КЫРГЫЗДЫН «БУЛБУЛ КЫЗЫ» ЭЛМИРА КАЙЫП КЫЗЫ КАЗА ТАПТЫ

«Булбулум» деп боздоп ырдаган айтылуу фольклор ырчысы Элмира Кайып кызы 31-август күнү мезгилсиз дүйнө салды. Кесиптештеринин айтымында, ырчы акыркы жылдары боор оорусу менен жабыркап жүргөн. Маалыматты редакцияга сахналаш кесиптеши Нуриса Абазова кабарлады. Ал өз сөзүндө: «Жаңы эле Элмиранын Гүлнур деген курбусу чалды. Ал кызга Элмиранын агасы бул суук кабарды айтып чалыптыр. Ишене албай отурам»,- деп ыйлады. Эске салсак, Элмира Кайып кызы 1975-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум» аттуу ырын аткарып чыгып калың элге таанымал болгон. Ырчынын жакындарына «Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
jemile
2017-09-05 09:46:53
Супер, сага таарынычым тарай элек....;:
+16
TazaKyrgyz
2017-09-05 11:41:49
jemile,кошулам интервью алышынар керек эле дааа супер супер
+10
belka
2017-09-05 12:27:00
Алла рахматына алсын, жаткан жери жайлуу болсун! Терең кайгыруу менен көңүл айтамын.
+5
Pari-80
2017-09-05 14:14:47
Жаткан жери жайлуу болсун!
+4
toma95
2017-09-05 14:18:45
жаткан жери жайлуу болсун.дуконго кирсем газеталар туруптур алыстан караганда Айчурок Иманалиевага окшоп кетет экен ии эмне болуп каза болдукен деп эле жанына келсем бул эже турбайбы.
+2
dinar-87
2017-09-05 14:28:47
Самара менен эле Анжеликадан интервью ала бербей башка ошондой ырчылардан интервью алып койсонор жакшы эле Адам деген бугун бар эртен жок.
+15
Aidan88
2017-09-06 02:32:32
dinar-87,oshonu aitsanyz kechke ele Anjelika Jana Samara , anan kaidagy jany chygyp kelatkan Aiymadan interviu alyshat. Super.kg suranych yluu muundagy eje agalardan interviu alsanar bolboibu ,Gulzat Baizakova ,Syimyk baike siyaktulardan. .Elmira ejenin bir dagy maegi jok eken go ,Elmira ejenin jatkan Jeri jailuu bolsun ,keche le chykkan Samara Karimovaga naam berip, Elmira eje naamy jok arabyzdan otup ketti.
+5
nurmila
2017-09-05 17:54:44
Аты кайрылуу болсун
+3
nurtilek.meri
2017-09-06 14:30:31
Бейиштен орун алсын оомийн
+4
Asim
2017-09-06 17:35:06
Жайы жанаттан болсун (
+2
fortuna-fortuna
2017-09-07 13:34:15
Жайы жаннаттан болсун..... ((( ал Эми Супер инфого менда кайрылат элем... Малика Дина менен Анжеликадан улам улам утурлай интервью ала бербей кызмат жумушунарга олуттуу карап ар бир искусства адамынан интервью алсанар. Чындап Супердин авторитети Бир топ туника...
+4
Jieke8777
2017-09-07 17:03:23
Эмне болгон экен эле super толук жазсанар
+2
TUA
2017-09-08 16:26:27
Ыйманы Саламат болсун
+1
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан