайына үйбүлөлүк салтты улап жөнөп жатат. Сү­йүктүүсү Ксениянын лагердеги жайкы эс алууга эки кишилик жолдомо алып койгонуна карабай: “Чоң атам да, атам да – аскер адамдары. Окууга тапшыруу – менин милдетим!” деген чечимди кабыл алат.
Ошентип, мурда бирин-бири тааныбаган али он төрт жашар балакайлар жашоонун жаңы эшигин ачып, жаңы сыноолордун босогосун аттоого даяр болушту. Балалык дүйнөсү менен коштошуп кете элек жатып, мекендерине кызмат өтөөгө камданышкан өспүрүмдөр аскердик жашоо шартынын оорчулугун дале сезише элек. Алардын ар биринин өз тагдыры, өз тилеги, алдына койгон максаты бар. Эми аларды бириктире турган жалпы нерсе пайда болду, ал – аскердик окуу жай.
Суворов окуу жайынын максаты орто билим берип, курал колдонууну гана үйрөтүү эмес, жөнөкөй өспүрүмдөрдөн эртеңки күнү Ата Мекенин коргой ала турган чыныгы патриот уландарды тарбиялап чыгаруу.
Бул балдар эми чоң үйбүлөнүн мүчөлөрү болуп саналат. Бир туугандар мындан ары, башкача айтканда, 1-сериядан тартып 40-серияга чейин такыр кол үз­үшпөйт. Баштарына түшкөн оор маселе болобу, окууларында жана жеке жашоолорундагы ийгиликтер болобу, айтор, ар убакта чогуу жүрүп, сүйүнүч жана кайгы-капаларын тең бөлүшүүгө даяр болушат.

ТАСМАНЫН ЖАРАТУУЧУЛАРЫ
Сериалдын бет ачары 2006-жылдын 4-сентябрында «СТС» каналында болду. Фильм теледен чыгып, эки жумалык мөө­нөттүн ичинде көрүүчүлөр­дүн 15 пайызынын көңүлүн өзүнө бура алды. Ал эми сентябрь айынын аягында күйөрмандар жалпы россиялык көрүүчүлөрдүн дээрлик 20 пайызын түздү.
Тасманын жаралышына салым кошкон ар бир адам – профессионал. “Кадетчиликтин” үстүндө “Жоокерлер” сериалынын авторлору менен режиссёрлору иштөөдө.
Тасманын авторлорунун бири жана башкы продюсери «СТС» каналынын телесериалдар департаментинин мүдүрү Вячеслав Муругов өзү аскерлер үйбүлө­сүндө туулуп, суворовчулардын аскер формасын кийип өскөн. Фильмдеги эпизоддордун көбү Муруговдун башынан өткөн тамашалуу окуялардын негизинде тартылган.
Фильмдин продюсери Дмитрий Табарчук белгилүү КВН тобунун мүчөсү, “Лорд групп” чыгармачыл тобунун жетекчиси болуп да иштейт. Анын шамдагайлыгы, тапкычтыгы фильмдин тез, ийгиликтүү тартылышына көмөк болду.
Тасманын сапаттуу тартылышына жардам берген дагы бир адам – фильмдин кеңешчи адиси Игорь Прокопенко. Ал –Тверь шаарынын аскер окуу жайынын бүтүрүүчүсү, “Ren-TV” каналындагы “Аскердик сыр” телеберүүсүнүн автору.

ЖАПЖАШ ЖАНА АТАКТУУ...
...деген сөздөр фильмге катышкан актёрлор жөнүндө айтылган. Алар 14-17 жаштагы өспү­рүмдөр болсо да, бүгүнкү күндө журтка таанымал мыкты инсандардын катарына кирип калышты. Алар “Кадетчиликке” чейин эле көптөгөн фильмдерде, жарнамалык роликтерде тартылып жүрүшкөн.
Александр Головин (Макаров) белгилүү “Шүмшүктөр” тасмасында негизги ролдордун бирин, андан тышкары, “Ералашта” да көптөгөн каармандардын образын жараткан.
15 жашар Павел Бессонов да (Печка) “Ералаш”, “Ак куулар бейиши” сериалдарында башкы ролдорду ойногон.
Булардын эң улуусу Борис Корчевников (Синицын) 24 жашта. Анын негизги кесиби – тележурналист. Съёмкаларды калтырбаш үчүн ал ишинен, башкача айтканда, «НТВ» телеканалынын жетекчилеринен 3 айга уруксат сурап келген.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Сериалдагы окуялар 99 пайыз чындыктын негизинде Суворов окуу жайынын имаратында тартылган. Тасмадагы “массовкадагылар” кадимки эле “суворовчулар”. Калинин шаарынын Суворов окуу жайынын башчысы, генерал-майор Юрий Федоров: “Фильмдеги ар бир сөз, окуя суворовчулардын чыныгы жашоосуна төп келишет. Ушул себеп менен тасма ушунчалык популярдуулукка жетишти деп ойлойм” деген.
  • Фильмге атайын ыр жазууну продюсер “Корни” тобуна тапшырган. Топтун солисти Павел Артемьев продюсер менен ырдын мазмунун талкуулаган соң автобуста бараткан жолдо 20 мүнөттүн ичинде “Шамал менен жарыша” аттуу саундтрек жарата койгон.
  • Фильм серия боюнча эмес, блокторго бөлүнүп тартылат экен. Бир блок 10 сериядан турат. Мисалы, бир блокко тиешелүү көчөдө тартыла турган эпизоддордун баарын бир күндө тартып коюуга аракет кылышат. Мындай ыкма менен сценарийди ээрчип бирде эшикке, бирде имараттын ичине техниканы ташып жүр­бөстөн, энергия менен убакытты үнөмдөсө болот.
  • Сериалдын бюджети тууралуу так маалымат жок. Бир сериянын тартылышына эң аз 15 миң, же эң көп 100 миң доллар сарпталышы мүмкүн. Баары эпизоддун качан, кайсы жерде, кантип тартыла турганынан көз каранды.
  • “Кадет” сөзү француз тилиндеги “cadet” сөзүнөн алынып, “кичүү” деген маанини билдирет. “Кичүүлөр” деп феодалдык Францияда жана Пруссияда аскер кызматын өтөп жүргөн жаш дворяндар эсептелген. “Кадет” ошол замандарда өтө барктуу жана маанилүү наам болгон.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 225, 23-февраль-1-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан