Тагдыр... Жашоодо ар түрдүү кыйынчылыктарга кептелгенде оор үшкүрүнүп, тагдырдын жазмышына шылтайбыз. Бирок мындай учурда моюн сунуп отурбай, тагдырды жакшы жакка өзгөртүүгө таасир берсе болорун астролог Жанар Кадыралиев баяндайт.
«АЙРЫМ ПЛАНЕТАЛАРДЫН ТААСИРИНЕН ЧЫГУУГА БОЛОТ»
– Бизге космостон электромагниттик толкун келип турат. Андыктан каалайбызбы, каалабайбызбы гравитациялык аракеттер аркылуу жерден таасир алабыз. Космос Жер планетасына, анын ичинде жандуу да, жансыз да нерселерге таасир берет. Ушундан улам астрология жаратылышта болчу өзгөрүүлөрдү алдын ала билгендей эле, анда жашаган адамдардын тагдырын да алдын ала божомолдой алат. Жер планетасы күндүн айланасында 365 күндө айланса, Марс 22 айда, Юпитер 12 жылда айланат. Бул планеталар ылдам айлангандыктан булардын таасиринен бир аз чыкса болот. Ал эми Сатурн 29, Уран 84, Нептун 165, Плутон 250 жылда бир айлангандыктан бул планеталардын таасиринен чыгуу кыйыныраак болуп, берген сыноолорунан кутулуу оорураак болуп калат. Мисалы, бир адамдын бешенесинде анын өлүмү башка адамдын кол салуусу аркылуу болору жазылса, аны өзгөртүү мүмкүн эмес. Болгону өлүмгө жакшы планета деп саналган Юпитер, Чолпон же Жер таасир берсе, бир аз жеңилирээк формада ишке ашат. Ал эми Плутон, Марс сыяктуу агрессивдүү планеталардын таасири тийсе, ал адам башка адамдын мыкаачылыгынын курмандыгы болуп жан берет. Бирок адам космостун таасиринен толугу менен чыгып кете албайт.
«ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛДЫ АЛМАШТЫРУУ МЕНЕН КЫРДААЛДЫ ӨЗГӨРТСӨ БОЛОТ»
– Астролог катары өзүмдүн тагдырыма байланышкан божомолдорду жеке жылдыз төлгөмдөн карачу эмесмин. 2015-жылы үй-бүлөмдө жагымсыз окуя орун алып кеткенде «эмнеге ошонун алдын алган жокмун» деп ойлоп, жылдыздар эмне дешкенин карадым. Анан өзүмдүн да, жубайымдын да бешенесине ошол окуя жазылганы аныкталгандан кийин «муну мурдараак карап койгонумда бул окуяны өзгөртө алмак экенбиз» деп ойлондум. Муну менен бешенеге жазылганды толук өзгөртүү адамзатынын колунан келбесе да, боло турган окуяны башка жагынан келишине таасир этүүгө болорун айткым келет. Планеталардын жайгашуусуна карата адам тагдырдын жакшы-жаман «белегин» башка жагынан тандап ала алат. Астрологиянын бизге берген таасири биздин географиялык абалга да тиешеси бар. Андыктан алдын ала берилген божомолду бир аз өзгөртүү үчүн убактылуу алыс жакка чыгып кетүү туура болот. Жер которууда канчалык алыстыкка бет алсаң боло турган окуялар ошончолук башка сюжетте, жеңилирээк формада болуп өтүп кетиши мүмкүн.
«БАЛАНЫН ТӨРӨЛГӨН КҮНҮ ЭЛЕ ЭМЕС, СААТЫ, МҮНӨТҮ ДА МААНИЛҮҮ»
– Дүйнөлүк масштабдагы астрологдор наристенин тагдырына анын төрөлгөн убактысы таасир берерин айтышат. Мисалы, кайсы бир убакытта төрөлгөн бала тартынчаак, түнт болуп калса, башка учурда туулгандар, тескерисинче, табиятынан ачык мүнөз, шайыр келишет. Ошондуктан болочок бала акылдуу, жайдары мүнөз, тагдыры жеңил болуп, бардар жашоодо өмүр сүрсүн дегендер төрөт күнүн, атүгүл саатына чейин астрологдорго санатып алышат. Анан курсактагы бала толуп жетилгенде кесарево жолу менен жарыкка алып келишет. Баланын киндиги кесилип, биринчи жолу аба жутканда космостон кандай энергия келип турган болсо, ал ошону өзүнө магнит сыяктуу тартып, сиңирип алат да, оң же терс энергиянын таасири алдында өмүр сүрөт.
«ТӨРӨЛГӨНДӨН КИЙИНКИ ТАРБИЯ КЕЧ»
– Ар бир адамдын тагдыры ал түйүлдүк кезинде эле программаланып калат. Ошондуктан кош бойлуу аял баласын курсагында көтөрүп жүргөндө эле ага кам көрүүсү зарыл. Эненин 9 ай аралыгында өзүн кандай алып жүргөнү балага түздөн-түз таасир берет. Эгерде болочок эне уруш-талашка кабылса, кыжырданса же ашыкча боорукердик менен ыйлай берсе, анын терс энергиясы балага өтүп, өзүнө агрессияны сиңирип алып, ымыркай планеталар өтө жаман жайгашып турган учурда жарыкка келет. Ошондон улам айрым адамдардын тагдыры оор болуп калат. Алар өмүрүндө финансылык жетишсиздикте, азаптан башы чыкпай, түйшүктүү турмушта жашап жүрүп өтүшөт. Ошондуктан баланын бактылуу жашоодо жашап, жолу ачык болуп, узун өмүр сүрүүсү үчүн кош бойлуулар жалаң жакшы ойлорду ойлонуусу кажет. Эне өзүн оптимисттик маанайда, эмоционалдык жактан жакшы алып жүрсө, бала да өзүнө ошол энергияны кабыл алып, болочокто ийгиликтүү адам катары калыптанат. Жатындагы бала кээде мөөнөтүнөн 5-10 күн эрте же кеч төрөлүп калганы да ушундан. Ал өзүнө жакшы энергия түзүлүшүн күтүп жата бериши мүмкүн. Ушул факторлорду эске алып, баланы төрөлгөндөн кийин тарбиялоо кеч болуп каларын ар бир эне билиши керек.
Алтынай Тынышова
koom@super.kg