АЯЛЫН САБАП ӨЛТҮРДҮ ДЕП КАРМАЛГАН ШЕКТҮҮ МУРУНКУ АЯЛЫН ДА САБАП ӨЛТҮРГӨНҮ АНЫКТАЛДЫ

«АЯЛЫ КАТУУ САБАЛГАНДАН УЛАМ ЖАН БЕРГЕН»

Жакында Талас облусунда күйөөсү аялын сабап өлтүргөн деп кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин маалымат катчысы Динара Сарногоева төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2017-жылдын 22-август күнү Талас ОИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Талас районундагы Талды-Булак жайлоосунда мал кайтарып иштеген жаран мас абалында Р.С. аттуу 1984-жылы туулган аялын сабап өлтүрүп салганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул кылмышка шектелип 1979-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда туулган К.Б. аттуу маркумдун күйөөсү кармалган. Алдын ала тергөөнүн маалыматы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. Ошол күнү күйөөсү мас абалында үйүнө келип, аялын себепсиз чачынан сүйрөп, сабаган. Аял катуу ур-соккудан улам ошол жерден жан берген. Бул кылмыш боюнча Талас РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 2006-жылы да Токтогул районунда мурдагы аялын катуу сабап, аялы алган жаракатынан улам каза болгону аныкталды. Анда кылмышка шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган экен.

«МЕНИ ДА БЫЧАК МЕНЕН КОРКУТКАН КҮНДӨРҮ БОЛГОН»

Маркум келиндин апасы менен байланышканыбызда, Анара айым каза болгон кызынын 3-4 айлык боюнда бар болчу дейт:
– Күйөө бала камакта жатканда эле кызым экөө бир жылдай сүйлөшүп жүрүшүптүр. Ал абактан чыккандан кийин 2014-жылы экөө үйлөнүшкөн. Биз алардын никесине каршы болуп, кызымды үйгө алып келип алган күндөрүм көп эле болду. Себеби күйөө баланын «биринчи аялын өлтүрүптүр» дегенин уккан элек. Кайра эле ал кызымдын артынан жалдырап-жалбарып алып кетчү. Ортолорунда 3 жарым жана 1 жарым жаштагы кыздары бар.
Алар Таласка мал бакканы 2016-жылдын август айында кетишкен. Буга чейин деле экөөнүн уруш-талашын угуп, көрүп эле жүргөм. Булардын ызы-чууларынын айынан Токтогулдун милиция кызматкерлерине эки жолу кайрылгам. Алар кармаган күндө деле 2-3 күндөн кийин күйөө балам тааныштары аркылуу чыгып кетчү. Жадакалса анын мени да бычак менен коркуткан күндөрү болгон. Мас күйөөсүнүн акыркы сабаганынын айынан кызымдын 4 кабыргасы сынып, башы жарылып, денесинде тамтык жок, көк-ала болуптур.

«НЕБЕРЕЛЕРИМДИ ЭМИ ӨЗҮМ БАГАМ»

– Окуяга чейин күйөө баламдын досу аялы менен Суусамырга ичимдик сатып барыптыр. Анан күйөө балам аларды үйүнө конокко чакырып, алар түнү менен ичимдик ичишиптир. Кызым эртеси эртең менен уй саабай калган экен, ошону себеп кылган күйөөсү кызымды ура баштаптыр. Кызымды сабап жатканына күбө болгон досу жана анын аялы эмнеге ортого түшүп арачалап койгон эмес? Досунун аялы кызымды «үйдөн сүйрөп барып, арыктагы сууга башын салган. Мен жанында жүрдүм. Күйөөм унаада уктап жаткан» деп айтып берди. Мага суук кабарды ошол аял 21-август күнү түнкү саат он жарымда телефон чалып «апасы болосузбу, кызыңар өлүп калды» деп айтты. Биз жайлоого барганда алар «3 күн мурун келгенбиз. Биз келсек кызыңыздын бети-башы көк-ала болуп, төшөктө ооруп жатыптыр» дешти. «Жок дегенде качан өлгөнүн билесиңби?» десек «мен от жагып жүргөм» деп койду.
Биз өзүбүз ыйлап-сыктап баргыча кызымдын сөөгүн жана күйөөсүн милиция кызматкерлери алып кетишиптир. Ал эми күйөө баланын досу менен аялы «кайненең кыздарыңды бага албайт. Бизге бер» деп, күйөө баладан кыздарды багып алуу боюнча тил кат жаздырып алышыптыр. Эмнеге досу уруш-талаш болуп, кызым эсине келбей жатып калса да, кошуна-колоң чакырып же ооруканага алып барган эмес? Алар да кызымдын өлүмүнө себепкер, ошондуктан алар да жазасын алсын! Неберелеримди эми өзүм багам.

Биз аталган окуяга күбө болгон кылмышка шектүүнүн аяшына да байланышып көрдүк. Бирок ал «эч нерсе айтып бере албайм» деп окуя тууралуу айтып берүүдөн баш тартты.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Asel33
2017-09-05 10:23:29
Ушундай эркектен көрө жогу жакшы, ХХХ
+8
Nevestkaa
2017-09-05 19:57:28
Аялыңар Аллахтын аманаты экенин алардын бир тамчы жашы үчүн жооп берээриңерди унутпагылачы.Оо дүйнөдө аманатына кантип жооп берээр экен зөөкүр.
+8
AIZAD
2017-09-06 15:54:59
Адам олтургучтордон тил кат жаздырыппы? Айланайындар ичип жургон исимдигинер силердин да тубунорго жетет!! Бала бакпай баладан айлангырлар!!!
+1
jamilya03
2017-09-06 21:44:33
Мыкаачы мындай канкорлор адам болбойт дагы 5 жылдан кийин чыгып онорун улантат мындайларды омур боюу камаш керек
+3
Kroxa
2017-09-08 21:38:40
Камакта жатканда суйлошкону да бузук го кыздын,,ал аялын олтургон темболее жолобош керек эле камакта жатып даны бироонун убалына калбаса болду зоокур экен 4 жыл эле отурганы эмнеси??
+1
nurhan2702
2017-09-11 11:40:18
Мындай зоокурлорду сразу атуу керек ,антпесе дагы 3-4....аялдарын олтуро берет да.Аллах жазасын берсин
0
Ziasuiunbekova
2017-09-19 12:34:21
Достору да за участие камалышы керек..Адамды олтуруп жатса карап турганы эмнеси..Алар да камалышын отунот элем....
0
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан