БАБАНОВ ЖАШ МУУНДУН БАШЫНА КЕЛЕБИ?

Өкмөткө жаштардын келиши менен президенттикке талапкерлердин арасынан жаш десең жаш, тажрыйбалуу десең тажрыйбалуу, реформаторлугу менен элдин эсинде келаткан Өмүрбек Бабанов бакырайып эле көзгө көрүнө түштү. Кыргызстандын келечеги дал ушул муундун колуна өттү сыяктанат. «Жаш келсе ишке» дегендей, эл эми каржалып турган өлкөнү каатчылыктан кутулуп, өнүгүү жолуна алып келишет деп үмүт байлап турган чак. Элдин маанайы менен социалдык сурамжылоолор талапкерлердин арасынан Өмүрбек Бабановдун бир кыйла алдыда келе жатканын көрсөтүүдө. Мындай божомолдорго караганда, күздө Өмүрбек мырза президенттик орунга отуруп, карылар каржалткан элибизди экономикалык жактан өстүрүп, кийинки жаш муундун башына келет окшойт.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан