ИСАКОВ ИШИН ЖОЛ КООПСУЗДУГУНАН БАШТАДЫ

Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн алгачкы жыйынын жол коопсуздугуна арнады. 30-августтагы өкмөт отурумунда Исаков «Акылдуу шаар» долбоорун тезинен ишке ашырууну жана жол кырсыктарынын санын азайтуу тапшырмасын берди. Премьер-министрдин айтымында, «Акылдуу шаар» долбоору «Таза коом» долбоорунун жана «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын негизги багыттарынын бири. «Жакынкы убактарда долбоор пилоттук негизде Бишкек шаарында ишке аша баштайт. Ош шаарынын мэриясы да мындан тажрыйба алып, өздөрүндө эртерээк колдоно башташы керек»,- деди Сапар Исаков.
Бул жыйында премьер-министр өлкөдө жол кырсыктары азайды деген статистика чындыкка дал келбесин айтып, тескерисинче, жогорку чекке жеткенин билдирди. «Жол кырсыгынан 7 айда 400 адам каза болуптур. Бул өтө коркунучтуу көрсөткүч»,- деди ал. Ошондой эле ИИМдин жетекчисине жаш балдардын коопсуздугун эң жогорку деңгээлде камсыздоону тапшырып, патрулдук милиция кызматкерлери зебрадан кийин эмес, андан алдыда туруусу керектигин айтты.
Эске салсак, 25-августта Жогорку Кеңештин 97 депутаты жаңы өкмөттүн курамын колдоп добуш берген. Эртеси президент Алмазбек Атамбаев бир топ кадрдык буйруктарга кол койду. Ага ылайык, премьер-министрлик кызматка Сапар Исаков, биринчи вице-премьер-министрликке Толкунбек Абдыгулов, Экономика маселелери боюнча вице-премьер-министрликке Дүйшөнбек Зилалиев, Коопсуздук маселелер боюнча вице-премьер-министрликке Темир Жумакадыров жана экономика министри кызматына Артём Новиков бекитилген. Ал эми калган өкмөт мүчөлөрү өз ордуларында калган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан