КЫШКЫ САЛАТТАР

Кышка камылганы улантабыз. Кезекте жашылчалардан жасалган салаттар. Кышкы салаттар шашылышта даяр тамак гана болуп бербестен, сизди витаминдер менен камсыздай алат. Андыктан кампаңызды салаттарга толтуруңуз.

ОРОМО КАПУСТА
Керектелүүчү азыктар:
Капуста
– 1 чоң даана
Сабиз – 1 килограмм
Помидор – 1 килограмм
Уксус (6) – 1 стакан
Кумшекер – 3 аш кашык
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Сарымсак – 1 баш
Татымына жараша туз, корей салаттарына кошуучу татымал

Даярдоо ыкмасы:

  1. Капустанын сөңгөгүн кесип, кайнак сууга салып жибитип, жалбырактарын өз-өзүнчө ажыратып алабыз.
  2. Сабизди сүргүчтөн өткөрүп, майда тууралган сарымсакты, майды, татымына жараша татымалдарды кошуп аралаштырабыз.
  3. Капустанын жалбырагына жогорудагы аралашмадан салып, тыгыз ороп, алдын ала бууланган банкаларга тизип салабыз.
  4. Помидорду эт өткөргүчтөн өткөрүп, ага кумшекер, май, уксус жана туз кошуп 10 мүнөт жай отто кайнатабыз.
  5. Маринадды ысык бойдон фаршталган капусталардын үстүнө куюп, сыртынан 30-40 мүнөт кайнаткан соң капкагын бекитиңиз.

БАКЛАЖАН ИКРАСЫ

Керектелүүчү азыктар:
Баклажан
– 2 килограмм
Болгар калемпири– 1 килограмм
Пияз – 1 килограмм
Сабиз – 1 килограмм
Помидор – 2 килограмм
Сарымсак – 3 баш
Укроп – 1 боо
Өсүмдүк майы – 0,5 литр
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

  1. Алгач жашылчаларды тазалап, жууп алабыз.
  2. Баарын (сарымсактан башкасын) төрт чарчы түрүндө туурап, ар бирин өзүнчө идишке сала турабыз. Тууралган баклажанга бир аз туздан себелеп, жарым сааттай тыныктырабыз. Бул ыкма андагы ачуу даамдын чыгып кетишин шарттайт.
  3. Казанга майды куюп, кызыган кезде алгач пиязды, сабизди, андан соң болгар калемпирин салып жай отто 10 мүнөттөй кууруп, баклажанды салып аралаштырабыз. Казандын капкагын жаап, жай отто 10 мүнөттөй демдеп коёбуз. Баклажанды саларда колуңуз менен сыгып алууну унутпаңыз.
  4. Белгиленген убакыттан соң казанга помидорду жана майда тууралган сарымсак менен укропту салып, татымына жараша туз, мурч кошуп, жай отто дагы 20 мүнөт кууруйбуз.
  5. Баклажан икрабыз даяр. Алдын ала бууланган банкаларга салып оозун беките берсеңиз болот.


КЫЗЫЛЧА ИКРАСЫ

Керектелүүчү азыктар:
Кызылча
– 2 килограмм
Сабиз – 1 килограмм
Таттуу болгар калемпири – 1 килограмм
Помидор – 1 килограмм
Чили калемпири – 1 даана
Пияз – 1 килограмм
Сарымсак – 1 баш
Кумшекер – 3 аш кашык
Уксус (6) – 1 стакан
Өсүмдүк майы – 1 стакан
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  1. Жашылчалардын баарын тазалап, жууп, эт туурагычтан өткөрүп алабыз.
  2. Бул аралашманы чоң идишке куюп, май, кумшекер татымына жараша туз кошуп аралаштырабыз да, жай отко 30-35 мүнөт кайнатабыз.
  3. Аягында уксусту куюп, жакшылап аралаштырып, алдын ала бууланган банкага куюп, капкагын бекитебиз.


ФАРШТАЛГАН КАЛЕМПИР

Керектелүүчү азыктар:
Баклажан
– 1,5 килограмм
Болгар калемпири – 2 килограмм
Сабиз – 500-600 грамм
Помидор – 2 килограмм
Сарымсак – 2 баш
Кумшекер – 3 аш кашык
Уксус (6) – 1 стакан
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

  1. Калемпирди уругунан тазалап, үстүнө кайнак сууну куюп, идиштин капкагын жаап 10-15 мүнөткө дымдап коёбуз.
  2. Помидорду эт өткөргүчтөн өткөрүп, ага кумшекер, уксус, май жана туз кошуп 10 мүнөт жай отко кайнатабыз.
  3. Баклажандарды узун тилке кылып туурап, сабизди сүргүчтөн өткөрүп, май куюлган көмөч казанда кууруйбуз. Татымына жараша туз, мурч салабыз. Аягында майда тууралган сарымсакты кошобуз.
  4. Жумшарган болгар калемпирлерди суудан алып чыгып, ичине баклажан, сабиз куурмачын салабыз. Көп ныктабаңыз.
  5. Калемпирлерди алдын ала бууда кармалган банкаларга тизип, үстүнө кайнап жаткан помидор ширесин куюп, сыртынан 30-40 мүнөт кайнаткан соң темир капкак менен бекитип, салкын жерге чыгарып коюу керек.


БАДЫРАҢ ЛЕЧОСУ

Керектелүүчү азыктар:
Бадыраң
– 2 килограмм
Помидор – 4 килограмм
Таттуу болгар калемпири – 5-6 даана
Сарымсак – 1 баш
Сабиз – 3 даана
Ачуу калемпир – 1 даана
Өсүмдүк майы – 1 стакан
Уксус (6) - 1 стакан
Укроп – 1 боо
Кумшекер – 3 аш кашык
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

  1. Алгач жашылчалардын баарын тазалап, жууп алабыз.
  2. Помидорду эт өткөргүчтөн өткөрүп, кумшекерди, татымына жараша туз салып, майды куюп, жай отто 10 мүнөт кайнатабыз.
  3. Бул убакыт аралыгында бадыраң менен сабизди жука, тегерек түрүндө туурайбыз. Болгар калемпирин узунунан ичке же төрт чарчы түрүндө туурасаңыз болот.
  4. Кайнап жаткан помидор массасына сабизди салып 10 мүнөт, андан кийин болгар калемпирин салып 5 мүнөт, кийин бадыраңды салып дагы 5 мүнөт кайнатабыз.
  5. Сарымсак менен ачуу калемпирди эт туурагычтан өткөрүп, укропту майда туурап салабыз да, уксусту куюп, 3 мүнөт отто кармайбыз.

Салатыбыз даяр. Бууланган банкаларга куюп оозун бекитип, көмкөрүп жылуу ороп коёбуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Uzakova.Z.A
2017-09-05 16:40:20
Ошондо голубцы дагы кышкы салатка киреби
+3
owtu
2017-09-06 21:48:26
Uzakova.Z.A,ошондой го
+1
owtu
2017-09-06 21:46:26
Жакты
+1
ayka91
2017-09-18 18:01:02
эт же окорочка же грудинка кошулган кышкы салаттар бар экен го. Ошондой салаттарды да чыгарып койосунарбы сураныч
+1
admin_portal
2017-09-19 11:25:57
ayka91, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
Guki
2017-09-25 17:49:30
Саламатсызбы админ! Уксус (6) деген уксус 6%туу дегенби , Бир стакан болгондо 200 грамм болобу жардам берип коесуздарбы сураныч!!!
+1
admin_portal
2017-09-26 10:33:42
Guki, саламатсызбы!
1 аш кашык уксуска 11 аш кашык суу кошкондо 6% уксус чыгат.
+1
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан