ЭНЕ... (Кароосуз калган наристенин тагдырын баяндаган фотороман)

(Башталышы өткөн сандарда)


Арууке сүйбөгөн адам менен никелешти. Аянаны багып алуу үчүн башка жол көрө албады. Бирок Кутмандын оюнда таптакыр башка нерселер бар болчу...




– Биз бактылуу болчубуз. Биринчи жолу мен бир адамга керек экенимди сездим. Аяна 1-классты жашы жетсе да окубай калган экен. Бирок акылдуу кыз, үйдөн жардам берип жатып тез эле өздөштүрүп алды. Жумуштан кийин үйгө шашылам. Кызыма сабак окутуп, чогуу өткөргөн убактыбызга экөөбүз тең тойбойбуз.




– Кутман башында сөзүнө турганы менен, кийинки убактарда мага такыр жакпай жүрөт. Ыңгайлуу учурду күтүп туруп эле кучактай калып, кээде уятсыздык менен өөп алат. Мындай учурда эптеп чыдап тим болом.



– Чарчап, залдагы диванга жата турайын деп көзүм илинип кетиптир. Бирөө өпкүлөп, чачымдан сылап жатканда ойгонуп кеттим. Кутман экен, майкачан алдымда турган аны көрүп жаман болуп кеттим. Түртүп жибердим. Экөөбүз биринчи жолу катуу уруштук.



– Кантсе да мени макул болот деп ойлогон экен. Менин каршылыгымдан ого бетер жини келип, зөөкүрлөнө баштады. Мен жумушка кеткенде Аянаны уруп, жаман сөздөрдү айтып койчу экен.



– Кызым зээндүү. Абалды менден жакшы түшүнүп, экөөбүздүн мындан башка бара турган жерибиз жок экенин билип, мага эч нерсе айтпай чыдай бериптир. Кичинекейдин башка эмне айласы бар эле?



– Ошол күнү Кутман бассейнди толтуруп, түшөм деп жаткан эле. Аяна ойноп короодо жүрүп, анын чөнтөк телефонун сууга түшүрүп алыптыр. Жинденген Кутман Аянаны бассейнге телефон менен кошо таштап жиберем деп коркутуптур.



– Мен жумуштан келгенде Аяна ыйлап сооронгонун билдим. Бир нерседен өтө коркуп калгандай. Алдап-соолап жатып ага болгон окуяны айттырып алдым.


– Кутманга ачуум келип, уруша кеттик. Кетем десем ал кете албасымды, кызды кайра энесине берип коё турганын айтты. Ушунчалык жиним келип, ал мени кучактай калам дегенде түртүп жибердим.


– Кырсыкты кайдан деп болбойт. Экинчи кабаттан түртүп жиберсем Кутман боюн токтото албай кулап кетти. Аяна келип мени кучактай калды. Экөөбүздүн тең денебизди майда калтырак басып, тепкичтен кулап кыймылсыз жатып калган Кутманга жолой албай турдук.

АРУУКЕ ТҮРМӨГӨ ОТУРУП, АЯНА ӨЗ ЭНЕСИНЕ БАРАБЫ?

(Уландысы кийинки санда)

Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Munar8625
2017-09-05 09:07:34
туртуп койсоле турмо
+2
Snejana
2017-09-05 12:59:48
Munar8625,балким олуп калды
0
Beks0207
2017-09-05 14:04:53
Олумуш болбой тур ээээн...
+10
ilgis1991
2017-09-08 20:50:50
Beks0207,уаха хаааа
+1
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан