ХРИЗОТИЛ АСБЕСТ – ДЕН СООЛУККА ЗЫЯНЫ ЖОК КУРУЛУШ КАРАЖАТ

25-август күнү Бишкек шаарында курулуш каражат катары колдонулуп келген хризотил асбестти колдонуу, анын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу эл аралык семинар болуп өттү. Анда Орусия жана Казакстандан келген адистер, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана хризотил асбестти кеңири иштетип келген «Кант ТШП» заводунун өкүлдөрү катышышты.

«ХРИЗОТИЛ – КООПСУЗ ЗАТ»

Эл аралык семинар «Хризотил асбест: илимий маалыматтар жана аны пайдалануу» аталышында өттү. Алгачкы сөздү Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Омор Касымов алып, хризотил асбестти колдонууда адамга тийгизген таасирине токтолду.
– Европада асбестти курулуш жаатында колдонууга тыюу салышкан. Анткени алар амфибол-асбест адамга зыян экендигин далилдешип, бирок асбесттин эки түрү бар экендигине көп маани беришпейт. Хризотил асбестти колдонууда адамга эч кандай залал тийбейт. Муну Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү да айтып келишет. Буга өлкөдөгү «Кант ТШП» заводунан чыгарылган курулуш каражаттары далил боло алат. Анткени 50 жылдан бери хризотил асбесттен талапка жооп бере турган курулуш каражаттары чыгарылып жатат.

«БАТЫШТЫН ЖҮРГҮЗГӨН САЯСАТЫ ХРИЗОТИЛ АСБЕСТТИ КОЛДОНУУГА ТААСИРИН ТИЙГИЗБЕШИ КЕРЕК»

Орусиядан келген медициналык илимдердин доценти Сергей Кашанский хризотил асбест Орусияда 100 жылдан ашуун убакыттан бери өндүрүлүп келерин жана башка каражаттарга салыштырмалуу өнөкөт оорулардын себепкери болгон эместигин айтат. «Хризотил курулуш иштеринде пайдаланылган булалардын (волокно) арасынан коопсуз делингендердин катарына кирет. Ал жердеги эң көп кездешчү зат, андыктан адам үчүн аны колдонуу коркунуч туудурбайт. Учурда дүйнө жүзү боюнча асбесттердин арасынан хризотил түрү гана колдонулуп келет. Бул минерал бир канча жылдардын изилдөөсүнөн, толук далилденилгенден кийин гана зыянсыз делген тыянак».

«ХРИЗОТИЛ КӨП ТАРМАКТА КОЛДОНУЛАТ»

Коммерциялык эмес «Хризотил ассоциациясы» уюму 1997-жылы уюштурулуп, Орусия жана КМШдагы 40тан ашуун хризотил буласын өндүргөн тоо-кен өндүрүш ишканалардын башын бириктирет. Аталган уюмдун директору Владимир Галицын хризотил бир гана курулушта эмес, башка тармактарда дагы кеңири колдонуларына токтолду. «Машина куруу, авиацияда, химия, электротехника, кеме куруу, темир жол, радиоэлектроника, космонавтика жана башка тармактарда колдонулуп келет. Биздин ассоциация уюм мүчөлөрүнүн атаандаштык жаратуу, экологияга терс таасир тийгизбей турган өндүрүшкө жардамдашууга жана хризотилди зыян келтирбей колдонууга көмөктөшүп келет».

«КАНТ ТШП» ЗАВОДУ 50 ЖЫЛДАН БЕРИ САПАТТУУ КАРАЖАТ ЧЫГАРГАНГА БАСЫМ ЖАСАП КЕЛЕТ»

Бул семинар өлкөбүздөгү ири заводдордун бири «Кант ТШПнын» 50 жылдык мааракесине туш болду. Аталган завод хризотил асбестти колдонуп, бир канча курулуш каражаттарды чыгарып келет. Аталган ишкананын директору Санжар Капаров:
– Биздин завод 1967-жылдан бери хризотил жана фиброцементтен жогорку сапаттагы курулуш каражаттарын чыгарып келе жатат. Андагы ар бир каражат Мамлекеттик сертификат менен тастыкталган. Учурда биздин заводдон ар түрдүү диаметрдеги хризотил-цементтүү түтүктөр, хризотил-цементтүү жөнөкөй жана түстүү шиферлер, фиброцементтүү тактай, фасаддык плита, фиброцементтүү сайдинг жана черепицалар чыгарылат. Аталган ар бир продукция өндүрүлүп чыккандан кийин лабораториядан дыкат текшерилгенден кийин гана кардарларга сунушталат.

МЫКТЫ КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНДЫ
Күндүн соңунда «Кант ТШП» заводунун 50 жылдык мааракесинин расмий бөлүгү башталды. Анда завод директору «Кант ТШПнын» бардык кызматкерлерин куттуктап өттү. Сыйлык катары ар бир заводдун кызматкерине 10 миң сомдон ыйгарылды. Ошондой эле заводдун 11 пенсионерине 50 миң сомдон тапшырылды. Мындан тышкары заводго келген алгачкы жумушчу жана 47 жыл бою ушул заводдо эмгектенген кызматкерге 150 миң сомдон, ал эми 43 жылдан бери иштеп келе жаткан кызматкердин колуна белекке автоунаа берилди.


КАЙДАН САТЫП АЛСА БОЛОТ?
«АЮ Grand Comfort» соода борбору, бутик А-130
Сатуу жана маркетинг бөлүмү:
«Кант ТШП» ЖЧК, Кыргыз Республикасы,
Кант шаары, Чыгыш промзона.
Тел.: +996 312 616 993, 701 021 062
sales@kantslate.kg,
marketing@kantslate.kg
www.kantslate.kg

ФИЛИАЛДАР
:
Ош ш. Тел.: +996 701 88 44 74
Жалал-Абад ш. Тел.: +996 779 68 33 50
Алматы ш. Тел.: +7 701 203 09 79

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан