Мэйвезер vs Макгрегор. ФЛОЙД БОКСТУ САКТАП

27-августта АКШнын Лас-Вегас шаарында уруш спортунун тарыхын өзгөртө турган беттеш орун алды. Анда эки спортчу гана эмес, эки спорт түрү кармашты. Атактуулугун жоготуп бара жаткан бокс, тескерисинче, дүйнө жүзү боюнча популярдуулугун арттырып бараткан эрежесиз уруш менен тирешти (UFC). Башкача айтканда, Флойд Мэйвезер Конор Макгрегорго каршы чыкты.

ДҮЙНӨНҮ ДҮРБӨЛӨҢГӨ САЛГАН БЕТТЕШ

Эки спортчунун атактуулугунун таасири менен бул беттештин жарнамасы дүйнөнүн булуң-бурчуна чейин жетти. Телевизордон, интернеттен онлайн көрүүчүлөрдүн саны жана жадакалса букмекердик кеңселерде байге коюу боюнча бул беттеш алдыңкы сапка чыкты. Уюштуруучулардын мыктылыгыбы же Макгрегордун тилиненби, айтор, бул күнү дүйнө дүрбөлөңгө түштү. Лас-Вегастын «Т-Мобайл» аренасы жөнөкөй спорт сүйүүчүлөрдөн тышкары мен-мен деген атактууларды чогултту.
Кызыгы, беттеш алдында Майк Тайсон, Леннокс Льюис сыяктуу боксчулар толугу менен Мэйвезерди колдосо, UFC чеберлери «Макгрегор кимге болбосун оңой атаандаш болуп бербейт» деп айтып жатышты. Беттеш бокс эрежеси менен өтмөк, эгерде Конор бут же чыканактарын колдонсо, анда ал бардык гонорарларынан кол жууп, сотко чейин бармак. Ирландиялык акчаны жакшы көрөрүн көпчүлүк жакшы билишет, андыктан ал келишимди бузат деп эч ким күткөн жок.

МАКТООГО ТАТЫГАН МАКГРЕГОР

Рингге жаңыдан аралашып баштаган мушкер 4 раунддук беттештерден баштайт. Конор дароо 12 раунддук жана бокс тарыхындагы эң мыкты мушкер менен рингге чыкты. Албетте, анын мүмкүнчүлүктөрү башынан эле анча көп эмес эле.
Макгрегордун күчү дал ушул 4 раундга гана жетти. Бул убакытта ал татыктуу беттешип, бир канча жолу таамай соккулары менен Флойдду таң калтырып койду. Жеңүү керек болсо, анда ушул аралыкта нокаутка учуратыш керек болчу.
Эрежесиз урушта чемпиондук беттеш 5 мүнөттүк 5 раунд болсо, боксто 3 мүнөттүк 12 раунд. Ринг менен октагондо беттешүүдөгү күчтүн сарпталышы да ар башка. Ирландиялык мушкердин бат эле чаалыгып калышы ушундан. Жалпы беттештин жүрүшүндө Конор Флойдго 111 жолу таамай сокку узаткан. Салыштырсак, 2 жыл мурун 12 раунд ичинде Мэнни Пакьяо Мэйвезерге 81 жолу гана таамай сокку узата алган.
6-раунддан тарта ирландиялык спортчунун дымагы баштагыдай болбой, атаандаштан соккуларды өткөрүп баштады. Жыйынтыгында ал 10-раундда Флойддун мөндүрдөй жааган соккуларына туруштук бере албай калганын көргөн калыс беттешти токтотууга мажбур болду. Техникалык нокаут.

БЕТТЕШТЕН СОҢ:
«Мен Флойддун соккуларынан кулачудай абалга келген жокмун. Бул чарчагандык. Калыс эрте эле беттешти токтотуп койду деп ойлойм. Өзүмдүн бурчума барганда эс алып, кайра күч топтоп келмекмин».

ФЛОЙД. 50-0. РЕКОРД

Бул беттешти Конор жеңип кетсе, анда бокс чынында эле көлөкөдө калган спорт түрүнө кирип калмак. Бирок дагы бир жолу Флойд бокстун спорт дүйнөсүндө орду талашсыз экендигин далилдей алды. Көрөрмандар үчүн алгачкы раунддарда Флойд атаандашын аяп жаткандай сезилди. Андай эмес. Мэйвезер өтө этият, абайлап кыймылдаган спортчу. Анын тактикасы дал ушундай таризде. Беттештин башында ал активдүү болуп, Конор контрчабуулдары менен жооп берүүгө белсенген. Атаандашы чарчап баштаганда, Флойд чабуулга өтүп иштеп баштады. Бир чети, ал күйөрмандарына айткан сөзүнө турду. Ал "рингде кызыктуу беттеш тартуулайм" деп билдирген эле. Экинчиден, ал ирландиялык эч кандай коркунуч жаратпай калганда гана чабуулдарды биринин артынан бирин жасай баштады. 5-раунддан соң рингде кимдин ким экени даана көрүндү. Бул жеңиш менен Флойд рингде 50-беттешин жеңип, бир дагы жолу утулбай бокс менен коштошту. Ал айтылуу Рокки Марчианонун рекордун басып түштү. Эми бардыгы тартынбай эле айта алышат: Мэйвезер – бул бокс. Бокс – бул Мэйвезер.

БЕТТЕШТЕН СОҢ:


«Конор мен элестеткенден жакшы беттешти. Жалпы карьерамда эмнеге жөндөмдүү экендигимди көргөздүм. Бул менин акыркы жолу рингге чыгышым».

ОЮН БҮТТҮ.
КАРАЖАТ САНАМАЙ...

Беттештин канчасы чыныгы спорт, канчасы шоу болгонун уюштуруучулардан башка эч кимиси билбейт. Ошондуктан беттештен кийинки эң жагымдуу учур – түшкөн каражатты санамай. Уюштуруучулар тапкан жалпы
каражат – 600 миллион доллардан ашты. Мындай сумма буга чейин бир да беттештен түшкөн эмес.
Мушкерлерге келсек, Флойд гонорар жана бардык келишимдерди эсепке алганда жалпы 400 миллион долларга жакын киреше табат. Ал эми Макгрегордун жалпы каражаты 130 миллионду түзөт. Андыктан жеңилип калган Конорду эч ким кейиштүү абалда көргөн жок. «Эгерде акчаларымды жөнү жок чачпасам эле, өмүр бою жете турган каражат таптым»,- деп билдирди ал. Чындыгында, бул беттеште эч ким утулган жок. Флойд татыктуу түрдө карьерасы менен коштошсо, Конор UFC чемпиондук курун тагынган боюнча калды...

Макгрегор беттештен кийин күлүп-жайнап эле түнкү клубда майрамдап жүрдү.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
dinamo7
2017-09-05 11:24:24
Сонун жазылган да


+3
birimdik.
2017-09-05 14:48:37
Мейвезер легенда бокс дуйносундо
Макгрегор звезда UFCде
Акча жыйнашты жон гана
+3
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан