Өлкө боюнча 50 миңдей бүтүрүүчүнүн жалпы орто билим жөнүндөгү аттестатын ката жасаган министрликтин кызматкерлери жумуштан бошотулбады. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 29-августтагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, аттестаттын текстин жазууда ката кетирген кызматкерлердин ишин өзү иликтеген. Бирок аларды жумуштан бошотпостон сөгүш берип, эскертүү менен гана чектелген. «Мен коллегияда аларды жумуштан алуу сунушун киргизгем, бирок башка мүчөлөр муну колдогон жок. Кийинки жылы мындай ката кетпейт деп кепилдик бере алам»,- деди министр. Кудайбердиеванын маалыматына караганда, учурда жараксыз аттестаттардын 80 пайызы оңдотулуп бүттү. Эске салсак, аттестаттын ичиндеги «жалпы орто билим жөнүндөгү аттестатсыз жараксыз» деген жери «жалпы орто билим жөнүндөгү аттестаты жараксыз» деп ката жазылып калган. Мындан улам мектеп бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларга документ тапшырууда тоскоолдуктарга учурашкан.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg