Казакстандын Астана шаарында 21-27-август күндөрү көкпар (көк бөрү) оюну боюнча 1-Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Бул спорттук иш-чара Казакстанда өтүп жаткан «Экспо-2017» эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган. Бир жумага созулган чемпиондуктун жыйынтыгында казак курама командасы кыргыз оюнчуларын 4:1 эсебинде жеңип, чемпиондукту илип кетти. Дүйнө жүзү боюнча күчтүү саналган кыргыз улакчыларынын жеңилүүсү күйөрмандарды бүдөмүк ойго салып, кызуу талкууга алынып жаткан учуру.
ТАКАДАН ЧЫККАН ТАЛАШ
Мелдешке катышууга келген 11 өлкөнүн курамалары 2 тайпага бөлүнүп, «А» тайпасына Кыргыз мамлекети, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ өлкөлөрү туш келген. "В" тайпасына Казакстан, Ооганстан, Орусия жана Кытай кирген. Оюндун биринчи күнүндө эле кыргыз-монгол командаларынын беттеши башталбай туруп, оюн эрежеси боюнча талаш чыкты. Казактын көкпар оюнунун эрежесине таянып калыстар аттын арткы туяктарындагы такаларды алып салууну талап кылышкан. Мындай шартка кыргыз курамасы макул болбой, оюнга катышпастан артка кайтууга камынып калышкан. Жыйынтыгында калыстар, уюштуруучулар жана машыктыруучулар өз ара сүйлөшүп, аттардын такаларын чечпестен ойноо чечими кабыл алынган. Ошентип 21-августтагы алгачкы беттеш өз убактысынан кечигип башталды.
ФИНАЛГА КАРАЙ
Кыргыз командасы «А» тайпасындагы беттештерде теңдешсиз экенин далилдеп, тайпадагы командаларды ири эсеп менен утуп алды. Алгачкы оюнда кыргыз улакчылары Монголиянын курама командасын 4:0, Өзбекстанды 11:2, Түркияны 13:3, Тажикстанды 15:2 жана АКШны 11:6 эсебинде жеңип, финалга ишенимдүү түрдө өтүштү. Анда «В» тайпасынын жеңүүчүсү аталган үй ээлери менен кездешмей болду.
Айта кетсек, кыргыз-казак тиреши 2013-жылдан бери кызуу башталган. Анда Астанада өткөн көк бөрү боюнча Азия чемпиондугунун финалында казактар 4:2 эсеби менен жеңген. Жооп кайтарууга мүмкүндүк 2014-жылы түзүлүп, I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылган казак курамасы катышуудан баш тарткан. Ал эми 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эки команда финалга чыгып, Казакстан 15:3 эсебинде ири жеңилүүгө дуушар болгон. Эки өлкөнүн тирешүүсү эл арасында футболдогу Эль-Класико сыяктуу көңүл чордонунда болуп калды.
КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНАН КАЛГАН КЕК
Мелдеш башында эле финалга кыргыз-казак командалары чыгары айкын болуп калган. Башкалардан кыйла күчтүү саналган эки команда 27-августта финалда жолугушту. Оюндун 4-мүнөтүндө эле казак оюнчулары бир упай менен эсепти ачып, чабуулдарын токтотушкан жок. 10 мүнөткө жетпей эсепти 3:0гө өзгөртүштү. Кыргыз оюнчулары 1-бөлүктө коргонууга көп күч жумшап, бир жолу гана Рустам Тыналиев упай алып келди. Эсеп 3:1. 2-бөлүктө намыска бек туруп, эсепти теңөөгө аракет кылуу зарыл эле. Бирок үй ээлери коргонууда да мыкты ойноп, жеңишке жетишти. Жалпы эсеп 4:1, казактардын пайдасында. Жыйынтыгында көкпар боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсү 2-орунга татыды.
СПОРТТОГУ САЯСАТПЫ?
Оюндан соң кыргыз коомчулугунда «улакчыларыбыз коркуп ойношту, чемпиондукту үй ээлерине берип коюшту» деген сөздөр күчөдү. Бул сөздөрдүн да жүйөсү бар эле, анткени финалга чейин Кыргыз көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмияновдун «оюн сүйлөшүлгөн» деген сөзү, ошондой эле Астана шаарына барган саясатчы Өмүрбек Бабановдун кыргыз командасы менен оюн алдында сүйлөшүп отурган сүрөтү тараган. Ал сүрөттү ар ким ар кандай божомолдоп, талкууланууда. Бул эки окуя спортко дагы саясат сүңгүп киргенби деген суроолорду жаратты. Бул тууралуу команданын жетекчиси Талас Бегалиев тактап айтып берди. «Өмүрбек Бабанов 26-августта Астанага барган. Биз аны менен 5 мүнөттөй гана сүйлөштүк. Ал жерде журналисттер да болду. Оюнга ийгилик каалап, «жакшы ойногула» деп балдарга дем берип кетти. Эч кандай соодалашуу болгон эмес. Кыргыздын намысын көтөрөм деп жүргөн жигиттерибизди айрымдар саткынга чыгарып жатат»,- деди Бегалиев.
ЖЕҢИЛҮҮНҮН СЕБЕПТЕРИ КАНДАЙ?
Финалдык оюндагы жеңилүүнүн бир нече себептери болушу мүмкүн:
1. Муляждын оордугу. Финалда башка оюндарга салыштырмалуу муляждын салмагы оор болгону жана кармоого ыңгайсыздыгы. Ошондой эле кыргыз улакчылары муляж менен бир жума эле машыгышса, казактар 3 ай бою даярданганы белгилүү болду.
2. Манас Ниязовдун жоктугу. Кыргыз курамасындагы эң күчтүү чабуулчу аталган Манас Ниязовдун оюнга катышпагандыгы билинип турду.
3. Калыстардын иши. Алардын негизги курамы казактардан куралган. Ошондой эле көкпардагы эрежелердин өзгөчөлүгү да жыйынтыкка себеп болду.
4. Сырткы таасирлер.
Финалдык беттеш алдында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин оюнду көрүүгө келери тууралуу кабар тараган. Өз ажосунун көзүнчө жеңилүүнү эч ким каалабайт жана жол да бербейт. Демек, казактар бардык жолго даяр турушкан. Финалдан 1 күн мурун соцтармакта Жанболот Таштанбеков аттуу сырдуу колдонуучу тарабынан «Эсеп 4:1 менен казактардын эсебине чечилет экен» деген билдирүүсү тараган. Оюндун жыйынтыгын так таап койгон мындай билдирүү оюндун таза жүрүшүнө күмөндөрдү жаратпай койбойт.
«МУЛЯЖГА КАЗАКТАР КӨНҮП КАЛЫПТЫР»
Оюн тууралуу кыргыз курама командасынын оюнчусу Рустам Тыналиев төмөнкүлөргө токтолду:
-Биз 1-жолу ойногон үчүнбү, оюн оор болду. Муляжды жерден алууда кыйналып жаттык. 1-күндөрү ойногондорубузда муляж жеңил эле болуп жаткан. Бирок финал күнү аябай оор муляж ташталды. Салмагы 40 килограммдан жогору экен. Көтөргөнгө ыңгайсыз болду. Биз да муляж менен даярдансак утсак болот эле. Казактар болсо ага көнүп калыптыр. Барганда эле казактар «баары бир биз утабыз, утушубуз керек» деп жаткан. Күчтүү экен алар да. Мурда Кыргыз жерине келгендерден үчөө эле жүрөт. Калгандары жаңы оюнчулар экен.
Дүйнө чемпиондугу болсо да уюштуруучулар калыстарды нейтралдуу өлкөлөрдөн чакырган эмес. Буга "көкпар эрежелерин жакшы билбейт" деген сөз себеп болгон. Жолдошбек Орозбаев финалдык оюн тууралуу буларды айтат:
-Алгачкы мүнөттөрдө 3 упай өткөрүп алдык. Аны теңегенге оор болду. Калыстардын дагы бир катар чечимдери суроо жаратып жатты. Оюн учурунда камчы менен чаап, аттын тизгиндерин тартып кеткен учурлар болуп жатты. Мындай нерселерди калыстар көз жаздымда эле калтырып коюшту. Утканга жараша адилеттүү оюнда утушса болмок.
«МЕНИН СӨЗҮМ МОНТАЖДАЛГАН»
Коомчулук кызуу талкуулап жаткан «чемпиондукту сатты» деген сын боюнча Көк бөрү федерациясынын президенти ИКРАМЖАН ИЛМИЯНОВДУН пикирин уктук:
-Мындай сынды мен да интернеттен окудум. Жадакалса менин балдарга сүйлөгөн сөзүмдү да монтаждашыптыр. Ким мындай кадамга барса да, ал кыргыздын душманы экен. Видеодогу балдарга «эч бир нерсени ойлонбогула» дегеним, ошол учурда ар кандай кысым болуп жаткан, мына ошолорго көңүл бурбагыла деген мааниде айткам. Ошого мен «коопсуздук жагынан, эреже жагынан баарын сүйлөштүк, силерде эми ойноо гана калды» деп айттым. Тилекке каршы, «сүйлөшүлгөн» деп бурмалап, ошол жерин элге жайып жиберишиптир. Курамдагы балдар оюндан кийин ыйлап, капаланганы үчүн «өкүнбөгүлө, балдар, 2-орун – бул да жеңиш» деп кайрылгам. Ошол сөзүмдү да бурмалап, «өкүнбөйбүз» деп таратып жиберишиптир. Ар бир жаран курамдагы балдардай мекенчил болсо дейт элем. Сындап жаткандар, көк бөрүчүлөрүбүздөй мекенди сүйөлү.
ОЮН ТУУРАЛУУ
Катышкан өлкөлөр: Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Ооганстан, Орусия, Кытай жана Азербайжан (келбей калды)
Байге фонду: 1-орун 10 миллион теңге – (2 миллиондон ашык сом), 2-орун – 5 миллион теңге (1 миллиондон ашык сом), 3-орун – 3 миллион теңге (609 миң сом)
Көкпардын көк бөрүдөн айырмасы:
– Тай казан эмес, жерге чийилген диаметри 3 метр болгон айлана дарбаза кызматын аткарат.
– Оюн 20 мүнөткө созулган 2 бөлүктөн турат.
– Аттардын арткы буттарына така кагылбайт.
– Оюн талаасынын узундугу – 180 метр, туурасы болсо – 80 метр.
Бектур Токтоноев
sport@super.kg