Атамбаев: «ИШЕНГЕН ДОСУМ ПРЕЗИДЕНТ БОЛУП КАЛАБЫ ДЕП ТУРАМ»

Президент Алмазбек Атамбаев 28-августта Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондоруна иш сапары менен барып келди. Алгач өлкө башчы Өзгөн районунда жазында жер көчкүдөн жабыркаган айылдын тургундары менен жолукту. Кырсыкта үй-жайынан ажыраган жарандар үчүн Ынтымак айылында жаңы курулуп жаткан үйлөр тууралуу айтып, ал жерде бардык шарттар түзүлөрүн убадалады. Андан сырткары жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы жаштардан куралганын белгилеп, өкмөт өзү баштаган саясатты улантарына ишенерин айтты. «Ишенген досум президент болуп калабы деп турам. Мына өзүм өстүргөн жигит премьер-министр болду»,- деди Атамбаев. Бул күнү жер көчкүдөн каза болгондорго куран окутулуп, Курман айт майрамында көз жумгандарды эскерүү үчүн президент тарабынан 200 миң сом тапшырылды. Андан сырткары өлкө башчы Оштун Чоң-Алай районунда болуп, жер титирөөдөн жабыркаган тургундарга жолукту. Дароот-Коргон айылындагы оорукананын ачылышына катышып, «Тез жардам» унаасын сатып алып берүүнү убадалады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан