ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (4-сентябрдан 10-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Өзүңүздү сырттан карап көрүп, күчүңүз менен мүмкүнчүлүгүңүздү байкаңыз да, энергияңызды эң керектүү багытка жумшаңыз. Чөйрөдөгүлөр менен мамилени териштирүүнүн кажети жок. Үйдү тартипке келтирип жыйноо сизге жүктөлөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кээ бир адамдарга мамилеңиз өзгөрүлөт. Мурун кээде андай мамилеңиз үчүн өзүңүздү урушуп келсеңиз, эми туура кылганыңыз сезилет. Жакындарыңызга колуңуздан келбей турган нерсеге убада бербеңиз. Турак жайга байланыштуу маселе жаралат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Көп нерселерди убада кылган адамга ишенип, акчаңызды күмөндүү ишке салбаңыз. Кирешенин өлчөмү көбөйөт. Чоң буюм сатып алууга жакын туугандар жардам берет. Дем алышта чыр-чатактан өзүңүздү сактооңуз зарыл.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Керектүү адамдар менен байланышып, билимди өркүндөтүү же тажрыйба алмашып келүү үчүн сапарга чыгууңуз ыктымал. Жолдо сапатсыз тамак-аш ичүүдөн сак болуңуз. Учурда кереги тийбей турган буюм албаңыз. Жаңы таанышыңыз конокко чакырат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Пайда болгон маселелерди баш-отуңуз менен чечүүгө киришесиз. Аягы жакшы жыйынтык берет. Кыйын кырдаалда колун суна турган гана досторду калтырып, калгандарынан кол үзүңүз. Эч кимге айтпай турган иштериңизге ишембиде киришсеңиз болот.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сырт келбетти өзгөртүү жаатында эксперимент жүргүзүүдөн алыс болгонуңуз оң. Өкүнүп каласыз. Тилектериңиздин бирин ишке ашырууга жакшы таанышыңыз жардам берет. Балдар жүрүм-туруму менен беймазага салуулары мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Интригалардан алыс болуу оң, анткени баары билинип калып уят болосуз. Оңой акча табуу азгырыгына кирбей, иште кыйынчылыктан чыгуу жолун жамаат менен чогуу талкуулоо керек. Сүйүктүүңүз менен анын компаниясында болууда кызганычтан чыр чыгат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Тааныштар аркылуу сизге бирөөдөн белек келүүсү ыктымал. Жумушта жооптуу иш дайындалат, айлыгыңыз аны канчалык деңгээлде аткарганыңыздан көз каранды. Өнөкөт бөйрөк оорусу барлар туздуу тамак-аштан жана ичкиликтен баш тартканы жакшы.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сизди таарынткан адам кечирим сурап элдешүүгө кол сунат. Ал сизге кас эмес, дос экенин жакында эле далилдейт. Кошумча киреше табуу үчүн өз колуңуз менен бир нерселерди жасап сатыңыз. Жүрөгүңүзгө жакын адам менен чогуу убакыт өткөрөсүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада юридикалык маселелер оңой чечиле тургандыктан, бул жаатта иштериңиз болсо жетишип калыңыз. Үй-бүлөлүк майрам уюштурушуңуз мүмкүн же тойго барасыз. Аллергияга кабылбоо үчүн чөп-чардан, курт-кумурскадан абайлоо кажет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Шеригиңиздин демилгеси сизге шектүү туюлуп, бирге чеччү ишти артка жылдырасыз. Мунуңуз туура дешет жылдыздар. Өзүңүзгө кам көрүп укалоо курсун алууңуз же диета кармооңуз мүмкүн. Айрым бойдоктор сүйүктүүсү менен мамилесин нике менен бекемдешет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Чечим кабыл алууда өзүңүздү шаштырбаңыз. Баарын анализдеп ойлонуңуз. Иш деп жүрүп жашоодогу эң башкы нерсени – үй-бүлөнү унутта калтырбоо зарыл. Кайсы бир кечеге чакыруу алып, гардеробуңузду жаңыртууңуз мүмкүн.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө: 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан