ОРЗУБЕК НАЗАРОВДУН КЫЗЫНЫН ДЕН СООЛУГУ ТУРУКТАШТЫ

Бокс боюнча Дүйнө чемпиону, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орзубек Назаровдун жол кырсыгына кабылган кызы Аделина Назарова өзүнө келди. Мындай маалыматты Орзубек Назаров соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, кызынын абалы бир топ турукташкан. «Биз жылмая баштадык. Кызыбыз комадан чыкты. Колдооңуздар үчүн рахмат. Эми калыбына келүү үчүн узак жол турат»,- деп жазган Назаров.
їЭске салсак, 17 жаштагы Аделина Назарова 19-августка караган түнү Бишкекте мотоцикл менен унаа кагылышынан кырсыкка учураган. Кырсыкта мотоцикл айдоочусу ошол жерден каза болуп, аны менен бара жаткан Назаровдун кызы оор абалда ооруканага жеткирилген. Жол кырсыктан кийин Орзубек Назаров кызына кан керек болуп жатканын айтып, коомчулукка жардам сурап кайрылган болчу.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Kaninaiman
2017-09-05 09:58:46
Аллахым куч берсин омурлуу болсун
+7
Bishkek.001
2017-09-05 10:03:41
Түндө мотоцикл менен эмне кылып жүрөт
+9
Pandora
2017-09-05 11:21:52
Bishkek.001,Жигити менен го менимче...Бирок ал жагы озуно аян
+5
Pandora
2017-09-05 11:22:30
Жаратканым озу шыпаа берсин,сиздерге сабр жана бекем нерв!!!
+4
Shanel007
2017-09-05 13:39:26
Комадан чыгып эле пиво ичкиси келиптирби. Бирок жакшы кабар
-11
Wakirva3
2017-09-05 14:01:35
Shanel007,бул мурунку суроту да.
+13
belka
2017-09-05 18:22:48
Shanel007,пивосун сиздин коменттен кийин көрүпмүн тооба, жаман көрөнөчпүз ээ...
+7
Aygul777
2017-09-05 14:25:08
Атасы экоонун колунда пиволордон букет жасалганбы? Букетти берген адамдын ниети кандай болду экен?

+9
bond02
2017-09-05 23:10:13
Пивону ичип алып дагы чыгып кетсе эле.
+1
Jika0203
2017-09-06 17:13:52
Сакайып кетсин.
0
surgeon777
2017-09-06 20:27:31
Бул мурдагы суроту да,азыр суротко тушмок тургай аран озуно келип жатат,досунун олуму да бир топ кайгыга салды да...
Жаман соз жазбай ден-соолук тилеп коёлу жаш кызга...
+7
Aziyat
2017-09-07 05:23:53
Адамдар ушунчалык да ичиңер ирип чирип кеткенби.Ооруп жаткан адамга да жакшы сөз жазалбайсыңар.Тообо кылдым.Пейилди оңдоп,ичти кенең кылганды үйрөнгүлө.
Эртерээк айыгып кетсин эми,ден соолук тилейбиз.
+3
Aidan88
2017-09-07 07:13:51
Jakshy kabar,erterek aiygyp ketsin, den soolugu bolup , myndan kiyin kyrsyktan tyshkary bolsun!!! Negizi ele mekenibizde Kyrgyz elibizde jol kyrsygy bolbosunchu , kyrgyz elime amanchylyk kaalaim ,
+1
nurai3410
2017-09-07 13:48:45
Эртереек айыгып кетсин.
0
Boldukan86
2017-09-08 01:03:35
айыгып кетсин. саяк журбосун башка
0
Gukun9
2017-09-11 16:13:32
Аллахым шыпаасын берсин. Адамдар дайыма оздору туз журо тургансып еле сынаганга келгенде еле кыйын боло каласынар да. Ар кимдин озунун жашоосу бар да. Андан коро ак ниет мн ден соолук каалап койсонуздар болот го...
+1
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан