КӨЧӨДӨ КООПСУЗДУКТУ УНУТПА! (билип ал)

Мектептен келе жатканда же көчөдө ойноп жүргөндө чоочун адамдар менен сүйлөшпө. Алар момпосуй же сагыз берип сени менен сүйлөшкүсү келсе, алардан алыстаганга аракет кыл. Бейтааныш унаага түшпө.

Досуңду же тааныш баланы бирөө күч колдонуп алып кетип бара жатканын көрсөң, аркасынан жалгыз барба. Улуу адамдарды жардамга чакыр.

Эгерде сага күч колдонуп унаага түшүргөнгө аракет кылса, кыйкырып жардам сура. Коркпой эле жулунуп качканга аракет кыл. Такыр болбосо колунан тиштеп алсаң да болот.

Кимдир бирөө сени коркутса, коркпой милиция кызматкерлерине айтып бер. Буга ар бир жарандын укугу бар.

Ата-энеңе кандай абал болсо да айтып бер. Аларга ар дайым ишенсең болот.

Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан