Ош шаарында 25 жаштагы келин эжеси экөө "кайненесин өлтүрүп, жиликтеп салган" деп шектелип кармалышты. Тергөөнүн маалыматтарына караганда, келин кайненесин мынчалык мыкаачылык менен өлтүрүп, жиликтегенин үй-бүлөсүн сактап калгысы келгени менен түшүндүрүүдө.
ТАШТАНДЫДАН БАШЫ ЖОК ДЕНЕ ТАБЫЛГАН
Ушул жылдын 27-августунда саат 10 жарымдар чамасында Ош шаарындагы Ош мамлекеттик социалдык университетинин имаратынын жанындагы таштанды салуучу контейнердин ичинен 45-55 жаштардагы аялдын жансыз денеси табылган. Кескиленген, башы жок денени алгач Ош шаардык «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери көрүп, милицияга кабарлашкан. Ошондой эле таштанды салынган контейнерден маркумдун кофтасы, денеси оролгон көшөгө, жүк жапкыч жана чаар баштык да чыккан. Бир күндөн соң маркумдун ким экендиги билинип, ал Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын тургуну 51 жаштагы Жумагүл Арзыбаева экендиги аныкталган. 29-августка караган түнү бул кылмышка шектелип маркумдун келини менен анын эжеси кармалды.
ТАШ МЕНЕН БАШКА УРУП ӨЛТҮРГӨН
Ыкчам иликтөө учурунда төмөнкүлөр белгилүү болгон. Маркумдун үй-бүлөсүнүн Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн аймагында да үйү бар болуп, ошол жерде да жашап турушкан. Маркум Жумагүл Арзыбаева уул-келининин үйүнө 2 күн мурун конокко келген.
Кылмыш маркумдун уулунун Ош шаарындагы Навои көчөсүндө жайгашкан үйүндө болгон. Кылмышка шектүүнүн айтымында, 2017-жылдын 26-август күнү эртең мененки саат 7лер чамасында келиндин күйөөсү жумушуна кеткен соң кайненеси кайрадан уул-келинин ажыраштыруу маселесин козгоп, келини менен урушуп, ага катуу сөздөрдү айткан. Андан соң башка бөлмөгө кирип, уктап кеткен. Болжол менен саат 9дар чамасында келини Умсунай ачууга алдырып, таш алып келип кайненесинин башына бир нече жолу урган. Анын өлүп калганын билгенден кийин өзүнүн бир тууган эжесине телефон чалып чакырган.
Ал эми 4 жана 1 жарым жаштагы балдары бул убакта уктап жаткандыктан, эч нерсени сезишкен эмес. Эжеси экөө кылмышты жашыруу үчүн маркумду үйдөгү буюмдарга ороп, чоң баштыкка салышып, эжесинин үйүнө такси менен алып барышат.
ДЕНЕНИ ӨЗҮНЧӨ, БАШЫН ӨЗҮНЧӨ ТАШТАШКАН
Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2017-жылдын 29-августуна караган түнү Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип маркумдун келини, 1992-жылы Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган Умсунай жана анын 1980-жылы туулган Гүлнара аттуу бир тууган эжеси кармалды. Алар кылмыштарын моюнуна алышты. Ортосунда чыр чыгып, ошонун айынан келини кайненесин өлтүрүп салганын айтып жатышат. Бул кылмыш боюнча Ош
ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Маркумдун денеси өлүкканада. «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери таштандыларды тазалап кетишкендиктен, маркумдун башы азырынча табыла элек.
«КАЙНЕНЕМ ЖАШАТПАЙМ ДЕП УРУШТУ»
Кылмышка шектүү Умсунай Ош мамлекеттик университетин аяктаганы менен, иштеген эмес. Ал тергөөдө төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Көптөн бери эле кайненем мени жактырбай уруша берчү. Ошол күнү кайненем «сени уулум менен баары бир жашатпайм. Түбүңө жетем» деп дагы урушту. Бир убакта эшикке чыгып, таш алып келдим дагы уктап жаткан кайненемдин башына ургулап баштадым. Бир нече жолу ургандан кийин карасам, ал өлүп калыптыр. Анан эжемдикине алып барып денесин кескилеп, таштанды салган жерге таштап келгенбиз.
«БАРСАМ БҮТ КАН ЭКЕН»
Кылмышка шектүү Гүлнара болсо мурда бир топ жыл медайым болуп иштеген. Акыркы кездерде жолдошу менен таарыныша кетип, балдары менен жалгыз жашап жүргөн. Ал тергөө учурунда төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– 26-август күнү саат 9 жарым чамасында мага эң кичүү сиңдим телефон чалып, «кайненемди өлтүрүп алдым» деди. Алгач ишенген жокмун. Баламды көтөрүп алып үйүнө барсам, кайненеси өлүп жатыптыр. Бөлмө бүт кызыл-жаян кан, дененин үстүнө төшөк жаап коюптур. Өлүктү баштыкка салып, такси менен менин үйүмө алып бардык.
Айрым үй-бүлөлөрдө кайнене менен келиндин ортосундагы мамиле эне менен кызындай болсо, айрымдарында тескерисинче. Келин менен кайнененин, ал тургай кайын сиңди, кайнеженин ортосундагы түшүнбөстүк, тил табыша албоо да коомубуздун чоң көйгөйү экени белгилүү. Мындай чырлардын айынан канчалаган үй-бүлөлөр бузулуп жатат. Улуусу улуудай, кичүүсү кичүүдөй өз ордун, сыйын биле жүрсө...
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg