Үстүбүздөгү жылдын 15-август күнү белгилүү ырчы Абдумалик Шерматов алдамчылыкка шектелип милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. 28-августта тосмо арыздын негизинде тергөө абагынан чыгарылган ырчы болуп өткөн окуя тууралуу маек курду.
– Саламатсызбы, Абдумалик агай? Башыңыздан жагымсыз окуя өттү, арты жакшылык болсун. Айтсаңыз, сиздин үстүңүздөн арыз жазган адамга кандайча карыз болгонсуз?
– Рахмат! Баары артта калды. Менин үстүмдөн арыз жазган 2011-жылдан 2017-жылдын февралына чейин чогуу жашаган жубайым Анара Шерматова. Анара деген псевдонимди мен тандап бердим эле, сахнага ылайыктап. Өзүнүн аты-жөнү Адашкан Жусупова. 2014-жылы өлкө боюнча гастролго чыктым. Анткени 2015-жылы 50 жылдыгымды белгилемекпиз. 2015-жылы 8-мартта Бишкекте Спорт Ордосунда 50 жылдык концертимди бердик. Андан кийин Анара «юбилейлик кечеңди ресторанда өткөрүп берем» дегенинен «кымбат болуп калат го» десем болбой койду. Гастролдон чогулткан акчаны бергенден кийин ресторанга 190 миң сомдой карыз болуп калдык. Жубайым «калганын өзүм төлөп коём, менден белек болсун» деген. Эми ошол сумманы көбөйтүп жатпайбы.
Убагында мен «Айнагүлдүн (ред.: Абасова) үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтөлү» десем, Анара макул болбой койгон. Анараны жамандагандык эмес, бирок ушунча нерсе айтылгандан кийин бир эле мен күнөөлүү эмесмин да, медалдын экинчи тарабы бар. Мен кайрымдуулукту токтотпой андан ары ишимди уланттым.
Айнагүлгө үй алып берели деп ар жерлерде концерт коюп, түшкөн акчага үй алып бердим. Үй аларыбыз менен Айнагүлдүн күйөөсү Темиркулга чалдым, «кел, үй-бүлөң менен чогуу жаша, балдарыңды кара» деп, келбей койду. Андан кийин да каякка барбайлы чакырып жаттык, келген жок. Күйөөсү ичкенин, балдарын уруп-сокконун өз көзүм менен көрдүм.
– Айнагүл эженин жолдошу Темиркул Асеков «Абдумалик Шерматовго чейин эле Айнагүлгө кайрымдуулук эсеби ачылып, анда 400 миң сом бар болчу» деп жатат.
– Туура, эсебинде ошол сумма бар экен. Биз ал акчаны Айнагүлгө ыр жаздырдык, форма тиктирдик. Калганына машина алып бергем. Эгер 1 сомун мен ашыкча жесем Айнагүл «согуш» чыгармак. Менин максатым – үй алып берип, буларды өзүнчө бөлүү болчу. Бирок «нике кыйдырып алыптыр, алдаптыр» деп көп сөз чыгарып жиберишти. Эми ушул сөздөрдүн өтөсүнө чыгам, нике кыйдырып байбиче кылып балдарын жакшы карайм, буюрса.
– «Машинасын бергени үчүн тосмо арыз жазып бердим, калгандарын бөлүп төлөйм деп тил кат жазды» дейт арыз ээси...
– Анара Айнагүлдүн машинасын тартып алды. Куру доомат кылышты да. Ал эми анын жанында кошулуп жүргөндөргө мен эмес, алар мага карыз. 4 гектарга жетчү үрөндүк картошка алышкан. Эгер Анара ойлонсо, менин атымдын арты менен жылдыз болгон, аны жылдыз кылыш үчүн 3-4 миллион сомдой коротком.
– Сизге карыз болсо, арыз жаздыңызбы?
– Жазайын дедим, анан алар тосмо арыз жазганга макул болгондо кайра жазбай калдым. Алардын убалына калгым келген жок.
– «Бул куру доомат эмес, бардык документтер бар» деп жатышат го...
– Документтер турганы менен, бардык эле үй-бүлө бири-бирине жардам берет да. Табылган, корогон акчага аялы-күйөөсү бирдей жооп берет дегендей.
– Кылмыш иши толугу менен жабылдыбы?
– Тергөө иштери так аткарылышы үчүн 2 жума тергөө абагында отурушум керек экен. Мен тополоңчу эмесмин, мыйзамга баш ийип отуруп чыктым. Керекпи, дүйнөнүн 80 пайыз адамы абакка отуруп чыккан. Иш сотко жеткен жок, тосмо арыздан соң жабылды.
– Бул окуяга байланыштуу кызыңыз Маликанын да аты аралашып жүрөт...
– Малика төрөлгөнүнө 22 жыл болду. Биз Динара (ред.: Акулова) менен Малика 1 жашка чыкканда ажырашканбыз. Ошондон бери мен анын тарбиясына аралашкан жокмун.
1-2 жолу жолукканбыз, ошол бойдон телефон аркылуу эле байланышып турабыз. Малика жакшы жолго барабы, жамангабы, апасынан көргөнүн жасайт. Кызга апасы тарбия бериш керек. Мага бир жолу Динара чалды «кызың баш бербей жатат» деп. Айттым «баш бербесе мен тарбияладымбы, сенин жаныңда жүрөт го. Менин жанымда жүрүп ушундай кылса чыбык сынмак. Кызды жакшы кара, тарбиясын бузуп аласың» дегем.
– Машинага байланыштуу ызы-чууда Малика менен байланыштыңызбы?
– Телефон чалып «кызым, эмне болду?» десем, «ата, мени алдап кетишти» дейт. «Эгер сени алдап кеткен болсо алар менен катуу сүйлөшөм. Менден кандай жардам керек?» десем, «ата, баарын апам чечип жатат. Эч нерсенин кереги жок, рахмат» деди. Бул жерде менин, Динаранын душмандары бирикти. Кызым деле чоңойду, аны да көрө албагандар бар. Эптеп жардан түртүп ийгилери келди. «Күлгөнгө күлө жетермин» деген сөз бар, баарыбыз абайлашыбыз керек.
Андан кийинки суроону Айнагүл Абасовага узаттым:
– Айнагүл эже, «Абдумалик агай чыкса экен» деп жакшы жаңылык күтүп жаттыңыз эле...
– Ооба. Буюрса, аман-эсен чыкты. Мурда эле Казакстан, Орусиядан бери кыдыртып эл-жер көргөзүп келген. Эми «көзүңдү дарылатса болорун билели, эгер болсо Израилге алып барам» деп жатат.
– «Тил катта көрсөтүлгөн калган акчаны мен төлөп берем дедим» деп айттыңыз.
– Мен көзү азиз болгондон кийин 24 саат бою камкордукка муктажмын. Агай жок аябай кыйналдым. Ал «мен албаган акчаны эмнеге төлөйм?» деп айтканынан, «агай, андай акчанын далайын табабыз. Негизгиси сиз чыгып мага жардам бериңиз» деп сурандым. Октябрь
РИИБинин алдында бир топ адам турган элек, ашказаным ооруп бир-эки жолу көңүлүм айланды. Ошол жакта тургандар «сен кош бойлуу экенсиң» деп өздөрү жыйынтык чыгарып коюшту. Теңелбей, унчукпай койсом, ал ушак баарына тарап кетиптир. Эми баары жакшы болот деп үмүттөнөм.
– Маегиңиздерге рахмат.
Асыл Орозбекова
star@super.kg