«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)


Керем бул кабарды Стамбулдун тыгынында турганда укту. Өтө маанилүү келишим түзүү үчүн бара жаткан. Дароо жардамчысына «баарын токтот» деди да, ооруканага жөнөдү. Эге аттуу жардамчысы көп жылдан бери Керемдин жанында. Ал өзүн Керемди беш колдой билем деп ойлочу. Бирок ал дагы Керемдин бул кылыгын түшүнбөй калды. «Эмне кылып жатат бул? Миллион акча түшө турган нерсеге Керем көз жумуп койчу эмес эле. Эгерде мен адамдарды жакшы билсем, мен билген адам бул эмес» деди таң кала. Керем ооруканага келгенде врачтар Жамиляны текшерип бүткөн эле.

– Онур мырза, бул менин кол алдымда иштеген кызматчы кыз. Менден эч нерсени жашырбай айта берсеңиз болот,- деди ал врачка сүрдүү тиктеп.

– Үй кызматчыңыз кош бойлуу, Керем мырза.

– Хм, канча апталык?

– Бешинчи апта.

«Меники, демек, менин уулум» деди ичиндеги жулкунган бир күч. Сыртынан эч нерсе билдирбей салкын кандуу сурады.

– Карындагы балага ДНК тест жасатууга мүмкүнбү?

– Мүмкүн, бирок бул мөөнөттө балага да, энеге да зыян болушу ыктымал. Эгер жасата турган болсо...

– Макул, башка суроом жок.

Керем сыртка чыкты. Мыйыгынан жеңиштүү жылмайып алды. Эч кандай ДНК тести жок деле мөөнөтү туура келип жатпайбы. Демек, мураскерлүү болот. Тагдырдын мындай бурулушу анын пландарын өзгөрттү. Анткени ал үйлөнгөнүнө көп убакыт болсо да балалуу болууну каалаган эмес. Бир чети сүйбөгөн аял, экинчиден, аялы төрөсө ага финансы жактан эч пайда болмок эмес. Кайсы бир учурда ажырашууну кааласа, корпорациясы эки бөлүнүп кетүү коркунучу бар эле. Мыйзам боюнча бала энесинде кала турган болсо, ага акциянын көбүрөөк бөлүгү кетет. Анан калса мурдун көтөргөн бай кайындары ал баланы Керемден талашмак. Ал эми Жамиля төрөй турган бала жалгыз өзүнүкү болот. Кандай кылса, жашоосунун кайсы жерине койсо да ал Керемге эч тоскоол кылбайт. Кыжалаттык жаратпайт. Эң негизгиси, анын канын алып жүрө турган мураскер калат. Ушул учурда көкүрөгүндө ажыдаар ойгонду. Эч кимдин оюна келбей турган шайтан ой келип турду. Ал ой анын мээсин ой боюна койбой чырмап жатты. Ал адатынча өз канынан жарала турган баланын тагдырын да акчага бычып баштады.

ххх


Коңур күз кирип келди. Алибек жанталашып иштеп үй-жайды, мал-жандын баарын жайгарды. Эми Жамиляга Стамбулга кеткенге даяр. Бирок баарынан кыйыны муну ата-энесине айтуу керек эле. Паспортун алып, учакка билет да сатып алып койду. Бүгүн айтам дейт, экөөнүн жүзүн көрүп кыйбай кетет да, эртең эле айтайын деп токтойт. Же таптакыр эле айтпай кетип калгысы келет. Ошентип кыйналып жүргөндө апасы өзү сөз баштап калды:

– Балам, эми жыйым-терим, бардык иштерди бүтүрдүк. Тиги кызга барып сөйкө салып келе берсекпи?

– Кайсы кыз, кайдагы сөйкө?- деди Алибек айрысын колдон түшүрбөй. Бүттү деген менен, дагы көп иш бар эле. Энеси булчуңдары капкатуу, келбеттүү уулуна карап алып көз тийбесин деп жымыйып алды.

– Капырай, бир аз кулак салчы, атаңа окшоп оңураңдабай. Тим эле маңдайы жарык мыкты кыз. Энеси да жакшы. Тиги Арзуу сыяктуу аягы менен жүргөн бирөө эмес.

– Апа!

– Калппы, ай, бул айылда аны менен жүрбөгөн эркек калдыбы деги? Анын тарбиясын алган кыз кандай болот?

– Сиз өз көзүңүз менен көрүп, колуңуз менен кармап алгандай айтасыз да.

– Эл айтып жатпайбы.

– Айтса айта берсин. Арзуу жеңе сулуу, ичи күйгөндөр сүйлөй берет. Апа, кыз-пыз дегениңди токтот. Кыскасы, мен кетип жатам.

– Кайда кокуй?

– Стамбулга, Жамилянын жанына барам.

– Эмне-е?

– Апа, укчу мени,- Алибек айрысын ыргытып жиберип апасына чөгөлөй калды.

– Сен аны кандай айтсаң да, эмне десең да баары бир мен ансыз жашай албайм. Мен дем ала албай баратам. Бирөө демимди кысып салгандай. Бак-дарактар да жашыл эмес, күн да мурункудай жаркырабайт. Тамак ичкеним-ичпегеним, күн чыкканы-батканы деле мени кызыктырбайт. Чын айтам, апа, билесиң го, мен кичинемден Жамиляны жакшы көрөм. Ал жакшы кыз. Мурат байкени сен деле жакшы көрөсүң го. Таза, ак көңүл деп. Ал атасын тарткан. Коё бер мени, апа. Кайра келем. Сөз берем, кайра келем.

Көзү күйүп жан дили менен суранып турган уулуна так кесе «жок!» дей албады эне. Кайсы бир күнү ушундай болорун сезип жүргөн. Жүрөгү түтпөй кетти. Шалак этип отуруп калды.

– Мен го мен, атаңа кантип айтасың?

– Сен жардам кыл, экөөбүз көндүрөлү, апа.

– Атаңдын кыялын билесиң, балам. Ал сенден кечип кетиши мүмкүн.

– Атам мени түшүнөт.

Эне аргасыз башын чайкады. Айткандай эле болду. Атасы угары менен күн күркүрөп, чагылган чартылдап кеткендей эле болду. Эл башкарган, урмат-сыйга ээ, кыйын чыкма эркектерден эле Алибектин атасы. Жалгыз уулу бир кыздын аркасынан кетет деген дегеле үч уктаса түшүнө кирбей, буурадай чамынды.

– Жогол! Көзүмө көрүнбө. Эгерде кете турган болсоң ата-энем бар деп кайрылба. Сендей перзентимдин үчөөнү жер алдына бергем. Сени деле жок болду деп коём.

– Ата-а!

– Айтканыңдан кайтпайт экенсиң да, ээ? Ошол кыз үчүн ата-энеңден кечесиңби?

– Кайтпайм, ата, бирок силерден да кечпейм.

– Бар, көзүмө көрүнбөй жогол! Өлсөм кара ашыма келбе. Кечтим балалыгыңдан!

Мындай оор сөз айтылбаш керек эле, айтылып кетти. Чырылдап көз жашын төккөн энесине бой бербей Алибекти түртүп дарбазанын алдына чыгарып туруп ичинен бекитип алды атасы. Муну күтпөгөн ал селдейип турду. Бир аздан соң рюкзагын жонуна асып Жамиля экөө акыркы жолу жолугушкан жерге барды. Көкүрөгү ачышып ыйлагысы келди. Тиштенип араң чыдады. Дөбөгө жакындап келе жаткан эрбеңдеген караанды көрдү. Жакындап келсе Мурат экен. Кошуна эле жашашат, жанагы сөздүн баарын уккан окшобойбу.

– Бали, Алибегим, жарайсың. Атаңан коркуп барбай коёбу деп чочуладым эле,- деди ал жигитти желкесинен укуй кубанычын жашыра албай.

– Мурат байке, эмнеге мындай болду?- деди Алибек буулуга.

– Кандай?

– Сиздин жашооңузду айтам. Эмнеге мындай кылдыңыз? Эгерде сиз ичкенди таштасаңыз Арзуу жеңе карызга батпайт эле. Аны төлөйм деп Жамиля кетпейт эле. Мен минтип ата-энем...- сөзүнүн аркасын бүтүрө албады. Мурат жигиттин абалын сезди. Кайсы бир учурда өзү да сүйүү үчүн күйүп турбады беле. Күйгөнү кара жерге кирсин, минтип өмүр бою түтөп калды. Же эт болбой, же чел болбой аракеч атка конду да калды. Өмүрү жексен болгон ошол кара түндү эч бир жанга айта элек эле. Бул жигитке айткысы келди. Оозун эптеп барып кайра кайтты.

– Мен... Мен да кайсы бир убакта сен сыяктуу болгом. Бирок мен турмуштан жеңилип калдым. Аракка берилип кеттим. Менин кесепетимен жалгыз кызым жабыр тартты.

– Жалгыз кызым? Кандайча? Нурилячы?

Мурат тилин жутуп алгансып көпкө отурду. Тилинин учунда турган нерсени айта албады.

– Көңүл бурба, масмын мен.

– Мурат байке, соо экениңизди көрүп турам го.

– Сага бир кеңеш айтайын, эсиңден чыгарба. Көрүп турган нерсе деле кээде жалган болот. Ишенбе. Бир гана өзүңө-өзүң ишен. Күчтүү жигитсиң, көрүп турам...


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
azusha2017
2017-09-05 09:13:58
Жакмилиянын тагдыры эмне болот эми, Алибек экоо бириксе жакшы болот эле, тиги ач коз туркко кор болбой
+1
Aitun
2017-09-05 09:20:57
Баласын тартып алат окшойт кесепети Керем ошону деп Албек байкуштуда кыйнап. Кыскасы чалкашып кетти. Бир жума Мурат байке менен дондо турабыз эми)))
+12
Dilbaranurdinova
2017-09-05 09:52:23
Кыйналып кеттим мен дагы)
+2
aydarken
2017-09-05 11:12:29
Жамила озунунун кызы экен Нуриляны ойношунан торогонго Мураттын ойунча
+3
aytkulova
2017-09-05 11:25:05
Дагы бир жума кутмой... Чыгарманын озун кайдан тапса болот?
0
belka
2017-09-05 12:23:25
Баардык проблемам бир тең да Жамилянын тагдыры бир тең болду го... Алибектин атасы кечип койгону чатак болду да.
+2
Beks0207
2017-09-05 14:01:18
Чыгарманы таппасак керек себеби сатып алып чыгарып жатса керек супер инфо
+1
BaysalRoma2014
2017-09-05 20:09:39
Эмнеге аз жазасынар СУПЕЕЕР?! Бир бумага чейин эмне болгонун да унутуп калат экенбиз(( сураныч коптон эле жазгылачы ( 2-3 сериясын бир) биз ушунча кутуп оуган гезитибиз болгондон кийин, силер да сыйлап койсонор созубузду жерге калтырбай...
+7
BaysalRoma2014
2017-09-05 20:11:17
Бир жумага чейин дегем) кечиресиздер
+1
lilya8
2017-09-06 13:35:51
Кызыгы эми башталатго сыягы
0
originalkgz96
2017-09-09 19:38:05
Мм
0
lazygirl
2017-09-10 04:53:54
)
0
Hadija03
2017-09-11 20:18:38
Жаны саны качан чыгаат :(((
0
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан