Сахнадан оолактаганына көп жыл болгон Бегимай Эсенгулова экинчи ымыркайын жарыкка алып келип, наристесинин жытына мас болуп жүргөн убагы. Бегимай: «Мындан эки ай мурун, 27-июнь күнү кыздуу болгонбуз. Атын Данэля койдук. Улуу балам карындашын эркелетип, «менин бөбөгүм» деп абдан жакшы көрүп жатат. Мен өзүмө курбу, сырдаш адам жарыкка келгенине сүйүнүп отурам»,- деп кубанычы коюнуна батпай турганын билдирди.