Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 26 жылдыгында өлкө президенти тарабынан бир катар өнөрпоздор мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ырлары менен бир канча муунду тарбиялаган Анапия Райымбекова өңдүү ырчы менен катар кыргыз сахнасына кечээ жакында пайда болгондорго, алсак, Гүлжигит Сатыбеков, Самара Каримова, Нурайым Азыкбаевага да берилди. Андыктан президенттин жарлыгы чыгары менен «бул татыктуу, тигил татыктуу эмес» деген талкуулар башталды. Айрыкча сындар Самара Каримова менен Гүлжигит Сатыбековдун дарегине жаай баштады.
Самара Каримованын жолдошу Асан Мансуровго былтыр Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамы берилген. Ал эми ушул жылдын 28-июнунда маданият министри Самара Каримованы Ош шаарындагы "Сулайман тоо" музей-комплексине директор кызматына дайындаган. Жолдошу аталган министрликтин түштүк аймагы боюнча башчысы болуп эмгектенгендиктен коомчулукта «Мыйзам боюнча бир үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик кызматта түздөн-түз бирине-бири баш ийген кызматты ээлебеши керек» деген сындар көп айтылды. Мындан улам ырчы кызматтан баш тартууга аргасыз болгон. Шоу чөйрөдө "Ак үйдөгү таасирдүү адамдар менен Асан Мансуровдун үй-бүлөлүк катышы бар" деп айтылып келет. Самара Каримовага ардактуу наамдын ыйгарылуусуна коомчулук мына ушул жагдайлардан улам көбүрөөк сын айтууда.
Бирок Самара Каримова акыркы жылдары активдүү иштеп, катарынан ыр жаздырып, клип тарттырып, Ошто, Бишкекте жандуу үн менен концерт берип, талантын таптап жүрөт. Ушундай аракеттеринин негизинде ал кыска убакыт ичинде өз күйөрмандарын таап, алардын колдоосуна арзый алды.
Сахна артында «Жигули, Москвичтер, жүгөрүлөр тууралуу ырдасаң, анан наам берилет» деп Гүлжигит Сатыбековго наам берилишин какшыктагандар да көп болууда. Ушундай жагдайда Шайлообек Дүйшеевдин айткандары эске келет. Кыргыз эл акыны сүйдүм, күйдүм деген ырларды жаза берүү менен эле акын болуп кетпестигин, чыныгы акын болуш үчүн элинин тагдырын ырга салышы керектигин түшүнгөндөн тартып кайдыгерлик, эне тил, карылар үйүндө жакынын күткөн энелер темасына кайрылып, карапайым элдин тагдырын жаза баштаганын айтканы бар. Ошол сыңары Гүлжигит Сатыбеков дагы жеңил-желпи тамашалуу ырлары менен катар чет жерлерде жашап-иштеп, турмуштун азабын тартып, ошого карабай ийгиликке да жетип жаткан кыргыздар тууралуу ырдап келет. Өлкөнүн кайсы тарабына жөнөбөгүн, таксиде баратып Гүлжигит Сатыбековдун ырларын жок дегенде бир ирет угасың. Орусияда жүргөн мигрант мекендештерибиздин ар биринин телефонунан "Москва" деген ырын угууга болот. Гүлжигит Сатыбековдун бул өңдүү элдин тагдырын ырдаган ырлары карапайым элдин жүрөгүнөн орун таап, өздүк болуп, элдик болуп жайылып кеткени чындык.
Көпчүлүктү бул ирет дагы мамлекеттик сыйлыктарга Кыргызды жакшы жагынан тааныткан Кайрат Примбердиев, Жийдеш Идирисова өңдүү ырчылар илинбей калганы нааразы кылды.
Эгемендүүлүк күнүндө таң эрте тараган кабардан улам сыйлык алган ырчылар менен байланышып, кубанычын тең бөлүштүк.
Нурайым Азыкбаева: – Кенедейимден музыкага аралашып, бир эмес, үч музыкалык окуу жайды бүттүм, өз өлкөмдүн атынан көп сынактарга катышып ушул сыйлыкты алып жатам. Сыйлык алганымды мага түндө апам сүйүнчүлөп чалды. Мен сыйлыкты татыктуу эле алдым деп ойлойм.
Самара Каримова: – Бул сүйүнүчтүү кабарды укканда кубанганымдан көзүмө жаш алып ыйлап жибердим. Атам катуу сүйүнгөнүнөн кан басымы көтөрүлүп, мурдунан кан кетиптир. Чынында бул сыйлыкты атам алыш керек эле. Бирок менин алып жатканыма эки эсе кубанууда. Сыйлык меники, сыймык кыргыз элиники. Менин ырчы болуп, элге таанылышыма "Супер-Инфо" гезитинин салымы чоң. Андыктан сиздердин жамаатка терең ыраазычылык билдирем.
Гүлжигит Сатыбеков: – Сыйлык алганымды досторум чалып сүйүнчүлөштү. Толкунданып, кубанып жатам. Ал эми сыйлык алгандагы сезимдер тууралуу сыйлыкты колго алганда бөлүшөйүн.
Өнөрпоздор мындан ары да талыкпай эмгектенип, чыгармачылыктагы ийгиликтери менен кыргыз элин кубандырат деген ишенимдебиз. «Супер-Инфонун» жалпы жамааты сыйлык алган инсандарды куттуктайт!