Президенттик шайлоого карата БШКга арыз берген 59 жарандын учурда 49у калды. Алардын ичинен бардык талаптарды Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Бакыт Төрөбаев аткарып, БШК аларды расмий талапкер катары каттап, күбөлүк тапшырды. Жарандардан
30 миңден кем эмес кол чогултуу талабын аталган 4 саясатчыдан башка Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков аткарып бүттү. Бирок Текебаев үчүн чогултулган жарандардын колдору "шайлоо фондунан каржыланбаган" деген шылтоо менен жараксыз деп табылды. Жарандардын колдорун БШК 26-августка чейин кабыл алат. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда БШКнын тизмесинде 47 талапкер калды.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg