МИГРАНТТАР ӨЛКӨГӨ ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 8 АЙДА 1 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР КОТОРДУ

Чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар 2017-жылдын 6 айында мекенине 1 миллиард 90,3 миллион доллар которгон. Мындай маалыматты Улуттук банктан таратышты. Мигранттардын өлкөгө которгон акчалары жыл башынан бери жогорку темпте өсүп, июнь айында жогорку чекке жеткен. Чет мамлекеттерден которулган каражаттардын 90 пайызы Орусиядан келген. Ушул жылдын июнь айында эле Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө 235,2 миллион доллар жиберилген. Ал эми алгачкы жарым жылдыкта Кыргыз мамлекетинен башка өлкөлөргө чыгарылган акча каражатынын көлөмү 191,9 миллион долларды түзгөн. Ошондо алгачкы 6 айда Кыргыз өлкөсүнө 898,4 миллион доллар каражат кирген.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан