УКМК: ӨЛКӨДӨ ТЕРАКТ КОРКУНУЧУ БАР

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөдө теракт коркунучу бар экенин эскертип, жарандарды майрам күндөрү сак болууга чакырды. Учурда күч органдары шектүү жарандарды жана унааларды текшерүүгө алышууда. Эскерте кетсек, 24-август түнү Бишкекте Nissan Presage үлгүсүндөгү автоунаа менен бараткан топ патрулдук милиция кызматкерлерин тапанча жана граната менен коркутуп качып кеткен. Иликтөөнүн натыйжасында 28-август күнү эл аралык террордук топтун
1 мүчөсү кармалып, анын шериктери боюнча маалымат алынган. 29-августта жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында, Чүйдүн Жайыл районунда террордук топтун мүчөсү деп саналган Т.И. жана К.Д. деген жарандар УКМК жоокерлери тарабынан өлтүрүлгөн. Бул операциянын чегинде террорчу деп саналган Ж. уулу Ж. жаракат алып, ооруканага жеткирилген. УКМК тараткан маалыматка караганда, алар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда террордук акт уюштурууну пландап жатышкан.
Ушуну менен УКМК акыркы он күн ичинде 6 жаранды «террорчу» деп колго түшүрүп, айрымдарын өлтүрдү. Айрым эксперттер УКМКнын террордук топтор, аларды кармоо, жок кылуу тууралуу маалыматтарды коомго таратып жатканын туура эмес деп эсептөөдө. "Террорчулардын өлкө ичинде жүргөн башка санаалаштарына ММКлар аркылуу толук маалымат жетүүдө, андыктан алар өз аракеттерин өзгөртүүсү мүмкүн. Ошондой эле мындай маалыматтар элге кеңири жайылып, коомчулукта кайсы бир деңгээлде паниканы жаратат, УКМК мындай иштебеш керек" деген пикирлер бар. Айрым укук коргоочулар ушул эле маселенин экинчи жагына коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылышууда. "Алар кармалып же операция учурунда өлтүрүлүп, жок кылынып жаткан жарандар чын эле террорчубу? Кантип далилденди? Далилсиз эле адам өмүрү кыйылып жаткан жокпу? Ушундай эле шылтоо менен бийликке «керексиз» жарандар жок кылынып калбайбы?" деген суроолорду көтөрүшүүдө.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан