2017-жылдын 7 айында Кыргыз өлкөсү 573,1 миллион кВт/саат ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН экспорттогон. Бул пландагы нормадан 163 миллион кВт/саатка көп. Маалыматты өкмөттөн таратышты.
Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп НУРБЕК ЖЕҢИШ дайындалды. Ал буга чейин төраганын орун басары кызматын аркалап келген.
Кыргыз мамлекетинин 26 жылдык тарыхында 26 ири ЖОЛ КУРУУ жана реконструкциялоо долбоору ишке ашырылган.
Майрам күндөрүнө карата унаа жана ЖЕР ҮЧҮН САЛЫКТЫ төлөө убактысы 4-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Республиканын ар бир айылына сапаттуу ИНТЕРНЕТ байланышын алдыңкы 3 жылда жеткирүү пландалууда. Мындай оюн премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.
Президенттик аппараттын башчысы болуп АЛМАЗБЕК ҮСӨНОВ дайындалды. Буга чейин ал ушул аппараттагы маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеп келген.
Ушул жылдын 11-октябрында Орусиянын Сочи шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин САММИТИ болуп өтөт. Былтыр бул иш-чара сентябрда Кыргыз өлкөсүндө өткөн.
Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп ГҮЛНУРА ТӨРАЛИЕВА дайындалды. Буйрукка өкмөт башчы кол койду.
Өзбекстандын президенти ШАВКАТ МИРЗИЙОЕВ Кыргыз өлкөсүнө 6-сентябрда иш сапары менен келет. Аталган маалыматты өкмөттөн кабарлашты.
ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО карата БШКга 61 чет өлкөлүк байкоочу катталды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ бир жылга интернет кызматы үчүн 1 миллион сом төлөөгө даяр. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына тендер жарыялады.
Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп МУХАММЕТКАЛЫЙ АБУЛГАЗИЕВ дайындалды. Буга чейин ал биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп келген.
Кыргыз өлкөсүнөн 2012-жылдан бери СИРИЯГА СОГУШКА КЕТКЕН аялдардын саны 600гө жакын. Мындай маалымат Бишкекте өткөн "Аялдардын терроризм-экстремизмге каршы туруудагы орду" деген жыйында айтылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.