МАЙ ЖАНА КАНТ – БАҢГИЗАТ КАТАРЫ

Билип ал

Жашоонун жакшырышынан улам тамак-аш курсакты тойгузуу гана эмес, рахат алуунун булагына да айланды. Албетте, даамдуу, таттуу тамак кимди кайдыгер калтырсын? Бирок ошол эле кезде адамдар тамактан рахат алуу баңгизаттан, тамекиден, ичкиликтен, спортто жеңиштен рахат алуу менен тең экенин биле беришпейт.
Мисалы, биз кантты, таттуу же майлуу азыкты (колбаса, майлуу эт ж.б.) кабыл алсак, мээде рахат гормону – дофамин бөлүнүп чыгат. Таттуу жана майлуу азыктарды кабыл ала берсек дофаминдин бөлүнүп чыгуусу өсөт да, организм ага баңгизат катары көнө баштайт. Башкача айтканда, организм бизден таттуу жана майлуу тамактарды талап кылууга өтөт. Адам башка азыктарга алымсынбай калат. Толуп баратканына карабай кайра эле майлуу жана таттууларды жегенди улантып, дагы да семире баштайт. Мурун тамакты жакшы жасоону билбегендер да толгондон тартып даамдуу жасоого үйрөнүшөт. Анткени анын организми даамдуу, таттуу же майлуу тамактын кезектеги порциясын талап кылат. Ошентип адам толуп, аны менен кошо организминде оорулар да жарала берет. Бир эле мисал келтирсек, адам 1 килограмм семиргенде денеде узундугу 1 чакырымга жете турган майда кан тамырлар жаралат. Бул болсо жүрөккө күч келтирет. Башкача айтканда, кан айлантууда жүрөккө оордук келет.Андыктан айта турган нерсе, майлуу жана таттуу тамактарды рациондон азайтуу кажет.

ПАСТЕРИЗАЦИЯ – АЗЫКТЫ БИР ЫСЫТЫП АЛУУ
Пастеризация – тамак-аш өнөр жайында суюктукту (сүттү, сыраны, шарапты ж.б.) же азык түрүн 60-70 градуста 15-30 мүнөт ысытып алуу. Мында бардыгы болбосо да кээ бир бактериялар түрү өлөт. Муну окумуштуу Л.Пастер ойлоп тапкандыктан, ыкма анын атынан коюлган.
Ыкманы колдонуудагы башкы максат – азыктын эрте бузулуп кетүүсүнүн алдын алуу. Тактап айтканда, сакталуу мөөнөтүн узартуу. Каймакты, айрым шире менен суусундуктар түрүн 100 градус температурада ыкчам пастеризациядан өткөрүү түрү да бар. Анан аларды атайын идиштерге куюп, сатыкка чыгарышат.
Алдын ала бөтөлкөгө же консерва банкасына куюлган азыктар ысык буу менен ысытылып, пастеризациядан өткөрүлөт. Пастеризациядан өткөрүлгөн азыктар өзгөчө жаш балдарга сунушталат.

ПАРАЦЕТАМОЛ АЛЛЕРГИЯГА АЛЫП КЕЛЕТ
Окумуштуулардын изилдөөсүндө, парацетамол жаш балдарга оору алып келет. Мындай жыйынтыкты алар Англиядагы медициналык журналдардын бирине жарыялашкан.
Көрсө, 2-3 жашка чейинки балдар ооруган сайын парацетамол дарысы берилсе, андай балдарда кийин аллергияга кабылуу коркунучу чоң экен. Окумуштуулар мындай жыйынтыкты 31 өлкөдөгү 20 миңден ашуун баланы изилдөөдөн өткөргөн соң чыгарышкан. Кичинесинде парацетамолду көп кабыл алган балдар кийин аллергиядан тышкары астма, экземага чалдыгуусу аныкталган. Илимпоздор буга далил катары акыркы 50 жылда балдардын арасында астма менен ооругандардын санынын өскөнүн көрсөтүшөт.

БИФИДОБАКТЕРИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Адамдын ичегисинде, терисинде, оозунда, аялдардын жыныс кынында түрдүү микробдор бар. Алардын ичинде пайдалуулары да, көбөйүп кетсе оору жарата тургандары да бар. Иммунитет аларды тең салмакта кармап турат. Иммунитет төмөндөгөндө жана адам ооруганда пайдалуусуна караганда зыяндуулары көбөйүп, оору келип чыгат.
Мисалы, жаш балдарда кездешүүчү оозул. Ичегидеги пайдалуу бактериялар азайса, анда дисбактериоз жана бир топ оорулар (мисалы, ичтин көбүшү; ичтин өтүшү же катып калышы; тамактын сиңишинин кыйындашы; диатез; тамак-аштан аллергия) келип чыгат. Ал эми аялдардын жыныс кынындагы керектүү бактериялар азайса, кандидоз (молочница) оорусу жаралат.
Бифидобактерияга келсек, булар сүт кычкылынын бактериялары болуп эсептелет жана адамдардын ичегисинде болот. Ичегидеги бактериялардын 80-90 пайызын түзөт. Бифидобактериялар оору жаратуучу жана тамак-ашты чирүүгө жеткирүүчү бактериялардын көбөйүүсүнүн алдын алат. Башкача айтканда, организмдин сактоочу калканчы жана ичеги ооруларынын алдын алуучу, тамак-аштын бат сиңүүсүнө жардамчы болуп эсептелет. Андыктан адамдарда, көбүнчө балдарда дисбактериоз жаралган учурда бифидобактериялар кошулган сүт жана сүт азыктары сунушталат. Аны кабыл алган соң ичегидеги бифидобактериялардын катары толукталып, иммунитет жогорулайт. Дисбактериоз да акырындап жоголот.

ЭМНЕ ҮЧҮН ТИРҮҮ ЙОГУРТ?
Йогурт сүт азыгы жана табигый антибиотик болуп саналат. Ал эми тирүү йогурт пастеризациядан өткөн нак сүткө болгар лактобактериясы, термофилдүү стрептококк (экөө тең пайдалуу бактерия түрү) кошулуп даярдалат. Андыктан андагы витаминдер организмге бат сиңет. Мисалы, 1 саатта сүттүн 32 пайызы сиңсе, ушул эле убакытта тирүү йогурттун 91 пайызы сиңет.
Жөнөкөй йогурттун тирүү йогурттан дагы бир айырмасы – анда белок, кальций, магний, көмүртек, фосфор, ар кандай ферменттерден тышкары Д жана В витаминдер тобу бар болгондугу.
Тирүү йогурт ичегидеги тамак-ашты аш кылуучу бактериялардын көбөйүүсүнө жол ачып, тамак сиңирүүнү жакшыртат жана зыяндуу бактерияларды өлтүрөт. Тирүү йогурт аталышы мына ошондон чыккан.


Элдик медицинадан

ВАРИКОЗДО...
Бутка компресс. Варикоздон жапа чеккендер бутуна эрменден компресс жасаса болот. Упадай абдан майдаланган 1 аш кашык эрменге 1 литр жаңы уюган айранды кошуп аралаштыруу кажет. Анан дакини ал аралашмага нымдап алып, ооруган жерге 2-3 саат тартуу керек. Бул бир күндө 2 жолу кайталанат. Эрмен болбосо, анын ордуна теңге гүл (календула) же ромашканы колдонсо болот. Дарылануу курсу 4 күн.
Бутка ванна. Мажүрүм талдын же эмендин кургатылган кабыгын абдан жанчып, упадай майдалап алуу кажет. Андан 2 аш кашык алып үстүнө 400 грамм ысык суу куюп, 15 мүнөттөй жай отко кайнатуу зарыл. Эми бутка ванна жасай берсе болот (бутту тизеге чейин салуу ылайык). Ваннага бутту 30 мүнөт кармоо талапка ылайык. Дарылануу курсу 4 күн.
Помидор тартуу. Бышкан помидорду тегерек кылып кесип алып, кеңейип кеткен тамырлардын үстүнө жабуу керек. 3-4 сааттан кийин жаңы помидордун кесимдери менен алмаштыруу кажет.
Картошка тартуу. Картошканы сүргүчтөн өткөрүп, ботконун калыңдыгын 1 сантиметрдей кылып тартуу керек. Үстүн целлофан, мата менен жаап коюу талапка ылайык. Компресс 4-5 саат коюлат.

Эскертүү! Элдик медицинаны колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү сунушталат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AazamatBBB
2010-05-10 22:10:08
арыктайлы туугандар!
0
№ 392, 7-13-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан