КЛИПКЕ КӨРК КОШКОН КААРМАНДАР

Клиптер айдыңында

Жакшы ыр кызыктуу клип менен коштолсо, ширелишип эл эсинде калары бышык. Клипмейкердин оюн каарман жеткире аткара алса, анда жакшы, эгер эптеп эле ойномуш болсо, көрүүчүнүн да кыжырын келтирет. Кеп кезегин клиптеги каармандарга бургум келип турат.


Султан Садыралиев, “СҮЙҮҮ ТАМЧЫСЫ”

Режиссёру – Сүйүн Откеев.
Султандын клибиндеги селки – Анара, 22 жашта.

Аталган клипте Султандын улам-улам телефон чалганына жооп бербей убара кылган Анара Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти. Чыныгы турмушта майып эмес, соо, сүрөтчү эмес, журналисттик кесиптин ээси болуу үчүн окуп жатат. Анарага клипке тартылууну режиссёр Сүйүн Откеев сунуш кылган. Режиссёрдун айтымында, Анара жакшы эле аткарып келатып, ыйлай турган жеринде көзүнөн жаш чыгара албай кыйналган. “Улам урушуп жатып араң ыйлаттык. Ошондо да көзүнөн араң эки тамчы жаш чыкты”,- дейт Сүйүн. Султан менен Анараны клип тартылардан мурда режиссёр тааныштырган. Тартуучу топ жалаң эркектер болгондуктан, балдар жана жалгыз Анара клипке тартылган.


Асема, “НАРИСТЕМ”

Режиссёру – Асема Токтобекова.
Башкы каарман – Элбек 30 жашта, жеке ишкер.

Асема менен жолдошу Акжол бул клипке каармандарды табууда көп ойлонушкан. Клиптин режиссёру Асема өзү болгондуктан, “кош бойлуу аялдын ролун ойноп бер” деп тааныш эжесинен суранган. Ал эми анын күйөөсүнүн ролун Элбек аттуу мырза ойногон. Элбек чыныгы жашоодо да клиптегидей эле үй-бүлөлүү, камкор күйөө, ширин кыздын сүйүктүү атасы. Ал эми анын келинчегинин ролун аткарган каарман болсо клип тартылган учурда чын эле кош бойлуу эле. Ошол үчүн клип реалдуу болгон. Клиптин аягында “сүйүнчү, уулдуу болдуңуз!” деп врач айтканда Элбек күлүп жиберип, 2-3 жолу тартканга туура келген. Эскерте кетсек, врач да чыныгы турмушта саламаттыкты сактоо кызматында иштейт. Ошондогу кош бойлуу келин азыр көз жарып, бешик терметип отурат. Ал кесиби боюнча юрист.


Дайыр Исмадияров, “КАРА КӨЗҮМ”

Режиссёру – Арсен Мендебаев.
Клиптеги Дайырдын кара көзү – Элиза аттуу селки.
Элиза учурда мектеп бүтүрүүчүсү.

Дайырдын клибине тартылуу үчүн Элиза кастингге катышып, 150 кыздын ичинен өтүп кеткен. “Кара көзүм” клибинде Дайыр досунун кызын сүйүп калат эмеспи. Досунун ролун аткарган жигит ырчынын чын эле Максат аттуу кан досу. Элиза мектеп окуучусу болгондуктан съёмка учурунда мектепте чогулуш болуп калып, макияжын жууганга аргасыз болгон. Клипте Дайыр менен Элиза экөө тең шайыр болгондуктан бири-бирин карап, боорлору эзилгенче күлүшкөн. Дайырдын Элизаны көтөрүп айланткан жерин улам-улам тартканга туура келген. Секелек Дайыр байкесинен сүрдөгөнбү же алгачкы жолу клипке тартылгангабы, айтор, уялып, тартынган. Азыр Элиза ырчы менен байланышта. Ал гана эмес, өзү катышкан клипке кайсы хит-парад болбосун добушун берип, баалап келет.


Аида Кулуева, “САГЫНДЫМ СЕНИ”

Режиссёру – Арсен Мендебаев.
Аиданын ашыгынын ролунда – Улуту уйгур Ришад, 31 жашта.

Акын Бурулкан Карагулованын калемине таандык “Сагындым сени” аттуу ырды Аида Кулуева жакшы аткарып тим болбостон, клип тартканга да жетишти. Аида бул клипке каарман издеп убара болбой эле досу Ришадга сунуш киргизген. Бото көздүн жамалына жок дей албай, Ришад мырза Аиданын ашыгынын ролуна тартылууга макулдугун берген. Ал гана эмес, чын жүрөктөн берилип ойногонун жакшылап көрсөңүз байкай аласыз. Клип тартуу учурунда кар жаап жаткандыктан, тоодон келаткан чыгармачыл топ аз жерден машина менен каналга түшүп кете жаздашкан. Ким билет, Кулуеванын кыялындагы мырзасы дал ушул клибиндеги Ришад мырза болуп калар бекен?


Ислам Сатаров, “СҮЙҮҮ БАЯНЫ”

Режиссёру – Шерзат Мухидиннов.
Киллер кыздын ролунда – Альбина, студент, 22 жашта.

Өңү да, үнү да Ырыскелди Осмонкуловго окшош ырчы жана продюсер Исламдын бул клибинде көптөгөн каармандар бар. Киллердин ролун мыкты аткарган Альбина кастингден 30 кыздын ичинен тандалып алынган. Ал эми анын сүйгөнү Сардор болсо 26 жаштагы өзбек ырчысы. Клиптеги кичинекей Шахзод Оштогу интернатта окуйт. Көзү начар көргөнү менен, балакай мыкты аткарган. Чатырдын үстүнө чыгып алып мылтыгын мээлеп отуруп, күндүн аптабына какталган Альбина клиптен соң ооруп да калган. Клип аяктаган соң Ислам Альбинага чоң жумшак оюнчук белек кылган.


“Импульс” тобу, “ЖОК, ЖОК”

Режиссёру – Айбек Дайырбеков.
Клиптеги башкы каарман – Алмаз аттуу жигит.
Алмаз “Аян” бийчилер тобунун мүчөсү.

Жаңыдан шоу-бизнестин босогосун аттаган үч кыз “Жок, жок” аттуу ырына заманбап клип да тартып салышкан. Клипти көрүп “заңгыраган үйдө тартылган экен” деп ойлоп жүрсөңүз, ал оюңуздан кайта берсеңиз болот. Себеби клип үйдө эмес, борбордогу эмерек дүкөндөрдүн биринде тартылган. Клиптеги башкы каарман Алмаз – бийчи. Алмаз өзү сахнага чыгып, чыгармачыл чөйрөгө аралашып жүргөндүктөн, режиссёрду кайра-кайра тарттырып убара кылган эмес. Режиссёр кандай аткар десе башкы каарман өзүндөй ойногонго аракетин аябаган. Клипте жигит мас болуп келген кадр бар эмеспи. Анда Алмаз 100 грамм арак эмес, 100 грамм пепси-кола гана ууртаган. Азыр клиптин каарманы ырчы кыздар менен жакшы тааныштардан болуп калган.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 392, 7-13-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан