ТАТА УЛАН САХНАДА ЖАНА ЖАШООДО

Жылдыздар турмушунан

“Супер-Инфонун” 2009-жылдагы тандоосу боюнча “Жыл жаңырыгы” наамынын ээси, бет кап жамынып ырдаган, сахнага көп чыкпаган Тата Уландын кандай адам экендиги көпчүлүккө кызык. Өзгөчө стилдүү бул жигиттин жашоодогу бет капсыз жана сахнадагы бет капчан жүзү, мүнөзү жөнүндө сахналаштары мындай дешет.

Нурдөөлөт Копоев, актёр:
“УЛАН КОРКУНУЧТУУ КӨРҮНГӨН”
– Уланды менден жакшы билген жан болбосо керек. Москвада Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып жүргөн кезим. Тандалып отуруп Кыргызстандан барган 20 улан-кыз окууга өттүк. Арасында коркунучтуу, башы таз бир жигит жүрөт. Сүрдүү бала менен таанышсак, жалаң орусча сүйлөп таштады.
Жатаканада жакын жашачубуз. Бир күнү эле түнү менен бирөө кир жууп чыкты. Эртең менен кир жайган кермени карасам, калың кийимдеринен баштап байпактарына чейин кыркалекей кылып жайып коюптур. Көрсө, Улан байкуш кир жуугандан эринип, чечкен кийимдерин шкафка сала берчү экен. Кийин 2 жыл чогуу жашадык. Анда Татасы жок эле Калыбеков болчу. Мугалимдер менен бат тил табышып кетчү. Кээде мени түн ичинде тургузуп алып жазган ырларын окуп берер эле.
Окууну бүтүп келген соң Нуркыз менен таанышып, үйлөнүштү. Нуркыз да элпек, боорукер аяшым болчу. Кийинчерээк экөөнүн оту күйүшпөй калды. Сөздүн аягында айтарым, Уландын 20 пайыз гана ырлары жарыкка чыкты, калганы катылуу. Буюрса, досум таланты менен дагы көпчүлүктү таң калтырарына ишенем.

Бегайым Абдыкадырова, ди-джей:
“ТАТА УЛАН БОЙДОК БЕЛЕ?”
– Улан байкени радиодо иштеп жүргөн кезимде эле таанычумун. Башкача айтканда, алгачкы ыры жаңыра баштаганда эле билчүмүн. Анткени биз 3-кабатта отурсак, алар 4-кабатта театрда иштешчү. Анда бет капсыз эле жүрчү. Анын ырларында терең философия, турмушту чагылдырган чыгарма, жан дүйнөнү ойготчу ыргактар, бирок ошол эле учурда түшүнүксүз саптар да кездешет. Ошондой маани-маңыздуу ырларды жараткан адамдын мүнөзү, менимче, адамдык сапаты деле жогору деп ойлойм. Анан да кыздардын көзүн күйгүзгөн бойдок болсо керек.

Эрмек Нурбаев, шоумен:
“ТАТА УЛАНДЫН БЕТ КАБЫ ЭСКИ ГО ДЕЙМ”
– Тата Улан сахнада бет капчан, жашоодо бет капсыз жүргөн жигит. Аябай таланттуу, кыргызча гана эмес, орусча да ырларды жараткандай эле так сүйлөйт. Мырза Айдаралиевдин “Стоп трафик” аттуу тасмасында мен оң каармандын, ал терс каармандын ролун жараткан. Ошондо Уландын актёрлук чеберчилигине баа бергем. Тамашаны көтөрө билген, тамашалап сүйлөй да алган шайыр жигит. Терс жагы деп бет кабынын эскилигин айтар элем (күлүп). “Тамашоуго” келгенде да театрлардан бет кап издеп убара болот экен. Менимче, бет кабы “б/у” болсо керек, тамаша. Бет кабы бир аз салмактуу, анан башкача болсо сонун болмок.

Шайыр Касымалиева, актриса:
“АКТЁР КАТАРЫ ТААНЫБАЙМ”
– Чынында, бул жигит жөнүндө эч нерсе айталбайм. Угушумча, Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайды бүтүптүр. Бирок сахнадан актёр катары роль жаратканын көзүм чалбады. Ошентсе да ырларын угуп калам, жакшы маани бар. Стили да өзгөчө. Мүмкүн, ыр менен актёрлук чеберчилигин көрсөтүп жаткандыр.

Добр, ырчы:
“АГА-ИНИ КАТАРЫ БАЙЛАНЫШТАМЫН”
– Улан байке өзүнүн ишин мыкты билген адам. Ошондой эле келечекти алдын ала билгендей эле туюла берет. Бир мисал, өтө популярдуулукка көзү жеткен үчүн бет кабын ойлоп тапкан болсо керек. Ырларында актёрлук чеберчилигин колдонгону байкалат. Ага-ини катары тыгыз байланыштамын. Андай деле аша чапкан адатын, терс мүнөзүн байкабаптырмын. Анан да Тата Уланды патриот рэпер деп билем.

Гүлнара Калдарова, ырчы:
“БЕТ КАБЫН ЧЕЧСЕ ЖАКШЫ БОЛМОК”
– Чынында,Уланды көп деле тааныбайм. Бирок теледен көрүп калам. Бир жолу сахнанын артында бир бала жүргөн. Кийин эстесем ал Улан экен. Ошондуктан Улан кээде жүзүн ачып эле ырдап чыкса болмок, себеби эл эле эмес, сахналаштары да тааныбай калат экенбиз деп ойлойм. Мен рэп стилиндеги ырларга өтө деле куштар эмесмин. Ырларын өтө сүйүп уккандардын катарында жокмун десем болот. Бирок таш жарган таланты, жаңыча стили бар жигит деп айта алам.

Назира Мамбетова, актриса:
“БУЛ ЖИГИТ ЖӨНҮНДӨ ЭЧ НЕРСЕ БИЛБЕЙМ”
Бул бала жөнүндө эч нерсе билбейм. Бир-эки жолу бет кап жамынып алып рэп айтып жатканын сыналгыдан көргөм. Бирок ырына маани бербептирмин жана кызыккан да жокмун.

P.S. Ал эми ырчы жигиттин экс-келинчеги ди-джей Нуркыз Исакова эмнегедир уулунун атасы тууралуу кеп козгогусу келбегенин билдирди.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Таллас
2010-05-10 16:50:07
А аялы туура кылат. Башка бирөө болсо жамандап кирмек го..
+1
safina
2010-05-11 12:06:23
Эээ билбейм бири акын дешет бири андай дешет, айтыш кыйын. Мен башында ойлочумун может он бедный по этому маску одевает деп. Себеп дегенде сахнага чыгып ырдап коюп анан маршрутка тушсом же ош базарга барсам элдер таанып уят кылбасын пока маска кийип чыгып таанымал болуп акча топтоун анан когда куплю себе особняк и машину тогда лицо покажу дейт ко дечумун билбейм ким билет ой ким билет
0
zzz
2010-05-11 12:54:56
“Стоп трафик” тасмасын кайдан тапсак болот, кимде бар?
0
№ 392, 7-13-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан